Табылды Актанов - өмүр жолу (автобиография)
Композитор, манасчы, төкмө акын, ырчы, күүчү, жазуучу-драматург, театр жана кино актёру, "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти», «Кыргыз Республикасынын эл артисти» М.Рыскулов атындагы эл аралык сыйлыктын жана III даражадагы "Манас" орденинин ээси, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти, эл кадырлаган инсан Табылды Актанов тууралуу айта берсек узун жомок. Кыргыз элинин улуу манасчысы Тыныбек Жапый уулунун небереси, ак таңдай акын Актан Тыныбековдун уулу.
Табылды Актан уулу Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Өрнөк айылында 1949-жылы 12-мартта жарык дүйнөгө келген. Заманыбыздын залкары Табылды Актанов өзү жөнүндө жана: ата-теги тууралуу мындайча эскерет.
Негизи бала кыялымда улуу композитор болом деп жүрчүмүн. Адегенде М.Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрына музыкант, актёр болуп кирдим. Мен музыкалык билим алган жокмун үй-бүлөлүк шартка, апамды таштап кантип кетип калам деп намыстандым. Ошого карабай апам өнөргө өзү түрттү. Колхоз окууга жиберип, бир жыл чабан-механизатордун окуусун, бир жыл клуб башчысынын окуусун аяктадым, өз курбуларым мектепте окуп жаткан кезде жогорудагы эки окууну бүтүрдүм. Кудай берген талант адам кайсы гана жакта болбосун ташты жарып чыккан булак сымал чыга берет экен. 14 жашымда бүткүл союздук фестивалдын лауреаты болуп, алтын медаль тагындым. Ошондон тартып өнөр жолуна биротоло сүңгүп кирип кеттим. “17 жашымда биринчи обонум, 21 жашымда биринчи пьесамды жаздым” “Менин чыгармачылыгым капыстан эле боло калган нерсе эмес, менин чоң атам Тыныбек, өз атам Актан да өнөрлүү адамдар болгон. Үзүлбөй келе жаткан өнөрдүн үчүнчү мууну менмин. Апам Шаарбүбү сексен экиге чыгып көз жумду. Менин тарбиячым, насаатчым дагы апам болду. Анткени атам мен эки жашка чыкканда эле кан басымы жогору болуп, каза болуптур.
Ошентип атанын тарбиясын деле көргөн жокмун. Апам "Сенин атаң мындай эле, чоң атаң мындай эле" деп алардын талантын, өнөрүн элине кылган кызматын кулагыма кумдай куюп айта берээр эле. "Балам, мага карабай сен да атаңдын өнөрүн улант, менин оокатым өтө берет" деп мени он сегизге чыга электе Жумамүдин Шералиевдин колуна салып берген.
Актан Табылды манас айтуу өнөрүн атасы Актандын жана башка манасчылардын таасири менен өздөштүргөн. Ал республикалык деңгээлде өткөрүлгөн манасчылардын сынактарына, залкар манасчылардын юбилейлик салтанаттарына карата уюштурулган кечелерде “Манас” айтуу менен катышып келет. Анын айтуусундагы “Манас” дагы өзүнчө бир оригиналдуулукка ээ.
Драматург катары «Барс-бек», «Теңирим Манас», «Үмүттүн үрөнү», «Саламандра» , «Аксак, кулан», «Кылым мүшкүлү», «Айкөлдүн аманаты», «Ыймандын жаралышы», «Азизхандын Алмамбет», «Махабат кербени», «Эр Табылды» ж.б. 20 га жакын драмаларды жазып, республикалык театрларда коюлуп келе жатат.
Драматургиядан кийин манасчылыкка да кызыгып, кайсы жакта болбоюн Манас айтып кете берет. Өнөр деген жакшы да, биринин артынан экинчисин чакырып турат дегендей 40 жашында төкмөлүк өнөргө тиш салып көрүп. 60 акын менен айтышкан. Ошентип төкмө да болгон.
Учурда жетимиштен ашык обондору бар. "Келсеңчи", "Барсбек (күү)", "Өмүрлөшүмө", "Манас жөнүндө ыр", "Асанкайгы" жана башкалар.
Нарын театрында 5 жылдай башкы режиссёр болуп эмгектенип, 1990-жылы Эгемендик доорунда, “Манас руху” аттуу этнофольклордук жеке театрын ачкан.
Учурда Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында эмгектенет.
Чоң атам алп Тыныбек, атам Актан,
Өнөргө өлбөстүктүн шамын жаккан
Тагдырдын кут даарыган комузуна
Үчөөбүз үч кыл болдук күүлөп тарткан
Теңирден миң кайталап тилеп келем
Өчпө деп, өнөр шамы - өмүр дастан!
Заманыбыз бөлөк болгону менен жолубуз бир. Биздин көтөргөн туубуз, тутунган мыйзамыбыз бир – ал өнөр. Өз эле балдарына эмес жалпы адамзатына калтыруучу улуу мурас – деп Табылды Актанов өзү айткандай 2017- жылы «Тыныбек, Актан Табылды» аттуу китеби жарык көргөн. Бул китепке чоң атасы Тыныбек, өз атасы Актан жөнүндө эскерүүлөрү жана өзүнүн 45 жылдан ашык өнөр жолундагы байсалдуу, жемиштүү, жеңиштүү мезгилдери тууралуу даректүү окуялар баяндалат. Үзүлбөй келе жаткан өнөрдүн үчүнчү мууну Табылды Актанов 3 уул, 1 кыздын атасы, 9 неберенин чоң атасы. Агайга мындан ары да чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз.
Макаланы жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман