Уркаш Мамбеталиев (1934-2011) - Өз доорунун таланттуу уулу залкар манасчысы
Акын, манасчы, Кыргыз Республикасынын Эл артисти. Уркаш Мамбеталиев 1935-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талды-Суу айылында жарык дүйнөгө келген. Атасы согуш талаасында курман болуп, уялаш агасынын колунда өскөн. Тоодо кой кайтарып жүрүп 10 жашында аян алып, бир нече күн катуу ооруп, кыйналып жүрүп, бир жылдай мектепке барбай калган. Ошондо жакындары элди чогултуп, кан чыгарып түлөө өткөрүп, бала манасчылык өнөрдү аркалап калган.
1946-жылы элетке Саякбай Каралаев келип, өспүрүм бала залкардын алдында манас айтып батасын алган жайы бар. Кийин Фрунзе шаарына келип музыкалык окуу жайга тапшырып, манасчылык өнөргө баш-оту менен кирген. Ыр-күүгө жакын жаш манасчы училищени бүтүп аскерге кеткен. Бирок ал жактан Уркаш уктап жатып түн ортосунда кыйкырып-өкүрүп манас айтып жоокерлерди таң калтырган. Муну манасчы өзү дагы билбей калчу экен дейт баласы Канат Мамбеталиев. Мындай окуя кайра-кайра кайталангандыктан офицерлер ден соолугун текшертип, дарыгерлер себебин таба албай коюшкан. Ошентип аны үч айдан соң аскердик кызматтан бошотуп коюшкан.
Эмгек жолун Каракол шаарындагы драма театрында баштап, ошол эле жылы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясына кирип, ал жакта узак убакыт иштеген. Ошол жылдары улуу эпосту симфониялык оркестрдин коштоосунда айтып, талаа-түзгө, кокту-колотко гастролдоп чыгып манасчылык өнөрдү калың элге жайылтып, Түркия, Россия, Кытай, Бельгия, Пакистан, Афганистан, Италия, Японияга чейин барган. Андан сырткары, Сагынбай Орозбаковдун айтуусундагы манасты 28 сааттык көлөмдө радиого айтып жаздыртып, улуу манасчынын вариантына экинчи өмүр берген.
Манасчы, акын... СССРдин Жазуучулар союзунун мүчөсүнүн колуна калем алып ыр жазмай өнөрү да болгон. Анын "Көктөм" аттуу биринчи ырлар жыйнагы 1968-жылы окурмандарга сунушталган. Кийин "Жол ырлары" (1972), "Тоо жылдызы" (1975), "Ашуу" (1979), "Алтын аяк" (1982), "Таазим" (1985) деген ыр, поэмалары жарык көргөн. Ошондой эле Уркаш Мамбеталиев жазгыч манасчылардын катарына да кирет. Ал "Семетейди" кагаз бетине түшүргөн, кийин ал эмгек окурмандарга сунушталган. 1991-жылы Уркаш Мамбеталиевге "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти", 1994-жылы "Кыргыз Эл артисти" ардактуу наамдары ыйгарылган. "Түгөлбай ата" сыйлыгынын лауреаты, ошондой эле Манас орденине да ээ болгон. 2011-жылы 18-июнь күнү белгилүү манасчы Уркаш Мамбеталиев каза болгон.
Макаланы жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман