
Заманбап китепканалардагы креативдүү формалар
Киришүү
Акыркы жылдары китепканалардын ишинде коомдо китепти жана китеп окууну жайылтууга багытталган иштин көптөгөн жаңы стандарттуу эмес формалары пайда болду. Алардын айрымдары мурун эле китепкана практикасында колдонулуп келсе, айрымдары колдонууну күтүп жатышат. Китепти жана китеп окууну пропагандалоо китепкананын негизги багыты бойдон калууда ар бир китепкананын иш-аракетинде биринчи кезекте жаш окурмандарга багытталган иш формалары арбын болуусу керек.
Эгерде китепти окурманга жайылтууну маркетингдик милдет катары карасак, стратегияны иштеп чыгууда заманбап PR механизмдерин колдонсок, анда иштин интерактивдүү формаларын тандоо приоритеттүү болуп калат. Ар кандай иш-чаранын натыйжалуулугу көбүнчө чыгармачылык деңгээлге көз каранды. Чыгармачылык менен иштөө ар кандай форматта - адабий жана музыкалык болобу, викторина же толук масштабдуу акция болобу жакшы денгээлде иштин натыйжасын көрсөтүүдө эффективдүү натыйжа берет. Азыркы жаштар булар биринчи кезекте компьютердик продукцияны керектөөчүлөр жана визуалдык маалыматты кабыл алууга багытталган инсандар.
Азыркы окуучуларга жана студенттерге маалымат кыска, так, динамикалуу түрдө берилиши керек. Ал эми китепканачы үчүн эң башкысы окурманга эмоциялуу реакция калтырып, окурманды көңүл бурдуруу керек. Бул сунуштар Россияда жана чет өлкөлөрдө жаш колдонуучулар үчүн китепкана кызматынын жаңы формаларын сунуштайт, ошондой эле жаштарды китеп окууга тартууда маалыматтык технологияларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтөт. Бул материалда профессионалдуу басылмалар, интернет-ресурстар камтылат. Иштердин формасы алфавиттик тартипте жайгаштырылды. Колдонмодо предметтик көрсөткүч камтылган.
Массалык иштер – бул, биринчи кезекте массалык ишмердүүлүк ошондуктан бул ишмердүүлүк канчалык деңгээлде уюштурулган болсо китепкананын иммиджи ошого жараша болот.
Китепканалар заманбап реалдуулукту эске алып, жаш аудиторияны кызыктыра турган иштин формаларын тандап алышы керек, жаштардын маалыматты кабыл алууга көнүшүн, алардын мамилесин жана жашоо образын эске алышы керек.
Китепканада окурмандар менен интерактивдүү формада иш алып баруу азыркы күндүн талабы. Интеррактивдүүлүк бул “окурмандар, көрүүчүлөр менен биргеликте иш алып барууну камтыган элемент”. Интеррактивдүү методдор иш чаранын катышуучуларынын потенциалын жогорулатууга, иш чаранын жандуу болуусун кругозорунун кеңейишинин, активдешишине шарт түзөт.
Биз төмөндө кызыктуу жана креативдүү формаларга көнүл бурабыз:
Айстоппер (англ “eye stopper” - сөзмө сөз “көздү эмне токтотот”) – адамдарды өзүнө тартып турган, жаркыраган, өзгөчө көз жоосун алган панно. Мисалы: эң күчтүү айстоппер-бул өң, өзгөчө жаркыраган, нерсенин өңү адамды өзүнө көнүлүн бурдуруп турат. О.э адамдардын жана жаныбарлардын күлкүлүү жана стандарт эмес сүрөттөрү. Бул нерселер китепканада китеп көргөзмөлөрдү кооздоп чыгарганга колдонулат. Айстоппердин эң башкы функциясы көргөзмөдө адамдардын көнүлүн стендге бөлүү болуп саналат. Эреже боюнча көргөзмөлөргө турмуштук фигуралар атайын бир учурда көрсөткүч катары кызмат көрсөтөт. О.э. стендде башкача бир обьект, түз өтүп кете албай тургудай колдонулушу мүмкүн.
