Нарын, жылдызы,Тамара Жумакаева, артист, Муратбек Рыскулов, музыкалуу драма театры,Куланак айылы,

60.27 КБ -

Нарын жылдызы - Тамара Жумакаева

Нарын театрынын легендарлуу артисткасы, «Кыргыз ССРинин Эл артисти» Тамара Жумакаева.  Нарын облустук Муратбек Рыскулов атындагы музыкалуу драма театрынын артисткасы Тамара Жумакаева 1942-жылы Тянь-Шань районуна караштуу Куланак айылында жарык дүйнөгө келген.


Тагдыры бала кезинен эле чоң сыноолорду башына салып, жашоонун кыйынчылыктарын тартып, көп азаптарды көрүп жүрүп чоңоет. Атасы Жумакайдан тогуз айында айрылып, энесинен беш жашка чыгып- чыкпай томолой жетим калган Тамара эже эмнени гана көргөн эмес. Энеси төрөгөн балдарынан эки кыз гана калган. Эжеси Гүлмайрам, анан Тамара Жумакаева. Кайраттууну тагдыр бекем муштайт демекчи, бала күнүнөн шок, тентек өскөн Тамараны, таэнеси багып калат. Бир аз окуп калган кезинде, таякеси «сабакты жакшы окуй албайт экен» деп, окуудан чыгарып, үй оокатка, бала бакканга, мал кайтарганга салат. Кенедей жетим кыз, ошентип бактылуу балалыкка тойбой турган кезинде, азаптуу күндөрдү башынан өткөрө баштайт.

Чоң чокоюн сүйрөп, күндү күн билбей, түндү түн билбей кой кайтарып, отун ташып, бала багып, ар кимдин колунда малайлыктын күндөрүн башынан өткөрүп жүргөндө, дагы бир алысыраак туугандарынан бирөө атка өңөрүп алып кетет. Малайлык жумушу аяктан уланып, үй оокаттан башы чыкпай, бошой калса кой кайтарып жүрүп, көрбөгөн азабы калбайт. Ыйлап таэнесине айттырат. Бирок таэнеси деле алып кете албай, аякта бир жыл жүрөт. Таманы чор болуп, жетимдиктин азабын аябай тартат. Кенедей кыздын кордук көрүп жүргөнүн уккан алысыраак таякеси Абдыкеримдин жардамы менен, балдар үйүнө кабыл алынат. Ал киши жашын кичирейтип документтерин тууралап бербегенде, ал жакка деле кирбей калмак экен.

Ошентип томолой жетим Тамара Жумакаева 1951-жылы тогуз жашында, мектеп босогосун аттап, кайрадан окууга кирет. Балдар үйүнө киргенче эжеси Гүлмайрам экөө, ошол таекесинин үйүндө жашап турушкан эле. Бактысына ошол мектептен окуп, жашоодон жаштайынан көп сабак алганын айтчу экен. Тың тарс, эч нерседен жалтанбаган кыз ал жерден жакшы окуп, берген тапшырмасын так аткарып, бат эле оозго алынат. 1953-жылы борбордон орусча окуп жүргөн кыз, Ат-Башыга балдар үйү ачылганына байланыштуу, ал жакка барып, кыргызча окуй баштайт. Шайдоот, тентек кыздын музыкага жөндөмдүү экени, ошол балдар үйүндө 4-класста окуп жүргөндө эле байкала баштайт. Муратаалы Күрөңкеев атындагы окуу жайдан искусствого шыктуу балдарды тандап алуу үчүн мугалимдер келет. Алгачкы улуттук дирижер Шейше Орозов жана хореограф Гүлбара Даниярова балдардын ичинен жети баланы тандап алышат. Алардын бирөө Тамара Жумакаева эле.

Бири музыкага шыктуу десе, бири бийге балетке ылайыктуу экенин айтып, көп талаш- тартыштан кийин, бий классына кабыл алынат. Фрунзе шаарына келип кайрадан тандоо жүргүзүшкөндө Тамара Жумакаева жана үч эркек бала калып, калганы артка жиберилет. Балет классында бир жыл окуп, чымыр денелүү кыздын бою өспөй, балетке туура келбей калып, музыкага да шыктуу болгондуктан виоленчель клаасына которулат.

