«Жакшы китеп адамзатка калтырыган мурас» аттуу китеп көргөзмө

Ата-бабаларыбыздан  тарыхта аты белгилүү болгон үч миң жылдан ашык убактан бери басып өткөн узак жолундагы руханий табылгаларынын  чогулткан баа жеткис  казынанын милдетин аткарып, элибиз ыйык тутуп, укумдан тукумга бөксөртпөй сактап, улам толуктап, байытып келе жаткан улуу мурасы болгон Манас эпосун  дүйнөгө даңазалагандар.

1. Дүйнөдөгү көлөмү жагынан  эң чоң , мазмуну жана мааниси жагынан уникалдуу, кыргыз элинин гана эмес,  адамзат цивилизациясынын фольклорунун көөнөргүс улуу руханий мурасы «Манас» эпопеясын изилдөө жана дүйнөгө даңазалоо максатында  Манас жана Чынгыз Айтматов Улуттук академиясы тарабынан «Манасты дүйнөгө даңазалгандар» аттуу китепинин   1чи чыгарылышы 2021 жылы жарык көргөн. Бул китепте Василий Радлов.Чокон  Валиханов Манас эпопеясынан үзүндүлөрдү жаздырып алышып, аны алгач Россиянын, андан кийин Европа илим коомчулугуна жеткиришкен. Бул биринчи чыгарылышта эки окумуштуунун изилдөөлөрү камтылса кийинки  чыгарылыштар 20 кылымдагы Манасты дүйнөгө даңазалоону уланткан фольклортаануучу, манастаануучу, окумуштуулардын эмгектерине арналмакчы.

2. Өткөн доордун акын, ырчылары жана эл оозунда толуп жаткан жомок лакап, макап, санжыра жана башка түрдүү аңгемелер тууралуу билгиңер келсе, Кыргыз адабиятындагы алгачкы илимпоз сынчы -адабиятчы , педагог, жазуучу жана котормочу  Тазабек Саманчиндин «Репрессияланган адабият» аттуу китебинен окуй аласыздар.

3.Көз карансыздыкты, калыстыкты, адилеттикти, сынчылдыкты, эркин турмушту сүйгөн, коомдук турмушта,саясий аренада жана илимде бекем позициясы бар, көрүнүктүү саясый жана коомдук ишмер, чыгаан манастаануучу Топчубек Тургуналиевдин 80 жылдыгына арналып жарык көргөн Топчуке китебинде  замандаштарынын ой пикирлери ,  куттуктоолору камтылган. Алты бөлүмдөн турган бул китептин бешинчи  бөлүгүндө Топчубек Тургуналиевдин Манас эпопеясын изилдеп, даңазалоого арналган макалалары, интервьюлары киргизилген.

4.Точубек  Тургуналиевдин «Байыркы көчмөн кыргыз цивилизациясы» аттуу китеби бул чөйрөдө эң алгачкы изилдөө. Мен бул илимий эмгекти жаңылык деп аныктадым. Себеби философиялык кыргыз илиминде бул пайдубалдык маанидеги эң алгачкы монография экендиги чындык деп белгилейт автор. Бул китепте  кыргыз илиминде изилдене элек маселелер талданган :Манас эпопеясында  баяндалган көчмөн кыргыз цивилизациясы, мифологиясы жана тарыхый чындыгы аралаш улуу эпопеядагы кыргыз цивилизациясы, кыргыз элинин жана бүт адамзаттын улуу руханий, көркөм интеллектуалдык  улуу мурасын жараткан кыргыз тилинин керемет байлыктарын изилдөөгө артордун оргиналдуу ой – пикирлери камтылып окурмандарга сунушталды. Кыргыз эли  узак тарыхый жолду басып өтүү менен бирге, дүйнөлүк маданияттын руханий казынасына  баалуу салым кошкон саналуу калктардын бири. Анын айкын далили Мейли көлөмү жагынанбы, мейли мааниси жагынанбы дүйнөдө теңдеши жок “Манас“ эпосу баш болгон көптөгөн  кенже эпостордун , көөнөргүс лирикалык  ырлардан тартып арман, кошоктор, макал лакаптар,ж.б камтылган дидактикалык  чыгармалардын жаралышы.

5.  Эр Төштүк энциклопедиясы. Манас улуттук академиясы тарабынан  илимий кызматкерлерге жана жалпы эле окурман журтуна  арналып алгачкы жолу жарык көргөн . Энциклопедияда көөнө сөздөр, фразеологизмдер,кыргыз элинин руханий маданиятын, адеп- ариетин , дүйнөгө болгон көз  карашын  чагылдырган сөздөр, согуштук курал жарактар, көркөм сөз каражаттары, каармандардын образдары берилип ,о.э эпозду изилдеген окумуңтуулардын  эмгектери тууралуу кеңири маалымат камтылган.

6.  2016-жылы “Манас ааламы” деген ат менен журналдын биринчи  саны жарык көрүп,  кийинчерээк 2019-жылы журнал кайрадан каттоодон өтүп  “Манас Чынгыз Айтматов ааламы” деген ат менен чыга баштаган.   Журнал  кыргыз элинин Манас эпопеясынын улуу мурасын, Чыңгыз Айтматовдун руханий көркөм баалуулуктарын сактоо, кеңири изилдөө жана дүйнөгө даңазалоо максатында  атын өзгөртүп “Эпос” эл аралык илимий журналы аталышта  жылына 4 жолу чыгарылып, ишин уланта баштады. Белгилей кетсек журнал Россиянын РИНЦ тизмесине жана Дои, Илайбрери каталогу сыяктуу дүйнөлүк илимий электрондук китепканалардын тизмесине киргизилген. Журналга Кыргыз Республикасынын жана башка мамлекеттердин көрүнүктүү окумуштууларынын  макалалары кыргыз, орус жана англис тилинде  басылып чыккан. Китеп - билим булагы, китепти сүйө билгиле. Ал турмушуңарды жеңилдетип, ой пикирдин, сезимдин, окуянын чийеленген түйүнүн чечүүгө жардам берип, адамды жана өзүн-өзү урматтоого үйрөтөт. Биз  канчалык көп окуган сайын, китептер  жашоо сырын ачып, өмүрүбүздү кызыктуу да, маңыздуу да, маанилүү да кыла баштайт демекчи  Бизин бөлүмгө жаңы келген адабияттар  сиздерди күтөт.


Макаланы жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!




Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.