Китепканада интерактивдүү форма окурмандар менен биргеликте жазалган акция – атайын максатка жетүү үчүн жасалган кыймыл аракеттер. Китепканалык акциялар – бул потенциалдуу колдонуучулардын алардын китепканага келе электе эле аларга интеллектуалдык жактан китепканалык кызмат көргөзүү болуп саналат. Акциянын 3 түрү бар: нааразылык акциялары, кайрымдуулук жана китеп окууга арналган акциялар. Мисалы нааразычылык акциялар: “Биз наркотик, тамеки тартууга каршы турабыз!” ж.б.
Кайрымдуулук акциялары: Жыл сайын 1997-жылдан бери Россияда жазгы боорукердик жумасы өткөрүлөт, бул жумада ар бир мекеме катышып ага катышкан облустук китепкана четте калбастан “Белеке китеп берүү жумасын” жарыялап, бул иш чаранын катышуучусу болгон №14-интернаттын окуучуларына белеке китеп берилип, акциянын жүрүшүндө боорукердик жөнүндө макалдар айтылып, слайд көргөзүлүп белекке келген китептер берилип, акырында боорукердиктин символу катары балдар бак отургузушат.
Китеп окууну жайылтууга арналган акциялардын ичинен флешмобдорду белгилесек болот. Флешмоб - мурдатан даярдалган жалпы акция, көп адамдар келип атайын кыймыл – аракетти курчап турган элдин алдында жасап, анан тарап кетишет. Флешмоб –бул оюн, бул оюнду атайын китеп окутууга адамдарды тартууга карата уюштурса болот. Мисалы: элдер бар жерде ар тараптан бирден, экиден адамдар келип журнал, китептерди алып окушуп кайра тарап кетишет. Карап отургандар жок дегенде мезгилдүү басылмалар бар экенинен кабар алышат.
Флешмобдордун мисалдары: Калининградда “Виктория” супермаркетинде ”Классиканы бирге окуйбуз” аттуу флешмоб уюштурулуп анда 60 секунд 120дан ашык (мектеп окуучулар, студенттер, китепканачылар, мүмкүнчулүгү чектелген адамдар жана окурмандар) катуу ж-а көркөм өзүнүн сүйүктүү чыгармаларынан окушту. Бул учурда музыка, эч нерсе угулган жок бир гана ыр окугандардын үнү угулуп турду. 60 секундан кийин бардыгы кубанычта китептерин “Ура!” деп кыйкырып көтөрүштү. Акциянын жетекчиси катышуучуларга рахмат айтып, шаардын тургундарын шаардык китепканаларга келүүгө чакырык жасайт.
Копейска шаарында борбордук китепканада Челябинский областында жума бою экстраваганттуу кийимдерди, өзгөчө образдарды, китепкананын айнек витринасына кийинишип түшкү тыныгуу убагында китепти колго кармап катып турушту, бул идея өтүп бара жаткан адамдардын көнүлүн өзүнө буруп, китепканага кирүүгө шарт түздү.
Омск шаардык китепканасы Minneguim Challenge аттуу флешмоб өткөрүп анда топ элдер атайын кыймыл жасап жаткан учурда өз ордуларынан катып аларды ар кайсы ракурста тарткан оператор чыгап аларды тартат.Видеону монтаж кылууда убакытты тез кыймылдатылып ж-а жайлатылып көрсөтүлөт.Акцияга китепканада 60 киши катышып ар тармактын өкүлдөрү алар өздөрүнүн кыймыл-аракети менен китепкананы жарнамалап ютуб каналдан 1000ден ашык көрүүчү таап китепкананын жакшы рекламасы жарыяланган.
