Талыкпаган эмгек, татыктуу дөөлөт - Кайыпбек Кадыралиев
Дарыгерлик кесип – социалдык жактан мааниси жогору, асыл кесиптердин бири. Себеби, адамдын өмүрү дал ушул кесип ээлеринин колунда эмеспи. Дарыгерлик адамдын алгачкы жашоо мезгилинде эле пайда болгону маалым. Гиппократтын антын бек тутуп, жонунан ак халат түшпөгөн керемет жандарды жараткан адам өмүрү үчүн жиберип койгондой. Мына ушундай ардактуу кесипти аркалап келе жаткан Нарын облустук М. Мирахимов атындагы жүрөк кан тамыр борборунда эмгектенип келе жаткан, КРнын эмгек сиңирген дарыгери, медицина илимдеринин кандидаты Кайыпбек Кадыралиев.
Кайыпбек Кадыралиев 1948-жылдын 1-августунда Нарын районундагы Жылан Арык айылында жарык дүйнөгө келген. Ат-Башы районундагы К. Карыбеков атындагы орто мектепти аяктаган. 1972-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтту бүтүргөн. Алгачкы эмгек жолун Ош облусундагы Кызыл-Кыя шаардык ооруканасында баштаган. 1978-жылы жүрөк кан тамыр ооруларын изилдеп дарылоо боюнча эки жылдык ординатурадан окуган. 1989-жылы медицина илиминин кандидаты болгон. 1999-жылы КРнын эмгек сиңирген врачы наамы менен сыйланган. Нарын районунун, Нарын шаарынын жана Нарын облусунун ардактуу атуулу.
Академик Миррахимовдун жетекчилиги астында клиникалык ординатураны интенсивдүү окуу процессинде топтолгон билими, тажрыйбасы жана кесиптик көндүмдөрү анын Нарын областтык ооруканасынын кардиология бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалышы менен иш жүзүндө жигердүү ишке ашырыла баштаган.
1980-жылдан баштап атайын уюштуруу чараларын көрүү менен Нарын облустук ооруканасында 6 орундуу кардиологдордун бөлмөлөрү жана 60 орундуу реанимация жана интенсивдүү терапия түзүлгөн. Бөлүм билимдүү жана жогорку квалификациялык билими бар адистердин кылдаттык менен тандалуусу аркылуу толукталып, жаңы дарылоо-диогноз чыгаруучу аппаратуралар менен жабдылган ( ЭКГ, ЭХОКГ, монитор, ФКГ, ДДЦ, ВЭМ, спирометрия, бронхоскопия, реография сосудов головного мозга). Бийик тоолуу Нарын облусунун калкы үчүн чоң илимий иштерди аткарууда жана керектүү кардиология боюнча илимий-практикалык маселелерди аткарууда чоң өбөлгө түзүлдү.
Кайыпбек Кадыралиевич өзгөчө профессионалдуу интуицияга жана тез аранын ичинде туура жана так чечим чыгара ала турган сапатка ээ. Анын каймана аты “Миррахимов М.М., Чазов Е.И.” Өзү жетектеген коллективи менен жүрөк-кан тамыр ооруларын азайтуу боюнча бир топ илимий жана практикалык иштерди аткарып келген.
Кадыралиевдин жигердүү ишмердүүлүгүнүн аркасында кардиологиялык оорулууларга стационардык жардам көрсөтүү сапаттык жактан өзгөргөн. Кардиолог адистер менен камсыз болушу, жаңы медициналык технологиялардын келиши жана 15 кардиолог, функционалисттер, ошондой эле кардиологиялык тез жардам бригадасы дайындалган. Ушундай иштердин бардыгы жыл сайын өтүлүүчү илимий-практикалык конференциялардын, “Миррахимовдук окуулардын”, Вольский атындагы терапия факультетинин улуттук терапия жана кардиология бөлүмүнүн катышуусунда өтүлүүчү талкуулардын уюштурулушунун натыйжасын бергендигин айганелейт.
Академик М.М.Миррахимовдун жетектөөсү алдында 1981-жылы тоолуу аймактагы жүрөк ооруларын, пульмунология, ички оорулар, клиникалык фармакология боюнча изилдөө иштерин баштаган. Өнөкөт жүрөк ооруларын дарылоодо, диета, бээнин сүтү менен дарылоо сыяктуу илимий-изилдөө иштерин жүргүзүп, окуу секторлорун түзүп, съезд, конференцияларды өткөрүү менен илимий базаны тереңдетип, Нарын өрөөнүнүн карапайым калкына медициналык жардам көрсөтүүнү практикалаган.
"Дарак тамыры менен күчтүү
Адам акылы менен күчтүү"
Жолдошу Көчөнова Галя -жолдошу Нарын шаарында терапия бөлүмүндө башкы медсестра болуп иштеп азыркы учурда ардактуу эс алууда.
Уул жакшысы урмат дегендей атасынын жолун жолдогон мыкты билими, мыкты чеберчиликтери менен таанылган уулдары Кадыралиев Жолдошбек Кайыпбекович- Москва шаарында Чазов клиникасында врач болуп эмгектенип келет. Медицина илиминин кандидаты;
Кадыралиев Канатбек Кайыпбекович – Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин 44549-аскер бөлүгүнүн командири, медицина кызматынын поковниги;
Кадыралиев Бакытбек Кайыпбекович- Россиянын Пермь шаарында кардиохирург . Медицина илимдеринин кандидаты жана доктору.
Атанын уулу болуу урмат, элдин уулу болуу кымбат дегендей уулдары элге кызмат кылып, урмат-сыйга татыган азаматтар болуп, агай байбичеси экөө 5 небенин чоң ата, чоң энеси болуп бакытка балкып турган убагы. Мындан аркы да жашооңуздарда ийгиликтер жарала берсин демекчибиз.
Макаланы даярдаган: Өмүр кызы Зуура
Макаланы жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман