Тутуев Канболот Мусаевич - Нарын шаарынын мэри

Тутуев Канболот Мусаевич  1982-жылы 19- августта Ош облусунун Кара-Кулжа  районуна караштуу  Насирдин айылында туулган. Жогорку билимдүү.

Ош мамлекеттик университетинин философия жана башкаруу технологиясы факультетинин  «Мамлекеттик жана муниципиалдык башкаруу»  адистигин, Президентке караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын аспирантурасын, Ф.Достоевский атындагы Омск мамлекеттик университетинин юридикалык факультетинин аспирантурасын ийгиликтүү аяктаган.

Эмгек жолун 2006 жылы Ош облустук мамлекеттик администрациясында жетектөөчү адис кызматында иштөө менен  баштап ар кандай  мамлекеттик жогорку  жооптуу кызматтарды аркалап келди.

 Мамлекеттик жарандык кызматтын 1 класстагы кенешчиси Тутуев Канболот Мусаевич 2022- жылдын 16-февралынан  баштап, бүгүнкү күнгө чейин Нарын шаарынын мэри кызматында эмгектенип, шаарыбыздын гүлдөп өсүшүнө зор салым кошуп келе жатат.


Макаланы жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!




Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.