“Улуу акын - унутулгус мурас”
Бар бололу, түгөнбөйлү курдаштар.
Узак, узак, узак болсун бул сапар
Кылым бүтүп дүйнөдөн жок болсок да,
Кайра кайтып жолугушчу күндөр бар.... - деп өзүнүн өлбөстүгүн ыр саптарында калтырган Кыргыз поэзиясынын классиги, улуу акын Алыкул Осмоновдун ырлары азыркыга чейин таасирин, касиетин жоготпой келет. Алыкул Осмонов аз жашаса да кыргыз адабиятынын жолунда шам сыяктуу созулуп күйүп өткөн. Ал табиятты, сулуулукту баалап сүйө билген, өз өмүрүн ырсыз элестете алган эмес, өмүрүнүн акырына чейин поэзияны ыйык туткан Чынгыз Айтматов “Адамга кун сайын адам болуу кыйын” деген улуу сөз залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовго таандык.
Айтматовдун адамдык сапаттары-анын чынчылдыгы, терең акылмандыгы, жалпы адамзаттын тагдырына күйүмдүүлүгү жана элине болгон сүйүүсү унтулгус мурас болуп калды. Дүйнөгө белгилүү,кыргыз элин, жерин ааламга тааныткан улуу залкар Кыргыз эл жазуучусу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Айтматов Чыңгыз Төрөкулович 1928-жылы 12-декабрда Талас областындагы Кара-Буура районуна караштуу Шекер айылында кызматчынын үй-бүлөсүндө туулган.
Тогуз жашка чыкканда атасы Төрөкул күнөөсүз жерден репрессияланып, пантуркис катары атылып кеткен. Жазуучунун балалык чагы бир топ оор кыйынчылыктар менен өткөн. Ал орус жана кыргыз мектептеринен билим алган. Улуу Ата Мекендик согуш убагында убактылуу окуусун таштап, Шекер айылдык кеңешинде секретарь, райондук финансы бөлүмүнүн салык агенти, трактор бригадасынын эсепчиси болуп иштеген. 1948-жылы Жамбыл шаарындагы зооветтехникумун бүтүрүп, 1953-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргызстан айыл-чарба институтту аяктаган. 1956-1958-жылдары СССР Жазуучулар Союзунун Москвадагы жогорку адабият курсунда окуйт. Ал эми 1959-1960-жылдары “Литаратурный Киргизстан”журналынын редактору, андан кийин беш жыл бою”Правда”газетасынын Кыргыз ССР индеги кабарчысы, кийин Кыргыз Республикасынын кинематографисттер союзунун башкармасынын төрагасы болуп иштеген. Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы студент кезинде башталган.
Жазуучунун япондук бала жөнүндөгү “Гезитчи Дзюйо” деген биринчи аңгемеси 1952-жылы жарык көргөн. 1958-жылы басмадан чыккан “Бетме -бет” повестинде жазуучу согуш мезгилиндеги элдин оор турмушун, Сейде сыяктуу карапайым кыргыз аялынын аң-сезиминдеги өзгөрүүлөрдү өз жанын Мекенден жогору койгон Ысмайылдын тагдырын баяндайт. Ал эми махабат темасын козгогон” Жамийла” повести жазуучунун атын алыска тааныткан чыгарма. Француз жазуучусу Луи Арагон повести француз тилине которуп, ”Махабат тууралуу дүйнөдөгү эң сонун баян” деген баш сөз менен чыгарган. Улуу Ата Мекендик согуштун каармандыгы да, трагедиясы да “Бетме-бет”, ”Жамийла”,”Саманчынын жолу” “Эрте жаздагы турналар”повестеринде чагылдырылып турат. Жазуучу өзүнүн балалыгына туш келген согуштун катаал күндөрүн элесин алып ”Эрте жаздагы турналар”аттуу автобиографиялык лирикалык-романтикалык повесттин жараткан. Жаштарга арналган дагы бир лироромантикалык чыгармасы “Ботокөз булак”повести. Жазуучунун чыгармачылыгында легендалар, уламыштар, жомоктор, мифтер кеңири пайдаланылат. Жаштардын коомдогу орду, нравалык,үй- бүлөлүк мамилеси жөнүндө жазылган “Кызыл жоолук Жалжалым”, “Кызыл алма”, ”Гүлсарат” айрыкча “Ак кеме,”Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт”повесттериде,”Кылым карытаар бир күн”,”Кыямат”,” Кассандра тамгасы”романдарында адам жашоосун Мезгил - мейкиндик жактан: балалык менен карылыктын, байыркы доор менен келечектин, табият мейкинин, жеке мүнөздөгү, ой-туюму , көз карашы, элестүү дүйнө таанымы, адамдын жан дүнөсүн козгоп, өмүр жана өлүм, кубаныч жана кайгы, адамгерчилик жана карөзгөйлүк, абийир жана абийирсиздик, бийлик жана ынсап, бакыт жана бактысыздык, ар намыстуулук жана арсыздык сыяктуу татаал суроолорго жооп табууда.
Жазуучу маңкуртизм темасын көтөрүп чыгып,”Кылым карытаар бир күн “ романында адамдардын турмушуна тийгизген терс таасири жөнүндө кызыктуу баян жараткан. Ч.Айтматовдун ”Фудзиямада кадыр түн”адабий биографиясындагы алгачкы драмалык чыгармасы , казак драматургу Калтай Мухамеджанов менен биргеликте жазылган. “Тоолор кулаганда” романы Ч.Айтматовдун калеминен жаралган акыркы чыгарма.Чыгармада баш каарман Жаабарс аттуу ак илбирс менен Арсен Саманчиндин каргашалуу тагдырын сүрөттөө менен көптөгөн социалдык экологиялык ж.б.көйгөйлөрдү баяндайт. Ч.Айтматовдун чыгармалары кыргыз адабиятын эл аралык деңгээлге көтөрүп, дээрлик бардык чыгармалары дүйнөнүн 180 ден ашуун тилдеринде которулуп ,100 миллион нускадан ашык басылып чыккан.
Дүйнөлүк тилдерге которулушу жана жарыкка чыгарылышы жагынан Ч.Айтматов эң алдыңкы орунда тургандыгы ЮНЕСКО тарабынан такталып чыккан. Францияда бир эле “Жамийла” повести 40 жолу басылып чыкса,ал эми Кытайда чыгармалары 50 жолу, Индияда 10 дон ашык тилде басылып чыккан. Африка өлкөлөрүнүн окурмандары Айтматовдун чыгармаларын сыймыктануу менен окуп келишет. Жазуучунун чыгармаларынын баардыгы кино-тасмаларына тартылып, театрлаштырылып, драма жана опера театрынын сахналарында, дүйнөнүн төрт бурчунда, бүгүнкү күнгө чейин коюлуп жатат. Анын чыгармалары боюнча тартылган кинофильимдер эл аралык кинофестивалдардын мамлекеттик сыйлыктарына татыктуу болгон.
Ч.Айтматов 1963-жылы “Тоолор жана талаалар баяны” жыйнагы үчүн Лениндик сыйлыктын лауреаты болгон. “Гүлсарат” повести, “Ак-кеме”кинофильминин сценарийи, “Кылым карытар бир күн” романы үчүн СССРдин Мамлекеттик сыйлыгы, ал эми “Эрте келген турналар”аттуу повестине Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган. Ч.Айтматов “Эмгек Кызыл Туу “ордени,”“Социалисттик Эмгектин Баатыры” Кыргыз ССРинин эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры, Биринчи даражадагы “Манас”ордени, Эл аралык” Алтын бүркүт”ордени ж.б. эл аралык көптөгөн сыйлыктар менен сыйланган.