Адабий караоке – бул музыканын коштоосунда ыр окугандардын конкурсу. Мында катышуучулар алдын ала билишпейт кандай ыр окуйт жана кайсыл музыканын коштоосунда. Ритмге жараша тандалган ырга музыка кошуу менен окуп көркүнө чыгаруу керек.
Адабий печа-куча- (печа-куча-бул япон тилинен которгондо – “болтовня”) дегенди түшүндүрөт. Мында негизинен катышуучулар доклад даярдашып, ал доклад ар кандай темада же бир теманын алкагында болушу мүмкүн. Ар бир катышуучу 20дан ашпаган слайд жазап, ар бир слайдды 20 секунддан ашырбай презентация жасаш керек. Ал эми коноктор, катышуучулар өз суроолорун берүүсү зарыл. Коноктордун жардамы менен эң мыкты спикер кызыктуу слайды үчүн жеңүүчү деп тандалат.
Адабий фотосессия. Братск шаардык китепкана жергиликтүү телевидение менен биргеликте “Окурман шаар” аттуу трансляция өткөрүп, анда жума сайын бирден шаар тургундары акындардын ырларын окуп сюжетке тартылышты. Ошону менен 45 программа тартылып,”адабий фотосессия” проектисинин алкагында китепканачылар профессионалдуу сүрөтчүлөрдүн жардамы менен адабий образдарды чагылдырган фотосессия чыгарышты.Бардык өнөктөштөр китепкана менен тыгыз байланышта иш алып барышты.
Адабий аукцион – бул адабий оюн бул жерде чыныгы аукцион оюнунун эрежеси каралат. Бул жакта кимдин жообу так жана толук, акыркы болсо ошол утат. Аукционго адабий чыгармаларды жакшы билгендер катышышат.Абдан жакшы билген билермандар китеп сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.Оюнду өткөрүү үчүн атайын сатууга арналган китептерди топтоо керек жана катышуучулар жооп берүүчү суроолорду түзүп камдоо керек. Мисалы: чыгарманын башында цифра, жаныбар же адамдын аты берилген чыгармалардын атын сана?
Библио-вело-жарыш- “Китепканачылар кыймылда”. Айылдык китепканачылар өткөрүүчү акция. Мында китепканачылардын арасында тажрыйба алмашууга жана жакшы маанай тартуулоого арналган акция болуп эсептелет. Мында биринчи айылдан экинчи айылга маданият кызматкерлери менен биргеликте тажрыйба алмашууга арналган вело-жарыш уюштурулат. Библио-кросс – китеп окууга арналып, атайын тема берилип, ошол тема боюнча ким канча көп китеп окуса ошого атайын даярдалган белектер берилет.
Бук – слем (Book slam) – окурмандар арасындагы бүгүнкү күндө белгилүү китеп таймашы. Бул форма филология илимдеринин доктору Стефани Джентгенс тарабынан түзүлгөн. Англис тилинен которгондо “slam” бул “түртүп чыгаруу, жылдыруу” дегенди билдирет. Катышуучулар бир нече тайпага бөлүнүп, топтогулар аз убакыттын ичинде бөлүнгөн убакыттын ичинде реклама кылышы керек. Ар бир презентация кылган группага калыстар ж-а катышуучулар өздөрүнүн баасын берет. Презентация музыка, театрлаштырылса да болот.
Билимдин аукциону – чыгармачыл иш чара. Викториналык оюндардын ар түрдүүлүгү, таанып билүүнү өнүктүрүүгө багытталган оюндар ойнотулат. Интеллектуалдык көңүл ачуу оюнунда аукцион уюштулуп, анда суроолор “сатылып”, ал суроону “сатып алгандар” өзүнүн билими менен жооп берип аукционго катышууга мүмкүнчүлүк алышат. Белекти ким 1-туура суроого жооп бергендер алышат. Аукциондун негизги атрибуттары болуп коңгуроо, балка, жетон коюлат. Биринчи суроо окулуп ага баалар коюлуп, андан кийин жооп берип башташат, туура жооп бергенге коюлган баага жараша жетон берилип, ал жетондорду чогултуп оюндун аягында ким канча көп жетон чогултса ошого белектер демөөрчүлөр тарабынан берилет.
