
Улут үчүн күйгөн инсан - Кадыракун Базарбаев 90 жыл
Нарын өрөөнүндө эмгеги менен элине таанымал белгилүү инсан партиялык жана мамлекеттик ишмер Кадыракун Базарбаев 1933-жылы Тянь-Шань районуна караштуу Миң-Булак айылында төрөлгөн.
1949-жылы орто мектепти бүткөндөн кийин, Кыргызстан айыл чарба институтуна өтүп, 1954-жылы ветеринардык врач адистигине ээ болгон. Эмгек жолун Тянь-Шань районундагы ветеринардык пунктун ветврачы болуп иштөө менен баштаган. Андан соң, облустук ветеринардык бөлүмдүн начальниги 1959-1961-жылдары Нарын районундагы Куйбышев атындагы колхоздун башчысынын төрагасы болуп иштеген.
1961-жылы Кыргызстан компартиясынын Тянь-Шянь обкомунун айыл чарба бөлүмүнүн башчылыгына көтөрүлгөн. 1962-1963-жылдары Нарын райкомунун биринчи катчысы болуп эмгектенген. 1963-1965-жж Москвада КПССБКнын алдындагы жогорку партиялык мектепте окуган. Аны ийгиликтүү аяктагандан кийин Кыргызстан Компартиясынын Ош обкомунун Айыл чарба бөлүмүнүн башчылыгына дайындалган. 1967-1983-жж Партиянын Кочкор, Совет, Талас райкомдорунун 1-чи катчысы болуп үзүрлүү эмгектенген.
1983-1986-жж Кыргыз ССРнин Министрлер советинин агро өнөр жай комплекси боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, Айыл чарба миинстрлигинин орун басары кызматтарын аркалаган 1990-1994-жж Республикалык ветеринардык ассоциясынын президенти, 1994-жылдан ардактуу эс алууга чыкканга чейин Нарындагы «Каратал-Жапырык» коругунун жетекчиси болуп эмгектенген.
Кадыракун Базарбаев өтөлгөлүү өмүрүн, бийик адамкерчилик сапатын эмгек менен жуурулуштуруп жашап, бийик даңктын, урмат сыйдын, ээси болуп мамлекетке, эл журтуна татыктуу кызмат өтөдү.
Жаркын жашоосунда, жаратмандык, жакшылыктарга умтулуу менен ага жетүүгө жан үрөп иштеп, жүрөгүнөн чыккан нускалуу акыл кебин, көп сандаган кайрымдуулук иштерин арнады. Бардык ишти билгичтик менен чечип, өзүнө да өзгөгө да катуу талап коюп, кандан-беттен кайра тартпаган өткүр мүнөзү менен кемчиликтерди жоюп, калыстыктан тайбады.
1967-1972-жж Кочкор районунда райкомдун 1-чи катчысы болуп иштеген учурда иштин нугун кескин өзгөртүп колхоз совхоздорго каналдарды каздырып, суу курулмаларын курдуруп, айдоо жерлерин кеңейткен. Ошол кездеги дыйканчылыктын өндүмдүүлүгүн арттырып, түшүмдүн мол болушуна өбөлгө түзгөн.
Саан уйлардын асылдуулугуна, сапатына көңүл буруп, уй фермаларын түзүп, чыктуу тоют менен камсыздап, уйдун сүттүүлүгүн арттырууга салым кошкон. Кочкордо иштеп баштаганда эле жаңы электр мамыларын орнотуп, районду толугу менен электрлештирүүгө жетишкен. 1972-ж Оштун Совет районунун 1-чи катчысы болуп иштеп баштаган алгачкы күндөн тартып, малчыларга жаңы үйлөрдү курдуруп, кашарларды салдырган. Ошол учурда эң татаал Алайку жолун реконструкциялатып, оңдотконго чоң салым кошкон. Совет районунун борборуна түнкү чырактарды орноттуруп, көчөлөрдү толук асфальтаткан.
1973-жылы малчылардын тоюнда «Кыргыздар сыймыктуу ак калпак менен башкаларга таанылып турушу керек» деп партиянын бюро мүчөлөрүнө, активдердин бардыгына ак калпак кийгизген жана малчылардын бардыгына сыйлык иретинде ак калпак тараткан. Кадыракун Базарбаевдин урматына, анын улуттук баалуулуктарга, айрыкча компартиянын күчтүү идеологиясынын тушунда кыргыз улуттук оюндарга тыюу салынып келгендигине карабастан жандандырууга кошкош салымы үчүн Кайнарбек Бийлибаев «Жоргонун салышы» деген күүсүн чыгарган. Аталган күү Кыргызрадиосунун алтын фондунда сакталуу. Базарбаевдин өмүрлүк жолдошу Калый кызы Бурмаш экөө «Ынтымактуу үй-бүлөнү ырыс уялайт» дегендей жети баланы эл керегине жараган жогорку билимдүү, ыймандуу уул-кыздардан кылып тарбиялап өстүрүшкөн. Балдарынын баары ар кыл тармакта үзүрлүү, үлгүлүү эмгектенип жатышат.
«Сыйлык жалкы,сыймык элдики» дегендей Кадыракун Базарбаев СССРдин Ленин ордени менен үч жолу, Ардак белгиси, Эмгек Кызыл Туу ордендери, бир катар медалдары жана Кыргыз ССРинин Ардак грамоталары менен сыйланган.
Базарбаев эс алууга чыккандан кийин да, Нарын облусунун коомдук турмушуна активдүү катышып, облустук ардагерлер Кеңешинин төрагасы болуу менен ардагерлердин коомчулук менен байланышын чыңдаган. 2013-жылы 80 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.
Ал мамлекеттик кандай гана жооптуу кызматтарды аркалабасын, сыймыгынан да түмөн түйшүгү артык элдин сынынан, элегинен өткөн иштерди аткаруу менен эл алдында да, абийиринин алдында да ак кызмат өтөп өмүр кечирген.
Кеңеш Касымбеков менен Кадыракун Базарбаев Кара-Кулжа району, тыныгуу маалында
Алайкууда биринчи электр подстанциянын ачылышында,
ортодо Кадыракун Базарбаев, солдон үчүнчү Кеңеш Касымбеков
Макаланы даярдаган: Жакыпова Саламат
Макаланы жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман