21-март, "Нооруз", цитата, майрамын, куттуктоо, ырлар,  Аластоо, Нооруздагы каалоо, Нооруз, Нооруз майрамы, Алас алас, ар балээден калас, Бар бол Нооруз, Ноорузга бата, Нооруз ыры, Жаңы жыл

70.99 КБ -

Нооруз майрамы куттуктоо ырлар

АЛАСТОО

Алас-алас-алас ар балээден калас,

Эски жыл кетти жаны жыл келди.

Айдан аман бололу, жылдан эсен бололу,

Алас-алас-алас ар балээден калас,

Түндөн түгөл бололу,

Алас-алас-алас ар балээден калас

Жер жарылып көк чыксын,

Желин айрылып сүт чыксын.

 

Таш айрылып чөп чыксын

Алас-алас-алас, ар балээден калас,

Өрүшүбүз малга толсун,

Кырманыбыз данга толсун,

Дасторконубуз нанга толсун

Алас-алас-алас, ар балээден калас,

Чарбагыбыз бакка толсун,

Чарабыз акка толсун.

 

Алас-алас-алас, ар балээден калас,

Ала-тоону айланып,

Алас айтып мен келдим.

Теңир тоону айланып,

Тилек айтып мен келдим.

 

Нооруз келди, жаз келди.

Эгинибиз мол болсун

Малыбызда төл болсун.

Алас-алас ар балээден калас.

 

НООРУЗДАГЫ КААЛОО

Бата бергин бабалардын колунан,

Айта көргүн аталардын жолунан.

Карегимди кагылайын калкымды,

Сактай көргүн жамандыктын торунан.

 

Ар бир үйдүн коломтосун өчүрбө,

Бийиктентип, чамгарагын түшүрбө.

Калын журттун бөксөрбөсүн табагы,

Күлкү бергин, шаттык бергин жүзүнө.

 

Жаштарга бер, ар-намыстуу өсүүчү,

Урпакка бер, артыбыздан келүүчү.

Карыларга кайрат, кубат, дөөлөт бер,

Акылмандын насаатарын берүүчү.

                        Гүлсайра Момунова.

 

НООРУЗ

Сөзү:  А.Дөөлөтказиева

Обону: К.Жусупов

 

Табичтка жан берген,

Жергебизге дем берген.

Ата-бабам урматтап,

Жаз майрамы деп келген.

 

Нооруз майрам келиниз,

Сизге белен төрүбүз.

Күлкү менен шат менен,

Күтүп жатат элибиз.

 

Ала-Тоону аралап,

Куш келипсиз Нооруз!

Элибизге ден соолук,

Кут берипсиз Нооруз!

 

Табиятка жан берген,

Жергебизге дем берген.

Ата-бабам урматтап,

Нооруз майрам деп келген.

 

НООРУЗ

Агарып азаттыктын ар бир таны,

Ак калпак Ала-Тоонун бийик шаны.

Күлкүнү, кубанычты тартуулаган,

Күн жаны, кылым жаны, жыл да жаны.

 

Жакшылап жаадырып көктөн,

Жыл болгун ырыскы төккөн.

Жылмайган жылуулук чачып,

Жанырсын көнүлдө көктөм.

 

Бакубат ынтымактын жылы болсун,

Батмаңдап кызыл данга кырман толсун.

Бул жылы ак чачылап ар бир үйдө,

Бак-таалай жакшылыктын куту консун.

 

Кел Нооруз жаркырап келгин,

Кыргызга ынтымак бергин.

Үй-бүлө татышсын бирге,

Үзүрүн агызган тердин.

 

Көбөйсүн эмгекчи элдин катарлары,

Көбөйсүн байлыгы мол базарлары.

Калкына тынчтык-бакыт тилек кылып,

Кайнасын сүмөлөгү казандагы.

                        Аскарбек Маатказиев.

 

НООРУЗ МАЙРАМЫ

Нооруз майрам өзүнчө бир керемет,

Мына бүгүн кун менен түн тенелет.

Таттуу уйкунун кучагынан ойгонуп,

Жер энебиз бир калыпта термелет.

 

Баба дыйкан шаймандарын белендеп,

Кошко чыкты кара жерди тилем деп.

Үрөөн себет, бир аллага жалынып,

Урпактарга кенен токоч берсе деп.

 

Карангыны жарга такап жарыктык,

Мына бүгүн күн абада талыкшып.

Кас душмандар  достошууга кез келди,

Көрө албастык, жек көрүүнү багынтып.

                                (О.Намазбеков)

 

АЛАС, АЛАС, АЛАС, АР БАЛЭЭДЕН КАЛАС!

Жыл тогошуп жерге, сууга, чөптөргө,

Жымындаша каректерге чөккөндө.

Жылдыз конгон Ала-Тоонун койнуна,

Санжыргалуу Нооруз келди көктөмдө.

 

Ынтымак орноп ар үйгө,

Ак тандай болсун пейлибиз.

Ак тилектер айтылып,

Арзанчылык мол болсун.

 

Таңшы кыргыз кыягы,

Эргисин кыргыз кыялы.

Жаны жыл жалга!

Баба дыйкан колдо!

Орообуз данга толсун!

 

НООРУЗУМ
Cөзү: Э. Эрматов, обону: А. Карыбаев


Байчечекей гүлдөп көз жоосун алып кулпурат
Тап-тарап бүрдөп төгүлөт, алтын күн чубак
Жергеме келди жаны жыл, Нооруз майрамы
Көк теңир колдоп, аластап, шаңдуу ыр чыгаар

Кайырма
Ноорузум, жер жарылып көк болсун
Ноорузум ай, желин ийип сүт толсун
Ноорузум, нооруз майрам, жаз майрам
Ээй-ээй, ар бир үйгө кут консун

Кош жыдып жаңы талаага үрөн себилет
Жылдыздар бийлеп бүгүнкү майрам бир бөлөп
Үй үмүттөр көздөн дүркүрөп өссүн бул жайда
Алоолоп жалын кайнасын ширин сүмөлөк

Жазга кошо Нооруз келди жергеме,
Жаңы жашоо, тынчтык берет демдене.
Жер үстүндө жаратылыш жанданып,
Шаңдуу ырды созолонтот элиме.

 

БАР БОЛ - НООРУЗ!
Нур чачып көктөм демине,
Улуу күн келди жериме.
Жаңырган жаңы жыл менен,
Кут консун кыргыз элиме!

Кайырма:
Нооруз, Жаңы күндүн майрамы,
Кут өмүрдүн ак таңы.
Нооруз, Жан дүйнөмө жаз келген,
Жер эненин кутманы Нооруз!

Касташкан достор табышсын,
Ак тилек толкун ачылсын.
Айкөлдүк орноп ар үйдө,
Ата Журт шаңы жаңырсын.

Биримдик болсун элимде,
Ынтымак орноп жеримде.
Таалайдын жолун куралы,
Таянып күндүн демине.
                 (С. Алтымышов)

 

НООРУЗ
Өмүр тилеп балдарга,
Ден соолук тилеп чалдарга,
Өсүүнү тилеп көк тиреп,
Карагай, кайың, талдарга,
Келди нооруз майрамы,
Көрүнүшү жайдары.

Көрүнүп шаңдуу кап-кайдан,
Ала-Тоодой чалкайган,
Ысык-Көлдөй жайкалган
Келди каалап, жаз майрам
Көл бөксөрбөй, толушун,
Элде тынчтык болушун.

Сайрандап эркин бой керип,
Сүмөлөк жасап, той берип,
Келди майрам нур жүздүү!
О, жаш досум, бол шерик!
Достуктун ырын ырдайлы,
Болбосун элде муң-кайгы.
                   (Темиркул Үмөталиев)

 

НООРУЗГА БАТА
Ооо, калайык, калың журт!
Жамгыр менен жер көгөрөт,
Бата менен эл көгөрөт.
Оомийин...

Кел Ноорузум,
Бейпилдиктин жылы бол.
Ырыскы бак байласын,
Ынтымактын ыры бол.

Калайык-калк аман болсун,
Капасы жок заман болсун.
Жергебизге береке толсун,
Жаңы жылда бакыт консун.

Баш багып ар бир үйгө,
Бак-таалай толуп калсын.
Кел Ноорузум,
Жан дүйнөбүз аруулансын,
Жалпы дүйнө жаңылансын.

Көпчүлүктүн ак тилегин,
Көкө теңир кабыл алсын.
Көлдөй ырыс туш болсун,
Алакандай кыргызга,
Ала-Тоодой кут консун.
Оомийин.

 

КЕЛ НООРУЗ
Сөзү жана обону: А. Тоотаев
Жашартып сезимди аруулап,
Жандатып жер бетин жанылап (2 жолу)

Кайырма
Жараткан элиме бар берип,
Жайнады ааламга жаз келип.
Жадырап жан дүйнө тазарсын
Жаз менен жарашып термелип
Кел Нооруз, кел Нооруз, кел Нооруз
Ырдайлы шаң кошуп бир добуш.

Казанда сүмөлөк кайнасын
Кут келип дасторкон жайнасын (2 жолу)

 

НООРУЗ ЫРЫ
Айлана бүт жашыл көйнөк кийинип,
Бак-дарактар салам берип, ийилип.
Келди бүгүн нооруз майрам жергеме,
Кутман элим камылгалуу күтүнүп.

Кайырма:
Ээй, кел көжөнү кайнаталы,
Дасторконду жайнатылы.
Нооруз күндү тосуп утурлап,
Нооруз ырын бүгүн биз ырдап.
Оой, ыр жаңырсын шаңдап элди,
Ырыс алып Нооруз келди.
Бул майрам улуу туубуздун,
Бир белгиси биздин улуттун.

Бүгүн элим өзгөчө бир жайдары,
Жымыңдайт асмандагы ай дагы.
Нурун чачып келген бизге бул Нооруз,
Кыргыз элдин сүйүп күткөн майрамы.

Ушул жылы ден-соолук бер элиме,
Ушул жылы кетсин бакыт жерине.
Өлкөм өсүп уяласын токчулук,
Ырахаттуу жашоо берсин деги де.
(Аткаруучу: Фарида Култаева)

 

ЖАҢЫ ЖЫЛ – НООРУЗ

Жаңы жылым кут болсун,
жерден чыккан көктөмдөй,
Таң зарда энеси,
наристесин өпкөндөй.
Торгой сайрап, куш жайнап,
жер шары бүт көгөрсүн.
Жылуу сезим ак дилден,
Жүздөн сүйүп кеткендей.

Кайырма:
Жаңы жыл - Нооруз
Жаңы жыл - болсун
Жакшылык, бакыт
Кыргыз элге кут консун.

Ырыскылуу элден бол
Эртеңкисин ойлонгон
Дасторконун жайнатып
Каймак-майын бүт койгон
Бата берсин аталар
Ак сакалын жайкалтып
А байкелер, жезделер
Жакшылыкка мал сойгон

Эне болсун балпайган
Үй кутуна нур чачкан
Жарык жүздүү, жайдары
Жеңелери чай сунган
Санжыралуу эл журтум
Бекере-кут бек болсун
Өспүрүмдөр жайдары
Алга умтулуп талпынган

 

Нооруз айы — жаны жылдын келиши,
А, жаз айы — табигаттын Периси.
Куттуу болсун Нооруз майрам жалпыңа,
Тилегеним — тынчтык болсун Эл ичи.
                                                    (Асыл)

Нооруз келди, тынчтык менен ыр менен,
Жетелешип жазгы жумшак жел менен.
Ырыскыны алып келип элиме,
Кут төгүлүп, агып турат жергеме.

Нооруз келди нурга бөлөм жаз айын,
Биз күтөбүз ушул күндү жыл сайын.
Таттуу уйкудан жаратылышы ойгонуп,
Бүт айлана жанданууда күн сайын.

                      ***

Жазда көктөм, жазда шибер жайкалат,
Жазда жашоо, кайра баштан башталат.
Жер энебиз кере-кере дем алып,
Айлана бүт сан гүлдөргө капталат.

Жел менен ойноп, жазда келди жаркылдаган,
Жергеме кирип келди Нооруз майрам.
Айлана кубанычка, шаңга толуп,
Жаз менен кошо келди күлкү сайран.

 

Келди Нооруз, келди мына жаз майрам
Береке жаап, кут төгүлүп асмандан
Кыргызымдын кыйыры узун, тарыхы
Сүмөлөктүн бал даамынан башталган.

Нооруз келди жаз келди,
Жаз периште саз келди.
Күнөскө тосуп желкесин,
Күн тийгенге жан кирди.

Арча менен аластап,
Аруулап жерди алалы.
От менен баарын тазалап,
Кызыкты анан салалы.
Умайдай болгон энелер
Тазалап баарын таштасын
Майрамдык ушул кечени
Элибиз анан баштасын.

Ала-тоону аралап,
Кош келипсин Нооруз.
Кыргызымдын жерине,
Туш келипсиң Нооруз.

Ыйык тамак сүмөлөктү кайнатып,
Дасторконун дүйүм ашка жайнатып.
Кыргыз эли Нооруз тосуп шанданып,
Тынчтык тилейт бардыгына жанданып.

Ыр менен артып көркөмү,
Кут болсун элдин көктөмү.
Бийиктерге терметип,
Умай эне мээрим төгүп балага.
Бешингинде кыргыздын
Эчен муундар эр жетип
Арча менен аласташып, аруулап,
Ак бешикке анан бала салынат.
Элди баккан эр азамат болсун деп
Көк тенирге, эр Манаска жалынат.

Бешигин кептүү болсун
Ата-энең эптүү болсун
Тууганын айыл болсун
Тууган-туушкан канат болсун
Тукумуң жүзгө жетсин
Малың миңге жетсин
Кесепеттүүнүн көзүнөн сакта
Кээрдүүнүн сөзүнөн сактасын
Баарыбызга өбөк бол
Ата-энеңе жөлөк бол
Өмүрүң узун болсун
Оомийин!

                        Даярдаган:    А.Акматова


Макаланы жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!