Вебинар – (анг.Webinar) – семинар, тренинг, иш чаралардын онлайн форматта өтүлүшү. Вебинарды уюштуруш үчүн интернет жана керектелүүчү технологиялар керектелет. Аралыктан иш чараларды өтүүдө, квалификацияны жогорулатууда колдонулуучу форма болуп саналат.
Виртуалдуу китеп көргөзмөсү - бул интернеттин, веб-технологиялардын жардамы менен аралыктан сайттарга китеп көргөзмөлөргө маалымат берип жүктөө аркылуу китепканага жаңы окурмандарды тартууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Демотека – китепканада окурмандар үчүн уюшулган бөлүм, окурмандар өздөрүнүн чыгармачылык менен жасаган иштерин калтырышат. “Демос” – музыка, адабият, сүрөт, кино, графика ж.б. Бул бөлүмдө окурмандар өздөрүнүн чыгармачылыгын чогулган аудиторияга презентация кылуу менен кызыккан адамдарга чыгармачылыгынан үйрөтүп, башкалар да алып кетүүсүнө көмөк көргөзөт.
Диолог түрүндөгү көргөзмөлөр: Алардын өзгөчөлүгү китепканачы менен окурмандын, окурман менен окурмандын ортосундагы ой-пикир алмашууларды камтыйт. Мында коюлган маселе боюнча окурман өзүнүн оюн айтса, китепканачы анын оюн толуктайт же кемчилигин айтып балким туура багыт алуусуна жардам берүүсү зарыл. Бул түрдөгү көргөзмөлөрдү өткөрүүдө төмөнкүдөй варианттарды колдонсок болот: “суроо-жооп” көргөзмөсү, көргөзмө - талкуу, көргөзмө-диспут, көргөзмө –дискуссия, көргөзмө – талаш деген сыяктуу түрлөргө бөлүп өткөрсөк болот.
Интерактивдүү көргөзмө – бул көргөзмөлөр окурмандар менен китепканачылардын ортосундагы жандуу пикир алышуу менен өзүнүн максатына жетсе болот экендигин даңазалайт.
Изилдөө – көргөзмөсү. Бул көргөзмөнүн негизги максаты окурмандардын кайсыл тармакта кызыккандыгын көргөзүп турат. Мисалы, интерактивдүү китеп көргөзмөсү “Кылымдын мыкты китеби” сыяктуу темаларда чыгаруу менен окурмандардын китепке кызыгуусун арттырууга болот. Буга улай эле “Алтын текче” 20-кылымдын мыкты чыгармаларынан турган көргөзмө. Ал эми кийинки бөлүмдөрүн “Кылымдын жомогу”, “Кылымдын жазуучулары”, “Кылымдын прозасы”, Кылымдын поэзиясы”, “Кылымдын персонажы” сыяктуу темалар менен улантсак болот. Китепканага жаңы окурмандар келишип кайсыл чыгарма көбүрөөк окула турганадыгын белгилешет. Аны белгилөөнүн төмөнкүдөй түрлөрү бар:
- Келгендер жалбыракчаларга окурмандык каалоолорун же сүйүктүү авторун же китебин жазып калтырышат;
- Окурмандар өздөрүнүн каалоолору жазылган 3 түрдүү светтеги жалбыракчаларга каалоолору бир болгон окурмандар жазып чапташат.
Идеялардын фабрикасы - Россиянын жаштар китепканасы жаштар үчүн жаңы проекттерди, идеяларды креативдүү жаштар, коноктор алдына алып чыгып презентация жасоого мүмкүнчүлүк түзөт. Жакшы ойлоп табуулардын авторлору китепкана базасында өздөрүнүн проектилерин аткарса болот. Формат маанилүү эмес. Эң башкысы проект жаштарга арналышы керек.