Тың кыз алты жылдык программаны төрт жылда окуп бүтүрүп, шаардагы атактуулар окуган №5 мектептен окуйт. Тентектиги эркек балдардан да ашып түшүп, далай балдарды буттан чалып жыгып, сыя челек менен уруп, өзү теңдүү балдар- кыздарды далай ыйлатып, далай мугалимдерден жеме угуп, бурчка турган күндөрү көп эле болгон экен. Бирок өзүнүн артисттик жөндөмү менен баарын жууп коер эле. Декламация айтып, өздүк көркөм чыгамачылыгына активдүү катышып, өзгөчөлөнүп турган кыз келечектен көптү үмүттөндүрүп тураар эле. Бойго жетип 8-класста окуп калган кезинде деле, башка кыздардай болуп жигит жандабай, баягы эле тентектиги калбайт. М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда окуп жүргөн кезинде, атактуу Муратбек Рыскуловдун уулу Искендер Рыскуловду мүнөзү түнт унчукпай жүргөнүнө жини келип, буттан чалып, желкеге коюп далай шылдың кылган күндөрү болгон экен. Кыргыз прозасынын сап башында турган Касымаалы Баялиновдун уулу, жогорку класста окуган Марклен Баялиновду дагы көп ирет , бий учурунда жөөлөп кетип ыза кылган күндөрү болгонун көп айтаар эле. Ошол кезде ошол түнт жигит Искендерден таланттуу режиссер чыгаарын, болгондо да искусство майданында катарлш жүрөөрүн кайдан билсин. Марклен министрлик кызматка чейин жетээрин деле ойлогон эмес да.

Бой жеткенине карабай, тентектиги ашынып, бактын башына чыгып алып, бак түбүнө келген жигит-кыздарды далай таш менен уруп чочуткан күндөрү болгон экен. Ушул жерден Тамара эжени кудум «Боз торгой» китебиндеги Феридеге окшоштурдум. Кандай кылган күндө да, жетим кыздын башкага билдирбеген арманы, көргөн кордуктары жанын эзип, далай көргөзбөй ыйлап алган күндөрү көп эле болуптур. Жалгыз бир тууган эжеси таксист болуп иштеп, андан кийин чоң бортовой машина айдап, айылда чөп тартып келаткан кезде авария болуп, чөптүн үстүндө отурган төрт киши каза болуп, өзү аман калып, соттолуп кетет.

Жалгыз медер туткан эжеси түрмөгө түшүп калып, көрүнгөндүн оокатын кылып, кечкисин пол жууп тапкан акчасына тамак-аш, кийим- кече алып эжесине ташып жүрүп, окуу жайды бүтпөй калган тура.
Андан соң, Нарын театрына келип, Жумамүдүн Шералиевге жолугуп ошол жерден, бүтүндөй өмүрүнө өбөлгө болгон иши башталат. Театрга кирип калышына журналист, алысыраак таякеси Эшкулов Абдыкеримдин салымы зор болгон. Үй-жайы жок, ошол таякесинин үйүнө келип жашап калган кезде, Тамаранын балдарга оюн- зоок көрсөтүп жаткан кезин көрүп калып, Жумамүдүн Шералиевге кайрылып, Тамара жээнин байкап көрүүсүн суранган экен да. Ошол кездеги театрдын режиссеру Медербек Назаралиев Тамара эжебизди көрүп, комиссиянын чечими менен баалап ишке алыш керек экенин айтат.

Тамара Жумакаеваны кайра-кайра ырдатып, бийлетип туруп ишке кабыл алышат. Ошол өмүрүнө бурулуш алып келген 1960-жылдын жаз айларында Нарын театрына артистка болуп кабыл алынат. Театрдын босогосун аттаганда эле, кара калпак драматургу С.Кожониязовдун «Сүйбөгөнгө сүйкөнбө» комедиясында Сейдимкандын ролун алып чыгышы, театрдын режиссерунан баштап, катардагы артисттерге чейин жагып, келечектен көптү үмүттөндүргөн театрга келип кирген артистканын жөндөмүнө таң калтырууну жаратат.