Улуу жазуучу Чынгыз Айтматов 2008-жылы дүйнөдөн кайткан. Ч.Айтматовдун 90 жылдык маарекесине карата Улуттук банк “Тарыхый окуялар” сериясынан Ч.Айтматов-90 жыл аттуу коллекциялык 20 сомдук монетасын жүгүртүүгө чыгарган. Монетанын алдыңкы бетине Ч.Айтматовдун портрети жазуучунун кол тамгасы түшүрүлгөн. Улуу кеменгер жазуучу Чынгыз Айтматовго жана анын чыгармаларына арналган күмүш монеталардын сериясы Санк -Петербург шаарында өткөн. 2011-жылы 30-августа Бишкек шаарында Ала-Тоо аянтында Чынгыз Айтматовдун айкели тургузулган. Ч.Айтматов улуу гуманист,ойчул, жазуучу катары биздин тарыхыбызда - улуттун гана эмес ,бүткүл адамзаттын жүрөгүнөн орун алган руханий жарык. Ошондуктан ал адамзаттын Айтматову болуп түбөлүк эсте кала бермекчи.1915-жылы 21-мартта табиятка жаңы дем берген Нооруз менен кошо Кара-Балтадагы Каптал-Арык айылында жарык дйнөгө келген А Осмонов ата энесинен эрте ажырап, жарытылуу кийимге, курсак тойгузган тамакка жетпей, суукта калган күндөрүндө тагдырдын дагы бир соккусуна кабылып кургак учук оорусу жабышкан.
Алыкулду 1925-жылы туугандары Токмоктогу балдар үйүнө тапшырышат. Алыкул Осмонов үчүн балдар үйү жылуулук жана мээрим тартуулаган экинчи үйгө айланат. Мурда билбеген дүйнөлүк жазуучулардын китептери менен таанышып, руханий дүйнөсүн, акындык талантын өнүктүрөт. Алгачкы ыры да дал ушул жердеги окуучулардын дубал гезитине чыкан.
Алыкул өз үйүнө айланган балдар үйү жана энесинин ордун толтурган тарбиячысы менен 1929-жылы коштошуп, Борбор каладагы замандын эң маанилүү окуу жайы болгон педагогикалык техникумга тапшырат. Бул жерде Райкан Шүкүрбеков, Мидин Алыбаев сыяктуу адабиятка шыктуу, таланттуу жаштар менен бирге окугандыгы анын чыгармачылыкка кызыгуусун дагы да арттырат. 1930-жылы "Сабаттуу бол" гезитине "Кызыл жүк"деген ыры чыгат. "Ал ырды окуп алып ошол түнү кубанганымдан уктабай чыктым. Газетаны катып коюп, күнүгө он жолу окуйм. Эртеси дагы бирди жазып алпардым, анан дагы... дагы... Сабак маалында да, бош убагымда да жазам", - деп жазганы бар. Гезит беттерине чыккан чыгармалары башка улуу акындардын да көңүлүн буруп, Жоомарт Бөкөнбаев менен Аалы Токомбаев жаш Алыкулга мактоо сөздөрүн айтышат. Бирок жаштайынан кое бербеген дарты билим алуусуна да кедергисин тийгизип, 1933-жылы окуусун толук бүтүрбөй, техникумду таштоого аргасыз болот.
Айылга кетүүгө камына баштаган Алыкулга, Аалы Токомбаев шаарда калып чыгармачылыгын улантууга шарт түзүп берет. Жазуучунун жардамы менен "Чабуул" журналында башталган журналисттик ишмердигин кийин "Ленинчил жаш" гезитинде уланат. Эки жылга жакын убакыттын ичинде жазган ырлары эл арасына тарап, таанымал акынга айланат. 1935-жылы талыкпаган эмгегинин натыйжасы катары "Таңдагы ырлар" деген биринчи жыйнагы жарык көрөт. Ага улай 1937-жылы "Жылдыздуу жаштык" жана "Чолпонстан" жыйнактары чыгат. Дале болсо калеми жетиштүү курчуй элек жаш акындын бул жылдары жазган ырлары эмгеги жогорку жактан татыктуу бааланып, 1938-жылы Жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алынып, ага кошумча Ардак грамота менен сыйланат.