Квест (“quest”- издөө) – Бир нече адамдан турган 2 команда атайын даярдалган бөлмөдө ойнотулат.Бул китепканаларда активдүү колдонулуучу форма. Квестке катышуу үчүн атайын окуучулар, студенттер келишет. Команда 4же 6 кишиден турат. Жеребьевкадан сырткары маршруттук листке аялдамалардын белгилери менен бөлүнүшөт. Муршруттук баракчада жазылган бардык этаптарды баштан өткөрөсүн. Ар бир аялдамадан катышуучулар берилген тапшырмаларды аткарышат же чыгармачылык менен тапшырмаларды аткаруу керек болот. Бул тапшырма 1 саат ичинде аткарылууга тийиш. Буга окшогон оюндар – китепканадагы саякатты уюштурууга, бир учурда көп маселени чечүүгө арналат: белгилүү чыгармачыл адамдардын жашоосу жөнүндө билүүсүн, аларды кызыктуу маалыматтар менен толуктоо, китепкана анын ресурстары, кызматтары менен катышуучуларды тааныштыруу.
Кызыктуу квест оюнуна мисал келтирели: Омск шаарынын 300 жылдыгына карата 9 командадан турган ар бир командада 5тен адам бардыгы окшош көк футболка “ Омск,читай!” жазуусу менен 3 кмди түзгөн маршрутттук баракча менен ар бир станцияга келип ал жердеги тапшырмаларды аткарып ал жактын ачкычын таап жатты. Станциялар шаардын тарыхый жерлери болуп, ал жактагы ар кандай тапшырмаларды аткаруу менен ачкычты алып квестин аягын табууга ашыгышты. Эгерде тапшырманы аткара албай калган командаларга кошумча да тапшырмалар берилди. Жеңүүчүлөрүнө атайын шаардын логотиби менен жазалган кубок жана сыйлуу белектер тапшырылды. Бул оюн борбордук китепкананын иммиджин көтүүгө, жарнамалоого чон өбөлго түздү.
Книжное дефиле- сценадага чыгармачыл өтүш, подиумга катышуучулар жаркыраган, кооз костюмдарды адабий чыгармадагы образдарды көрсөтүп өтүшөт. Дагы да кээ бир катышуучулар китептин сыркы кабындагы сүрөттү туурап же чыгармадагы каарманды же жазуучуну туурап чыгышса болот.
Китеп дресс-коду- массалык иштин бир түрү болуп саналып, буга заманбап адамдын иммиджин туура келүүчү жана сөзсүз турдө окуй турчу китептердин көргөзмөсү. “Китепкана – ийгиликтин аймагы” аттуу акция жүргүзүлүп анын жүрүшүндө бардык мекеме башчыларын чакырып, демөөрчүлөрдү, прессанын өкүлүн, ошондой эле китеп окууга кызыккан окурмандарды чакыруу менен китепкананын жетишкендиктерин чагылдырган презентация жасап ачык эшиктер күнүн өтсө болот. Ачык эшиктер күнү бул китепкананын престижин көтөрүп, атайын коомчулук менен мамиле түзүүгө шарт түзөт. Ачык эшиктер күнүндө атайын даярдалган слайд көргөзүлүп, директордун сөзү менен башталып андан кийин китепканага экскурсия жасалып, китепкананын өнөктөштөрү менен тааныштырып аларга сөз берилип, китеп көргөзмөлөргө маалымат берилип, китепкананын мүмкүнчүлүктөрү жана электрондук, салттык каталогдор, справочно-библиографический аппарат менен тааныштырылып келген конокторду стандарттуу эмес форма менен өтүлгөн иш чараларды көргөзүп катышуучулардын көнүлүн китепканага буруу керек.
“Кофе менен бирге интернет”- 30 минут бекер интернет, ысык кофе, таттуулар, кеңештер жана веб-серфинг (ар кайсы сайтттарга саякат)- бул кызматтарды акциянын катышуучуларына библиоофициант кызмат көргөзөт.
Китепканадагы өзүн-өзү башкаруу “Китепканачылык – бул креативдүүлүк”. Бул иш чаранын башкы максаты – китепканачылык кесипти даңазалоо. Бул форманы өткөрүүнү 27-май китепканачылар күнүнө карата өткөрүү сунушталат. 1 күн бою волонтер окуучулар же студенттер китепканачылардын ишин аткарышат. Алар китепканачылардын контролу астында 1 күн бою китеп табып окурмандарды тейлөөнү, китептерди кантип туура кою керек экендигин, формуляр толтургады, окурмандарды туура тейлегегди, китеп көргөзмөлөргө маалымат бергенди өздөштүрүшүп, бул күнү китепканачылардын ордуна кызмат кылышат. Ал күнү уюшулган иш чараларга активдүү катыша алышат.Акырында волонтер окуучуларга ыраазычылык каттар ыйгарылат.
Либмоб - бул акцияда блиц-суроолор берилет шаардын тургундарына, мисалы, китепканага барчу жолду билгендерге смайлик берилет, ал эми билбегендерге китепкананын адреси жана контактный номерлери менен календарь берилет. Кызыктуу оюндар, акциялар акциялар китепкананын иммиджин көтөрүүгө салым кошот. Мисалы, Февралск шаардык китепканасы Ачык эшиктер күнүндө, шаар тургундар үчүн көптөгөн кызыктуу акцияларды уюштурган, мисалы, кызыктуу иш чаралар, кооздолгон көргөзмөлөр, селфи салон “Мен китепканада”, жарнамалоо акциялары шаар тургандарын кайдыгер калтырбай китепканага кызыгуусун арттырды. Бул күнү дублер –шоу уюштурулуп, анада “Китепканачы бир саатка” акциясында 5-класстын окуучулары китепканачынын ролунда болупокурмандарды тейлөөгө катышышып, анда адабий каармандардын образында бала бакчанын тарбиялануучуларына экскурсия жасашып, кызыктуу оюн менен өткөрүштү. Ал эми чондорго китепткананын буклетин таратышып, кызыктуу суроолор менен алардын көнүлүн көтөрүштү.
Нон-стоп (английскийден которгондо “токтоосуз жүрүү” дегенди билдирет). Китепканада бул форманы колдонууда токтоосуз жумуш күнү бүткүчө өткөрүлгөн бири-бирин толуктап турган иш чаралардын топтому. Самар облустук илимий-китепканасы “Китепканалык Non-stop” аттуу 12 сааттык марафон уюштурган. Иш чара 11:00до башталып, түнкү 23:00го чейин болгон. Китепканада ал күнү экскурсия жүргүзүлүп, китепканалык сайтты презентация кылып, “Book crossing” акциясы менен тааныштырылды. Программага жаштардын, музыканттардын аткаруусунда ырлар, фотосессия атайын чакырылган сүрөтчүлөрдүн тарткан сүрөттөрү сайтка жүктөлөт. ”Интеллектуалдуу жаштар” аттуу конкурс өткөрүлүп ага катышкан жаштарга “Сокол жана Ласточка” деген романы менен квест-оюну түзүлдү.
Оюн көргөзмө. Бул коргөзмөлөрүн өзгөчөлүгү таанып-билүү жөндөмдүүлүгүнө байланыштуу уюштурулган көргөзмөлөр кирет. Окурмандарга бул түрдөгү көргөзмөлөр менен жөн гана таанышпастан, аларды оюндарга катышууга, активдүү болууга түртөт. Оюн түрүндөгү көргөзмөлгө : викторина-көргөзмө, кроссворд- көргөзмө, чайнворд-көргөзмө, табышмак-көргөзмө, конкурс-көргөзмө деп уюштурсак болот.
