Улуттук сахнанын улуу устаты СССРдин эл артисти Муратбек Рыскулов

  Сахна лири Муратбек Рыскулов 1909-жылы 23-ноябрда, Нарын облусунун Жумгал районундагы Кайырма кыштагында  туулган. Кыргыз театр өнөрүнүн оор жүгүн көтөрүшкөн залкар талант М.Рыскуловдун чеберчилиги, таланты эл оозунда өзгөчө толкундануу, өзгөчө бир сыймык, урматтоо менен айтылат. Жаш актёрлор: Муратбек агайдай ойной алсам! - деп эңсешет, Чыгармачылык диапазонунун чексиздиги, оң жана терс каармандарды трагедиялык жана комедиялык ролдорду бирдей эле аткара алган талантынын көп кырдуулугу менен көпчүлүккө аттын кашкасындай таанылган чебер актер өзүнүн 65 жылдык өмүрүнүн 40жылга жакын мезгилин кыргыз театрына арнаган. М. Рыскулов  936-жылдан Кыргыз музыкалык драма театрында иштейт.    

   Молдогазы  Токобаевдин Кайгылуу Какей драмасында Чойбектин ролун алгач ирет аткарган.. Актердун чыгармачылыгынын алгачкы мезгилдеринде эле анын театр искусствосуна болгон жөндөмдүүлүгү даана көрүнө баштаган.Бара-бара ал кайсы гана ролдо болбосун табигый таланты менен бирге сахналык маданиятты өөрчүтүп,чеберчилигин арттырууга жетишкен. Кыргыз көрүүчүлөрү сахна аркылуу Рыскуловдун таланттуу оюнунун натыйжасында. Ошондой эле бир катар монументтүү драмалык (У.Шекспирдин "Отеллосунан" Отеллонун,"Король Лиринен"король Лирдин, Б.Жакиевдин"Атанын тагдырынан"Акылбектин)образдарын түзгөн. Лондондо өткөрүлгөн У.Шекспирдин 400 жылдык юбилейинде Муратбек Рыскулов Король Лирдин монологу менен чет мамлекеттик көрүүчүлөрдү таң калтырган.Таланттуу актер тарабынан түзүлгөн Лирдин образы психологиялык чындыгы жагынан татыктуу орунду ээлеген. Муратбек Рыскуловду дүйнө жүзүнө тааныткан жеке гана драматургия эмес кино экраны да болду. Республикада көркөм фильмдердин студиясы пайда боло электен алда канча мурда эле ал кыргыз актерлорунан биринчи болуп киного катышып, 1950-жылы "Алитет тоо таянды" кинофильминде Ашыктын образын ачык гротекс планда атайын апыртып берсе,"Алыскы тоолордогу" мыкаачы зулум Сарыгул байды омоктуу көргөзүп,"Тянь-Шань кызындагы" Ашырбай абышка үчүн илбериңки психологиялык белгилерди таба алган.Кыргыз мүнөзүнүн эң сонун касиеттери "Бакайдын жайыты" фильминдеги Бакайдын турпатынан көрүнөт.               1967-жылы Муратбек Рыскуловго "Король Лир"спектаклинде Лирдин жана "Атанын тагдыры" спектаклинде Акылбектин ролдорун аткарууда жогорку чыгармачылык чеберчиликке жетишкендиги үчүн Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты деген наам берилген.Таланттуу актердун чыгармачыл эмгегин жогору баалап,өкмөт Муратбек Рыскуловду Ленин ордени,башка эки орден жана медалдар менен сыйлаган. Муратбек Рыскулов тууралуу "Муке" аттуу фильм тартылган.Ысмы Бишкек шаарындагы көчөгө жана Нарын областтык музыкалуу драма театрына берилген. Муратбек Рыскулов кыргыз искусствосунун өсүшүнө зор салым кошуп, өзүнөн кийинкилерге устат катары өрнөк болгон.

    Муратбек Рыскуловдун мурасы кыргыз маданияты үчүн түбөлүк маанилүү болуп      саналат. Анын эмгектери жаш муундарга чыгармачыл жана руханий эргүү берип келет. Муратбек Рыскуловдун чыгармачылыгы — кыргыз элинин руханий маданиятынын алтын мурастарынын бири. Анын таланттуу оюндары менен сахнада жана экранда жараткан образдары маданият сүйүүчүлөрдүн жүрөгүндө түбөлүккө сакталып кала бермекчи.


Макаланы жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!




Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.