 Себеби, өзүнө берилген ролдогу тексти гана эмес, бүтүндөй пьесанын текстин бир түндө жаттап чыккан. Турмуштан алган сабактары, ишке болгон жоопкерчилигине, таза тыкан болушуна себеп болгон эле. Бара -бара биринин артынан бир ролдорду жаратып, созолонто ырдап өзгөчөлөнгөн добушу менен көрөрмандарды арбап жүрүп отурат. К.Маликовдун «Алмаш» драмасында Күкүянын ролун, Н.Жүндүбаеванын «Гүлнар» пьесасында парторгдун, Ж.Сыдыковдун «Эми эмне болот» спектаклинде Үлпөттүн, Ж.Абдыкадыровдун «Толкунунда» Толкундун, Б.Жакиевдин «Миң кыялында» Томаяк баланын, Т.Абдымомуновдун «Атабектин кызы» спектаклинде Жыпаргүлдүн образдарын умуштуудай чеберчилик менен ачып берген.

Ошол спектаклдин аягында Жыпаргүлдүн ыйлаган жери бар. Ушул жерден намыскөй кыргыз аялынын Садыркулдай кир,таш боор адамдан жан дүйнөсүн тазалагысы келип ыйлаганын көрүп , спектаклдин аягында автор Т.Абдымомунов: «Мен бүгүнкү спектаклден чыныгы ырахатты ала алдым. Чыныгы спектакль көрдүм» деген экен. Тамара Жумакаеванын башынан өткөргөн жетимчилиги, аны турмушка оптимисттик көз караш менен кароого, өз жашоосуна тың болууга, бүйрө болууга, ак-караны ажырата билүүгө боло турган турмуштук сабактарга үйрөткөнү көрүнүп турат. К.Жантөшевдин «Шайтан кызында» Айнагүлдүн, В.Вишневскийдин «Оптимисттик трагедиясында»-Комиссардын, С.Шимеевдин «өмүр жөнүндө баянында» -Айдандын, Б.Өмүралиевдин «Жаңырыгында»- Дарыйканын, Н.Анкиловдун «Жоокердин жесиринде»-Полинанын, Фигереонун «Эзоп» спектаклинде-Клеянын, Эдуардо де Филиппонун «Никелешкенден кийининде»- Филуменанын, Ч.Айтматовдун «Кыяматында»- Акбаранын образдарын жогорку чеберчиликте ачып берген. Мен ошол Акбаранын ролун аткарганда ыйлап отуруп көргөм. Жана башка көптөгөн ролдорду жараткан. Жумамүдүн Шералиевдин, Зайнидин Иманалиевдин, Күмөндөр Абыловдун, Калыйбек Тагаевдин , Султан Мамбетбаевдин, Эсенбек Маааданбековдун жана башка көптөгөн обончулардын ырларын ийине жеткире аткарып, бүгүнкү күндө ырлары кыргыз маданиятынын алтын казынасында сакталып, ырдалып өчпөй келе жатат.

Жашоосунда өтө шайыр, адамгерчилиги мыкты, жашоонун оош-кыйышын түшүнө билген инсан болгон. Жеке жашоосуна кайрылсак, Нарын театрында иштеп жүргөн кезинде, жолдошу Тобокел менен баш кошуп, 1979-жылга чейин чогуу түтүн булатып, андан соң экөө эки айрылыш жолго түшкөн. Жашоосунда экөөнүн ортосунда 5 перзент болгон. Бир кыз, төрт эркек. Кызы Айнураны жанындай жакшы көрүп жүрүп чоңойткон экен. Ал кыз бүгүнкү күндө көлдүк жигитке баш кошуп жашап жатат. Уулу Эмилбек кырсыктан улам 21 жашында каза болгон. Балдардын улуусу Зарылбек Ленинграддагы театралдык институттан окуп бүтүрүп келип, тилекке каршы маданият тармагында эмес башка кесипти аркалап кеткен. Уулу Алмаз Фрунзедеги көркөм окуу жайынан окуп бүткөн. Скульптор.

Апасынын бейнесин чагылдырып, шаардык паркка эстелигин койгон. Кийинчерээк жагдайга байланыштуу театрдын багынын ичине которгон. Кичүү уулу Илич азыр чет өлкөдө иштеп жүрөт. Жолдошу менен ажырашкандан кийин бир эркек бир кыз энесинде калып, үч уул атасында чоңойгон. Бирок балдарынын айтуусунда, атасы өтө баласаак камкор ата болгон. Балдарынын окуусуна жардам берип, үйлөнтүп, там сатып берген.