Окурмандардын катышуусу менен өтүлүүчү көргөзмөлөр: Бул көргөзмөнүн негизги өзгөчөлүгү болуп, мында окурмандардын өздөрү каалаган темасы б-ча көргөзмө чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Поэтикалык слэм- бир нече баскычтан турган акындардын таймашы, бул таймаш жөн гана ырдын мазмунуна карабастан, алардын аткаруу манерасына да карап жыйынтык чыгарылат. Архангелск облустук китепканасы адабий-поэтикалык слэм уюштурушуп, ал жакка бир гана акындар катышпастан, прозаиктер да катыша алышты. 1-турдун эрежеси боюнча аткарчу чыгармасына жана костюмуна көңүл бөлүндү.Чыгарманы аткарууда ар кандай мелодекломация, видеозапистер (анимация, жарнама роликтери, сүрөттөрдөн, журналдардан турган коллаж жасалды. Ал эми 2-турдун эрежеси боюнча авторлор чыгармаларын аткарууда мимиика, жест, пантомимиканы жана үн кубултуп аткаруу керек болду. Слэм 3 номинацияда аткарылды: “Поэзия”, “Проза”, “Обондуу ырлар” болуп бөлүнүп өткөрүлдү. Бул слэмдин негизги максаты- шаардагы поэзиянын авторитетин көтөрүү жана чыңдоо болуп саналат.
PRO - кыймылдагы китеп – Азыркы учурда адамдар китеп окууга убакыт бөлүштүрө албай жаткан учурда бул акцияны өткөрүү өзүнүн натыйжасын бербей койбойт. Мисалы бул акцияны өткөрүүнүн эрежеси төмөнкүдөй: Армавир шаарындагы балдар китепканасы ушул акцияны өткөрүп, анда балдар поликлиникасына биринчи өткөрүп китепканачылар атайын жылма текчелерге китептерди коюшуп поликлиникада кезек күтүп отурган ата-энаси менен балдарга китеп таратышып алардын убактысын пайдалуу өткөргөнгө аракет кылышты. Кээ бир окурман китепти үйүнө алып кетишти дагы улантып окуу үчүн. Ушундайле жылма китеп текчелер менен аялдамада автобус күткөн адамдарга китептер сунушталып, алар да кызыгуусун билдирип кээ бирлери китептерди үйлөрүнө алып кетишти. Бул акциянын негизги максаты китепканага жете албай жүргөн окурмандарга китеп жеткизүү жана жаңы окурман табуу болуп саналат. Мындай акциялар шаар эли үчүн бир гана жагымдуу маанай тартылбастан, алар үчүн пайдалуу да иш болгонун шаар тургундары өздөрүнүн сөзүндө билдирип кетишти.
VIP-Гид оюну: Оюндун катышуучуларын гид-экскурсовод катары өзүн байкап көрүү сунушталат. Анын эң негизги максаты өзүнүн маршрутун конок үчүн тактап, туура жана кызыктуу кылып жеткизүү болуп саналат. Алар бул маршрутту буклет, жол көрсөткүч, видео-слайд менен көргөзүп жеткире алышат.
Оригиналдуу, жаркыраган, туура чыгарылган китеп көргөзмө окурмандардын көңүлүн гана бурбастан ошол китепти жарнамалоого жардам берет.
Интеррактивдүү көргөзмөлөрдү төмөнкүдөй түрлөргө бөлсөк болот: оюн көргөзмө, диолог көргөзмө, окурмандардын жардамы менен түзүлгөн көргөзмө, изилдөөчү-көргөзмө болуп бөлүнөт.
