Орус элинин тамсилчиси Иван Андреевич Крылов 255 жыл

Орус элинин улуу тамсилчиси  Иван Андреевич Крылов 1769- жылы 13- февралда  Москва шаарында,  офицердин үй - бүлөсүндө туулган.

  Атасы  Андрей  Прохорович  Крылов  өмүр бою армия кызматында жүргөн,  солдаттан  капитан наамга чейин  жеткен офицер болгон. Отставкага  чыккандан кийин  үй - бүлөсү менен Тверь  шаарына  көчүп барып, шаар башкаруу мекемесинде  иштеп  жүрүп,  1979- жылы  каза болгон.

Анын артында  бир сандык китеп калган,  мындан башка  мурас калтыраар мүлкү да болгон эмес. Ивандын энеси  Мария Алексеевна  кат сабатсыз  карапайым аял -  эки баласы менен жесир калаары менен  жокчулуктун азабын тарта  баштаган жана  балдарына билим  бере алган эмес. Бирок  балдар  китеп окуганды жакшы  көрүшчү.

Үй - бүлөдө, китеп менен  толукталган сандык абдан  баалуу  болчу.1783 -жылы  Мария Алексеевна балдары менен Тверден  Санкт - Петербургга  көчүп келишкен. Иван Крылов  табиятынан акылы  зирек, сезими курч,  китепке  жакын бала, итальян жана  француз тилдерин  өз алдынча үйрөнөт. 

Ал орус адабиятын мыкты билчү. Математикага  кызыгып,  музыканы  өтө сүйчү.  Болочок фабулист  билим албаса да  15 жашында ал «Кофейница» аттуу  күлкүлүү комедия жазган. Ушул эң алгачкы  чыгармасында эле,  крепостук Россиянын ошондогу азап тозогун, зордук зомбулукту, алдым жуттумду  сүрөттөп  көрсөткөн. Бирок «Кофейница» пьесасы эч жерде жарыяланбай,  эч жерде ойнолбой калган. И.А Крылов  мындан  башка да көптөгөн комедияларды жазган 1789 - жылы  «Рухтардын почтасы» деген сатиралык журнал чыгара баштаган. Журналда  Крыловдун кара  сөз түрүндө, сатиралык повесть, же  роман  формасында жазган «Рухтардын почтасы»  аттуу  чыгармасы  январдан август айына чейин жарыяланган. Анда  дворяндык  коомду сатира аркылуу  элге шылдыңдап көргөзөт. Ал журнал токтоп калгандан кийин, Крылов  башка журнал чыгарууну эңсеп өзүнүн  санаалаш достору  - артист жанга  жаш адабиятчылар менен сүйлөшүп,  өз каражаттары менен  басмакана ачышат.

1792 -жылы  Крылов  ал басмаканадан «Зритель» аттуу  дагы бир журналды  чыгара  баштаган. Анда ал өзүнүн «Каиб» аттуу  повестин жарыялаган. «Чыгыш повести»  катары  жазылган бул чыгарма  Екатерина IIнин  өкмөтүнө каршы  багыталган курч  сатира эле.  Ошол эле  жылы  май айында Крыловдун  журналы  чыгып жаткан  басмаканада  тинтүү жиргүзүлүп, Крылов менен анын  жакын  жолдошу Клушин экөө полициянын  көзөмөлүндө калган.

 Ошентип, “Зритель” да  жыбылган.  Крылов менен Клушин  1793 - жылы  “Санкт -Петербургский  Меркурий” аттуу журналды чыгарууга өтүшкөн.  Көп узабай  бул журналда жабылган. 1804 - жылы  Крылов Москвага  келип, “Московский зритель” деген журналга      “Дуб менен  камыш”, “Эр тандаган колукту,” “Чал жана  үч улан” аттуу  тамсилдерди жарыялаган.  Бул чыгармалар  коомчулук  тарбынан  өтө чоң ийгилик менен  кабыл алынган. Мына ушундан  баштап, тамсил Крыловдун чыгармаларындагы  башкы  негизги жанр болуп калган. Бирок  драма чыгармаларын  жазууну да  токтоткон эмес. 1806 - жылы ал Петербургга биротоло  көчүп барып, “Модная  лавка”, “Урок дочкам” деген  жаңы  комедияларын  сахнага  койдурган. Бул пьесада Крылов  дворяндардын  түркөйлүгүн, ач көздүгүн, кытмырлыгын, куу чирендигин таамай, жан күйгүзө турган образдар аркылуу  көз алдыга  тарткан.

1812- жылы И.А Крылов Санкт - Петербургдагы  Императордук  калк  китепканасынын  орус бөлүмүндө китепканачыга  жардамчы болуп иштей  баштаган. Бул кызматта 29 жылдан ашык,  1841- жылы  отставкага  чыкканга  чейин иштеген.  Адегенде 4-5  гана китепби  бар орус бөлүмүн  керекетүү китептер менен толуктоодо  Крыловдун эмгеги чоң.

1809 - жылы  Крыловдун тамсилдеринин эң алгачкы китеби жарыяланган. Кийин  улуу  тасмилчи, И.А. Крылов эки -үч  жылда  бир тамсил  жыйнактарын  басмадан чыгарып  турган. И.А. Крылов 236 жыйнакты  түзгөн тогуз тамсил  китептердин автору. Өзүнүн  патриоттук духу, демократиялык идеалары, адилеттикке,  эркин жашоого  умтулуусу менен Крылов ар дайым калың орус элине  мүдөөлөш, санаалаш , талапташ болгон. Бирок, ал  тамсилдеринде  өз мезгилинин  эң башкы, курч проблемаларын чыныгы элдик  көз каршатан  чагылдырган.  Ошонусу менен  ал орус  окурмандарынын урматына   арзып, “Дедушка Крылов” деген сүймөнчүлүк атка ээ болгон.

И.А Крылов 1844- жылы   21- ноябрда 75 жашында дүйнөдөн кайткан. Крылов өзүнүн 75 жылдык өмүрүнүн 60 жылчасын  адабиятка  арнаган. Крыловдун өмүрү да  орустун алдыңкы жазуучулары сыяктуу эле турмуштун оордугун,падышанын жана анын төрөлөрүнүн кысымына каршы күрөш менен, эл үчүн эмгек кылуу менен аяктайт.

И.А.Крылов биринчи кезекте өзүнүн тамсилдери менен данкы чыккан.Дүйнөлүк адабиятта Крылов улуу тамсилчи катары белгилүү.Крыловдун тамсилдери  дүйнө элдеринин көп тилдеринде которулган. Крылов башка тамсилчилерден айырмаланып тамсилдин чыныгы элдик, демократиялык күчүн бийик деңгээлге көтөрүп чыккан, аны курч сатиралык куралга айланткан,орус тамсилинин накта үлгүсүн жараткан. Крыловдун мыкты тамсилдеринде албетте,аюлар, түлкүлөр катышып тургансыйт, бирок чын чынына келгенде  сөз алар жөнүндө болуп жаткан жок,  сөз адамдар болгондо да  орус адамдар жөнүндө болуп жатат.  Крыловдун арстандары, карышкырлары, түлкүлөрү- эзүүчү таптын эң типтүү өкүлдөрү, алардын кылык жоругуна дворяндардын,  чиновниктердин, помеңиктердин,  орус падышасынын өзүнүн, алардын кошоматчы ат кошуучуларынын,  жазоолдорунун зулумдугу, адилетсиздиги, ач көздүгү  жазбай баамдалат.

Крыловдун көп тамсилдери  турмуштун драмалык сахналары десе болот.  Ата- Журтка  кызмат кылууну улуу тамсилчи эң башкы граждандык милдет деп эсептеген  “Аары менен чымындар”деген тамсилинде ал ар кай жерде курсагы тойсо ошол жерде дырылдап ырдап жүрө берген ар-намысы жок чымындар менен эмгекчил, мекендеген турагына күндөп-түндөп тынбай кызмат кылган, ошол мээнетинин үзүрүн көрүп, бакыбат жашаган аарыны салыштырат.

Тамсилде автор кимдер жөнүндө сөз кылып жатканын оңой эле байкайбыз.Анын тамсилдеринде ач көз карышкырлар, жоош момун койлор, табага  түшкөн балыктар, амалкөй куу түлкүлөр, көпкөн макоо каздар, айбаттуу арыстандар жана башкалар менен сүрөттөлөт.Тамсилчи жатып ичер бекерпоздорду,коркокторду, куу чирендерди, мактанчаактарды, кайрымсыздарды мыскылдаган.Крыловдун тамсилдеринен алынган көптөгөн сөз айкалыштары учкул сөздөргө айланып, өз алдынча калыптанып келет.

   Крыловдун кыргызча котормосу өзүнчө китеп болуп 1938-жылы Казань шаарынан  басылып чыккан. Ага А.Осмонов которгон 22 тамсил кирген. Кыргыз элинин көрүнүктүү акын- жазуучулары А.Осмоновдун, А.Токомбаевдин, К.Баялиновдун, Р.Шүкүрбековдун жана А.Токтогуловдун да баалуу салымдары бар. Мисалга, Р.Шүкүрбековдун “Карылыгы жеткен арыстан”,А.Токомбаевдин Бака менен Бука”деген жана башка көптөгөн тамсилдерди алсак болот.Р.Шүкүрбеков орус тамсилинин чоң атасы И. А. Крыловдун 118 тамсилин которуп,сыйлыкка татыктуу болгон. Крылов деген улуу классик,улуу тамсилчинин чыгармалары-дүйнөлүк адабияттагы эң баалуу мурастардын бири.


Макаланы жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!




Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.