Эже үйдө укмуш саймаларды сайып, кол өнөрчүлүк кылып жүргөнүн баарыбыз эле билебиз. Келин-уулу менен сүйлөшүп отуруп, Тамара эженин балдарын көтөрүп гастролдоп жүргөндө, булгаган жалаяк шымдарын белине ороп кургаткан күндөрүн угуп, көзүмө жаш келди. Негизи эле балдар сеники, меники дешпей, ата-энесинин ортосунда эле чоңойгон экен. Ар бирибизден бирден бала менчиктеп багып, чоңойткон дешет балдары. Албетте чыгармачыл адам менен башка кесиптин адамы бирге жашоосу чанда эле болот. Эгерде атактуу кош жылдыздар Сейитказы Андабеков менен Койсун Карасартовадай болсо, чогуу иштеп жүрүүгө болмок. Негизи эле чыгармачыл адам менен аскер кызматчысын окшоштура берем. Бирөө маданият талаасындагы, бирөө согуш талаасындагы жоокер сыяктуу… кийин Тамара эже 2001-жылы каза болгондо, кийинки жубайы Зеби эже менен Тобокел байке экөө баш-көз болуп, сөөктү койгондо колдон-буттан алып колдоп турганын көргөнбүз. Демек ортодогу сый сакталуу бойдон калган тура.

Тамара Жумакаева тирүү болгондо быйыл 80 жашка толмок экен. Эженин аты Куланак айылындагы клубга берилген. Анын азыркы абалы өтө начар. Эгерде жакшы болгондо, уулу Алмаздын айтуусунда, ошол жерге апасынын эстелигин өз колу менен коймок экен.

1974-жылы эжебизге «Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген наамы ыйгарылса», туура он жылдан кийин, «кыргыз ССРинин Эл артисти наамы ыйгарылган». Эки наамын тең башкаларга салыштырмалуу эрте алган . бирин отуз эки жашында алса, бирин кырк эки жашында алган мындан эмнени көрүүгө болот Демек эже ошого татыган. Артында түртмөлөгөн белдүү жакындары жок эле, карандай өз иши менен, өзүнөн өзүн жасап алган тура. Турмуштун оош-кыйышы, түйшүгү деле өз таасирин тийгизсе керек. Ден соолугуна байланыштуу, өмүрдөн 2001-жылы март айында 59 жаш курагында өтүп кетти. Тамара Жумакаеванын жаркын элесине арналган «Актриса» спектакли Кайрат Иманалиевдин калемине таандык, театрда бир нече жолу коюлду.

Тамара Жумакаева Нарын театры, Нарын эли эле эмес, бүтүндөй кыргыз элинин сыймыгы. Өнөрлүү адам өлбөйт тура. Элеси элдин жүрөгүндө сактала бермекчи. Эженин арбагы ыраазы болуп, бейиштин гүл багында жүрсүн, деп тилек кылам. Адамдын ким экенин жанында жүрүп байкабайт экенбиз. Атактуулар менен кошо жанаша жүрүп жараткан Жумакаеванын эмгеги, артында иштеп келе жаткан жаштарга кесиптештерине үлгү болоорунан шегим жок. Дарак бир жерден көктөп өсөт тура. Өмүрүнүн акырына чейин бир чыйыр менен келген эжебиз, дагы деле жашап турса, көп ийгиликтерди жаратмак эле да… Эже сиз жөнүндө кененирээк жазып сиздин өмүр жолуңузду кенен чагылдырууга болот. Азырынча кыскача элдин эсине салып коелу дедик. Ырыңызды угуп, өзүзүңүздү билбеген жаштар болушу мүмкүн. Эми кийинки посттордо эженин аткаруусундагы ырлардан жиберип турууну туура көрдүк.

Нарын облустук Муратбек Рыскулов атындагы академиялык- музыкалуу драма театрынын жамааты өзүңүз менен сыймыктануу менен кеп куруудан тажабайт. Себеби, сиз ага татыктуу болчусуз.

(Фактылар балдарынан сурамжылоонун жана "Эл кызы- Нарын жылдызы" китебинен алынды. )

Макаланын автору: Гүлбүбү Байбугуева


Макаланы жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!




Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.