Эл аралык китепканадагы креативдүү формалар
Окулган китептердин экраны – Бул форма окуунун динамикасын көрүүгө жардам берет. Атайын экранда окуй турган китептерден сырткары ошол китептерди окуган окурмандардын сүрөттөрү тагылат. Бул форма кайсы китепкана болбосун ошол китепкананын окуу баскычын көргөзүп турат. Окурмандар экрандан өздөрүнүн тааныштарын, досторун көрүү менен ошол китепти окууга алып, ошонун алкагында пикир алышууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Өспүрүмдөр жана мода - Нью-Йорк китепанасы “Өспүрүмдөр жана мода” аттуу жаңы программа даярдаган. Бардыгына белгилүү болгондой өспүрүмдөр кийимге көп көңүл бөлүшөт, ошол себептүү китепкана программасы өспүрүмдөр менен Тиму Ганну (белгилүү журналист жана “Проект подуим” реалити-шоунун мода консультанты) менен биргеликте өткөргөн кечеси жаш өспүрүмдөрдүн кызыгуусун арттырды. Китепканада Vogue, Cosmo журналдарынын презентациясы болду.
Штрафтын ордуна окуу – Огайо штатынын китепканачылары китептерге карыздар үчүн башкача метод ойлоп табышкан. Жергиликтүү китепканалар өспүрүмдөр үчүн китеп окууну сунушташат. Эгерде 17 жашка чейинки өспүрүмдөр китеп окууга китепканачынын көзөмөлүндө киришсе, анда ал окурман китепке болгон карызынан кутулат. Мисалы, 5 минута китеп окуганы үчүн 17 сомдон кутулса болот.
Окурман театры: Эл аралык китепканаларда жаштардын программасы катары бул форма ишке киришкен. Бул театр жөнөкөй театрлардан айырмаланып, окурман окуп жаткан текстине жараша мимикасын, эмоциясын билдире алат. Бул жакта кастюм, гримм мааниге ээ эмес.
Колдонулган адабияттар
- «Библиотека – открытый мир». Новые формы библиотечной работы, привлечение читателей [Электронный ресурс]. Режим доступа: http//solbiblfil2.ucoz.ru/blog/novye_formy_bibliotechnoj_raboty_ privlechenie_chitatelej/2013-11-15-309
- Выразительно. Наглядно…и нескучно: интересные формы работы с молодёжью в библиотеке: информ. дайджест / Самар. обл. юнош. сост. Е. А. Иванова. – 2015. – 56 с.
- Гермизеева, А. Ю. Фигура, на месте замри! / А. Ю. Гермизеева // Современная библиотека. – 2017. - № 9. – С. 16-19.
- Интерактивные формы работы с читателями в библиотеках: метод. рекомендации / Обл. универс. науч. б-ка им. С. Муканова. – Петропавловск, 2014. – 24 с.
- Интересные формы массовой работы в библиотеке [Электронный ресурс]. Режим доступа: http://biblio-bgdn.org.ru/professionalam/formy -massovoj-raboty-v-biblioteke
- Креативные формы работы современной библиотеки [Электронный ресурс].
- Режим доступа: http://lib-avt.ru/kollegam/ kreativnye-formy-raboty-sovremennoy-biblioteki Круглый стол, посвященный продвижению детского и юношеского чтения // Библиотека. – 2017. - № 11. – С. 21-23
- Обзор креативных форм работы в библиотеках России [Электронный ресурс].
- Режим доступа: https://lektsii.org/14- 23949.html Окружная, Т. Городская среда под открытым небом: летние библиопленэры / Т. Окружная // Библиотека. - 2018. - N 3. - С. 69-72 39
- Опережая время: интерактивные формы работы библиотек: консультация-обзор / Дальневост. гос. науч. б-ка; сост. Е. Н. Бойняшкина. – Хабаровск, 2016. – 23 с.
- Привлечь и удержать: формы библиотечной работы в помощь образованию [Электронный ресурс]. Режим доступа: https:// ru.calameo.com/read/003184923e36c4894d7b8
Даярдаган: Өмүр кызы Зуура
Макаланы жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман