орозо, рамазан, рамадан, календарь, убактысы, бекитүү, ачуу, дубасы, 2024, Бишкек, Нарын, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Балыкчы, Талас

57.12 КБ -

Орозо (Рамазан) - Календары 2024 | Бишкек, Нарын, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Балыкчы, Талас

Орозо тутуу ислам дининин беш негизги парзынын бири болуп саналат. Бул айда мусулмандар күн чыккандан күн батканга чейин оозуна наар албайт, суу да ичпейт, жаман иштерден алыс болуп, жакшылыктарды тилек кылып намаздарды калтырбай окуйт.

Быйыл 2024-жылы Ыйык Рамазандын башталышы 11-марттка туура келет. Ал эми Таравих намазы 10-марттан баштап мечиттерде окулуп башталат.  Ыйык айда Орозо (Рамазан) кармагандардын календары: Бишкек, Токмок, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Талас, Балыкчы, шаарларында Таравих жана Намаз окуу убактысы, ошондой эле дубалардын тексттерин биздин сайттан таба аласыз.

Орозонун узактыгы ай календарына жараша болот: Ыйык Орозо 29 же 30 күнгө созулушу мүмкүн, ал эми башталган жана аяктаган күндөр өзгөрүшү мүмкүн (бир күнгө).

Андан сырткары, ооз бекитүү көрсөтүлгөн убакытка чейин жана ооз ачуу андан кийин аткарылуусу зарыл.

ООЗ БЕКИТҮҮ ДУБАСЫ:

Навайту ан асуума савма шахри рамазаана минал фажри илал магриби, халисан лиллаахи таъаала.

МААНИСИ:

Алла Тааланын ыразычылыгы үчүн таң аткандан күн батканга чейин Рамазан айынын орозосун кармоого ниет кылдым

ООЗ АЧУУ ДУБАСЫ:

Аллоохумма лака сумту, ва бика ааманту, ва ъалайка таваккалту, ва ъалаа рызкика афтарту, факфирлии маа коддамту ва маа аххарту

МААНИСИ:

Алла таалам, Өзүңө чындап ишендим, Өзүңө таяндым, Өзүң берген ырыскы менен ооз ачуудамын. Баштан аяк кетирген ката, күнөөлөрүмдү кечир

 

Колдонулган шилтемелер:

https://kabar.kg/news/ramazan-2024-raspisanie-vremia-vozderzhaniia-i-razgoveniia-po-gorodam-kyrgyzstana/

https://sputnik.kg/20220328/orozo-2022-ooz-bekit-imsak-zhana-ooz-achuu-iftar-ubaktylary-1063197931.html


Макаланы жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!