Өз эмгектерине сын көз караш менен караган бул инсан 1945-жылдан кийинки мезгилди чыгармачыл жактан жетилген, бышкан убагы экендигин белгилеген Чындыгында эле Улуу Ата Мекендик согуш аяктагандан кийинки беш жыл Осмонов үчүн жемиштүү мезгилге айланат. Алгач 1945-жылы жубайы Зейнеп Сооронбаева менен болгон оош-кыйыштуу жашоосу тууралуу "Махабат" жыйнагы чыгат. 1947-жылы ырлар жана поэмаларды камтыган "Балдар үчүн", "Менин жерим — ырдын жери" жана "Жаңы ырлар" жыйнактары жарык көрөт. Ошол жылдары орус тилинде жазылган "Мой дом" жыйнагы адабият тармагында Сталиндик сыйлыкка талапкер болот. Алыкул Осмоновдун котормочулук ишмердиги да акындыгынан кем калбаган мааниге ээ.
Алгачкы жолу жогорку окуу жайда окуп жүргөн кезинде орус акыны Александр Пушкиндин "Кышкы түн" ырын кыргызчалайт. Бирок ага өзүнүн көңүлү толбой, көпчүлүккө көрсөткөн эмес. Качан гана калеми курчуган соң Пушкиндин "Евгений Онегин" жана башка ырларын, Шекспирдин "Отеллосун", Лермонтовдун эмгектерин жана "Качкын" поэмасын, Крыловдун "Тамсилдери" баштаган бир топ чыгармаларды которот. Ал эми анын котормочулуктагы эң маанилүү эмгеги катары грузин акыны Шота Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатыр" чыгармасы эле. Бул поэманы кыргызчалоо жандалбасы акындын түн уйкусун алган. "Чоңойдум, эр жеттим, эми бир зор иш кылбасам, менин Алыкул атым кайсы? Эгер бул иш менин колуман келбесе, анда мен чабал акынмын, колумдан эчтеке келбейт", - деп күндөлүгүнө да жазган. 1938-жылы башталган которуу иши 2 жылга созулуп, 1940-жылы Казань шаарында 10 миң нуска менен чыгат.
Бул китеби Алыкулга мурда болуп көрбөгөндөй ийгилик алып келип, чыгарма дароо окурмандардын сүйүүсүнө арзыган Ичээр суусу аяктап баратканын сезгендей акыркы жолу көл жээгине барып келген Алыкул 1950 ж, 12-декабрда ызгаардуу суук күндө Фрунзе шаарында жашоо менен кош айтышат. Көзү өткөндөн кийин, 1964-1967-жылдары чыгармаларынын үч томдугу жарык көрдү. 1984-1986-жылдары ырлары, котормолору, поэмалары менен драмалары кайрадан үч томго топтоштурулду. 1988-жылы Бишкектеги № 68 мектепке, 1990-жылы №9 китепканага, бүгүнкү күндө улуттук китепканага акындын ысымы ыйгарылган. Кыргызстанда жалпысынан 20га жакын мектеп, 4060 м бийиктикте жайшашкан тоо чокусуна жана бир кемеге Алыкулдун ысымы ыйгарылган. А.Осмоновдун алтымыштан ашык ырларына обон чыгарылып, М.Убукеев, Л.Турусбекова, С.Ишенов сыяктуу кинорежиссерлор акын тууралуу тасма тартышкан. 1986-жылы Кыргызстан улуттук жазуучулар союзу Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыкты жана жаштар арасында жыл сайын өтүүчү "Алыкулдун Акбозат" поэзия майрамын уюштуруп келет.
Жашап бүтсөң жашай берип эмгегин,
Айкын болуп турмушка не келгениң
Өз колуңдан жазып кеткен ырларын,
Качан болсо кубанычы жергеңдин
Күн асманда шооласынан токкулойт
Күндүн нуру жердин бетин өпкүлөйт
Күн нурундай рахатка бөлөнгөн,
Алыкулду жакшы ыр жазып өттү дейт.
Даярдаган: Алымкулова Жазгүл
Макаланы жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман