Улуу Эпостун изилдөөчүсү - Бактыбек Максүтов

КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Улуттук жазуучулар союузунун мүчөсү, Коомдук Манас академиясынын академиги, Ардактуу прфессор наамынын ээси Бактыбек Максутов

Кочкор районуна караштуу Шамшы айылында 1947-жылы 19-январда туулган. 1964-жылы Фрунзе шаарындагы №5 орто мектепти, 1969-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономикалык факультетин бүтүргөн.1970-жылдары Кочкор районунун  колхоздорунда  бухгалтер, башкы экономист, профкомдун төрөагасы, Кум-Төр айылдык кеңешинин төрөагасы, КРнын Жогорку кеңешинде катчы, эсептөө  палатасында аудитору болуп эмгектенген. 1990–1995-жж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

1994-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.  Учурда Айкөл Манас баяны фондусунун төрөагасы болуп иштеп келе жатат. Согуш тактары, Казыбектин арманы, Айкөл Манас аттуу китептери жарык көргөн. Айкөл Манас баш болгон 90дон ашык китептин 14 драманын 8 киноценарийдин  автору. Чоң казат» ж.б. 10 драма жазган. 1996, 2003-жж. «Казыбек казалчы» аттуу пьесасы М.Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалуу драма театрында эки жолу, «Тозокко тете күн» пьесасы 1997-ж. Кочкор элдик театрында коюлган.

Манас бабабыз, Барсбек каган, Тагай бий  жана андан кийинки ата-бабалардын кандуу кармаштарда көрсөткөн эбегейсиз эрдиктерин, калайык калкка кылган ак кызматын кийинки урпактар билип калсын, бабалардын атам замандан берки ата салтын колдоп, адилет ишин улантып, Ата-Мекенди коргоодо, күч кубатын чындоодо  китептин таасири тиеби деген максатта Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишмерлеринин, Баатырларынын өмүр баянын, ишмердигин чыгармачылыгын топтоп озүнчө жыйнак кылып чыгарган..

Бактыбек Максутов агабыз Калыгул даанышман, Кадыр аке, залкар манасчылар: Сагымбай, Шапак, Саякбай, акындар: Молдо Кылыч, Жеңижок, казалчы Казыбек, алгачкы тарыхчылар: Осмонаалы Сыдык уулу, Белек Солтоноев, белгилүү агартуучулар: Ишеналы Арабаев, Кусеин Карасаев, Касым Тыныстановдун өмүр баянын, жашоо турмушун терен изилдеп өз окурмандарына тартуулап келет.

Б.Максутов «Туулган жерим, алтын туурум» аттуу автобиографиялык китебинде «Адамдарга жамандык кылба, жакшылык кыл, ал жакшылык өзүнө кайтып келет, деген» эл арасындагы кепти таамай келтирип, адамдар бири бирибизге жамандык кылбай, жашоо турмушта бут тосушпай, тескерисинче бирибизге-бирибиз, кыйын кысталыш мезгилде колдоо көрсөтүшүп, жашоодо сый-урмат менен жашаганыбыз дурус демечимин деп, азыркы күндөгү болуп жаткан көйгөйлоргө кайрылган.

Жаш кезимден китепке жакын өстүм, бүгүнкү күнгө чейин китепти, гезитти калтырбай окуйм, адамдын акылына акыл кошкон китептин баа жеткис касиетин, ушул жеткен даражабызга китептин чон таасири бар экендигин белгилеп жаш муундарды китеп окууга чакырык кылыт.

Агабыздын «Турар» басмаканасынан КРнын Эл Баатыры Турдакун Усубалиевтин өмүр баянын чагылдырган «Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиев» аттуу китеби КРнын көрүнүктүү малекеттик жана саясий ишмери, КРнын Эл Баатыры Т.Усубалиевдин өмүр баяны, мамлекеттик ишмердүүлүгү, ошондой эле  бабасы Калыгул даанышман жөнүндө, кыргыздын көрүнүктүү инсаны Ормон Хан Ниязбек уулу жөнүндө, элибиздин мыкты уулдары Исхак Раззаков, Ч.Айтматов, С.Ибраимов маданиятыбыздын белгилүү ишмерлери А.Жумахматов,К.Молдобасанов,Т.Садыков  жөнүндө маалыматтар кирген бул 288 барактан турган китеп чон форматта чыгып, анда Т.Усубалиевдин тарыхый сүрөттөрү чагылдырылган. Усубалиевдин өмүрүн, ишмердүүлүгүн изилдөөгө арналган бул китеп көптөгөн тарыхый маалыматтарды камтыйт, демек Турдакун Усубалиев жөнүндө изилдөөгө алгачкы чыйыр салган чыгарма болуп калды десек жанылышпайбыз.

Манас эпосу – кыргыз элинин кылымдарлан бери келе жаткан асыл мурасы, баа жеткис байлыгы, маданиятыбыздын туу чокусу. Көлөмү, мазмуну жагынан ааламда теңдешсиз чыгарма. Манас эпосунун бир нече варианттарынын сюжеттери колдонулуп Манас Семетей Сейтек үчилтиги   кара сөз түрүндө жазылып окурмандарга сунушталган. Ошондой эле Манас эпосу жана манасчылар китебине Манас эпосу тууралуу кыскача маалымат берилип, залкар манасчылардын жана мамлекттик ишмерлердин Манас эпосун өнүктүрүүгө жана сактоого кошкон салымдары жөнүндө маалыматтар кирген.

Ааламда теңдешсиз, дүйнөнү дүңгүрөткөн Айкөл бабабыз жөнүндөгү  эпосту жалпы кыргыз журтчулугуна, айрыкча өсүп келе жаткан жаш муундарга  кеңири жайылтуу, окутуу максатында бир нече китептери окурмандардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша китепчелери жарык көргөн.

Манас эпосунун маанисин, маңызын ар бир кыргыз түшүнөт, бугу чейин ооздон-оозго, укумдан-тукумга,  атадан-балага өтүп  кыргыз кыргыз болуп турса дагы 1000 жылдап жашай берет деп агай өзү айткандай  дагы чыгырмаларды  жарата  беришине тилектешбиз. Агайдын калеминен жаралган чыгармалары кылымдар бою жашап, кыргыз элинин маданий мурасы  катары түбөлүк өмүр сүрө бермекчи.

Усубалиевдин тагдыры өтө рекорддуу көрүнүштөрү менен айырмаланат, дээрлик 25 жыл 1961-1965ж.ж Кыргызстанды башкарып туруп, 2000-2005 ж. Жогорку Кеңештин эң сакалдуу депутаты болгондугу менен айрымаланат.

Т.Усубалиев өзү жөнүндө төмөндөгүдөй пикирлерди айтканы бар: Мен Турдакун Усубалиев, сарбагыш уруусунун өкүлүмүн. Кыргыз элинин байыркы каада салтына ылайык ар бир эр жигит өзүнүн жети атасын билүүгө тийиш болгон, ата-бабасынын тарыхын билбеген эр жигит озүнүн тукумун билбеген адам катары сөзгө калган. Мен өзүмдүн жети атамдын аты-жөнүн гана эмес,баардык сарбагыш уруусунан чыккан эл башкаруучуларды, анын ичинде легендарлуу Дөөлөс жана Манап сыяктуу түпкү аталарыбыздан баштап,-Учуке, Дөөлөткул, Бай, Калыгул, Күнтууган, Кененсары,жана Усубалыга чейинки жети ата өткөн уруу башчыларын толук билем.

Т.Усубалиевдин сөзүнө ылайык анын атасы Усубалы Кененсариев, апасы Рапия Байгазиева бирге 69 жыл түтүн булатып, бири бирине өтө сый, урматтоо мнеен мамиле кылышкан, Алар абдан жөнөкөй, кенпейил жана ачык адамдар болушкан. Апасы 9 бала төрөп, тарбиялап өстүргөн, алар сталиндик коллективизацияга чейин 30-жылдардын башында Кочкор районунун Байтели айылында жашашкан.Азыркы ата конушунан  3 км алыстыкта жайгашып, бир аз мал чарбасы 20-30 кой-эчкиден, 2-3 бодо малдан жана бир нече жылкыдан турган чарба, жана бир нече гектар жер аянты болгон. Жайкысын боз үйдө жашашып, кыш мезгилинде атасы ашар жолу менен тууган-уруктун жардамы  менен салган жер тамда жашашкан. Бул жер тамда эч кандай шарт жок эле,фундаменти жок жалпак там, терезелердин ордуна кичинекей оюлган тешик, бурчта мору коюлган казан меш.

1929-жылы окуп баштагам, Кочкордун борборунда 4-класстык башталгыч мектеп боло турган эле, Кочкордо ал кезде орус калкы аз санда эле жашаган, орус тили менен кыргыз тили алмак-салмак өткөрүлүп турган… Китепти окуган адам Кыргызстанды чейрек кылым башкарган адамдын окуучулук күндөрүнөн баштап,ар бир басып өткөн жолун кызыгуу менен барактап, озуно керектүү толук маалымат ала алат деп ойлойм. 

Т.Усубалиев Кыргызстандын айыл чарбасын, экономикасын, өнөр жайын, илимин жана  маданиятын  өнүктүрүүгө эбегейсиз салым кошкон. Фрунзе-Бишкекте курулган «Ак-үй», Тарых музейи, Улуттук китепкана, Көркөм сүрөт музейи, «Манас»  аэропорту   Усубалиевдин өзүнө тирүү кезинде курулган эстеликтердей элес берет.

 


Макаланы жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!