
Жумамүдүн Кадырманбетовду эскерүү кечсинин сценарийи
Саламатсыздарбы урматтуу бүгүнкү эскерүү кеченин катышуучулары!
Өзүңүдөргө белгилүү болгондой коомдук ишмер, ардагер “Кыргызстан” Демократиялык Кыймылынын жумурияттык Кеңешинин мүчөсү, КДКнын Нарын облустук Кеңешинин тең төрагасы, Нарын районунун ”Ардактуу атуулу” наамынын ээси Жумамүдүн Кадырманбетовду эскерүү кечесинде жана өмүрүнүн акыркы жылында жарык көргөн “Санжыра жана азыркы доорубуз тууралуу учкай кеп” аттуу китебинин бет ачарында олтурабыз. Хандан-бектен кайра тартпаган, элдин бийликке болгон нааразычылыктарын, мүдөөсүн дипломатиялык жол менен жеткирген, эл үчүн, мамлекеттин өнүгүшү үчүн жанын да аябаган, ошол кездеги КДКнын карлыгачтарынын бири , Нарын жергесинен чыккан чыгаан демократ уулу Жумамүдүн Кадырманбет агабызга арнап куран окуу үчүн агабыздын классташы Ажы Жетибаев Токторбай агабызга кезек берсек.
Бүгүнкү эскерүү кечебизге Жүмамүдүн агабыздын чогуу иштешкен замандаштары, кесиптештери, классташтары, үй-бүлөсү, педагогикалык колледждин студенттери, балдары жана китепкана кызматкерлери катышып олтурушат. Жумамүдун агабыз өзүнүн жашоосунда эч бир тынбаган, ата журтубузда ошол кезде болуп жаткан тарыхый окуяларга кайдыгер карабастан бийлик менен элдин ортосундагы байланышты чыңдап, карапайым калктын жашоосун, мүдөөсүн, кыйналган элдин талаптарын жеткирүү менен көптөгөн иштерди алып барды. Азыр сиздердин назарыңыздарда Манас залы тарабынан даярдалган “Эмгеги менен элдин эсинде калган Жумамүдүн Кадырмамбетов” деген темадагы слайдка көңүлүңүздөрдү бурсам. Чоң ырахмат!
Ар бир инсан өзүнүн коомуна, элинин өтмүш тарыхына, азыркы жагдайына жана болочогуна сереп салып келет. Жумамүдүн агабыз да өмүрүнүн басып өткөн жолун, элине арнаган иш аракеттерин, ата тегин, өз айлынан чыккан көрүнүктүү инсандар, кыргыз санжырасы жана коомдогу демократиялуу асыл нарктар тууралуу ой толгоолорун жазып, “Санжыра жана азыркы доорубуз тууралуу учкай кеп” аттуу китебин эстеликке таштап кетти. Бул китеп биздин колубузга 2024-жылы жай айында Жумамүдүн агабыздын иниси алып келип усулдук уюштуруу бөлүмүнө тапшырган экен. Усулдук уюштуруу бөлүмдүн башчысы Упагүл Сатарова китепти алып барактап, окурмандарга кеңири түшүнүк берип китептин бет ачарын өткөзөөрүн айтат. Ошондо иниси телефонун сунуп, агам менен сүйлөшүп коюуңузчу, ооруп төшөктө жатты эле кичине болсо да кубанып калсын деди. Упагүл автор менен сүйлөшүп, жакшы ой тилектерин айтса, Жумамүдүн ага кубануу менен менин эмгегимди элге жеткирет экен деген жакшы сезим менен коштошушат. Ошондон кийин бул китеп укуктук-экономикалык окуу залына берилип, окурмандар үчүн китептин бет ачарын даярдоо жөнүндө кошумча планга киргизилген . Ноябрь айында чогуу иштешкен санаалаштары менен байланышып, китептин бет ачаарына келип салымыңыздарды кошуп кетиңиздер деп иш чараны декабрь айына өткөрүүнү сүйлөштүк. Бирок агабыз 31-августта каза болгон экен. Декабрь айында иш чарабыз өтпөй калды, чогуу иштешкен Зуура Уметалиева менен сүйлөшсөм, анда 15-февраль Жумамүдүн агабыздын туулган күнү, эскерүү кече жана китептин бет ачары болсун деп сунуш кылып, үй-бүлөсү менен жубайы Макен эже менен Бишкекке барып сүйлөшүп макулдаштым.
Китепте автордун санжырага, тарыхый окуяларга байланыштуу ар кыл макалалары, эскерүүлөрү, өзү жөнүндө баян, ошондой эле үй-бүлөлүк архивинен алынган сүрөттөр камтылган. Китептин баш сөзүн жазган Жумамүдүн агабыздын бир тууган иниси Тынчтыкбек Чоротегин, жооптуу редактор болуп китепти жарыкка чыгарган. Баш сөздө: Жумамүдүн Кадырманбет уулу, Жүкөн байкем – ушул менин тарыхчы илимпоз болуп калыптанышыма ар тараптуу бир тууган агалык салымын кошкон, жалпы эле бардык бир туугандарына тегиз жөлөк болуп Макен жеңебиз экөө ынтымактын уюткусу болгон деп жазат.
Ооба Жумамүдүн агабыздын атасы Кадырмамбет Чоро ажы уулу өз учурунда өзү теңдүүлөрдүн арасынан суурулуп чыгып, Чүйдөгү Киргшёлктогу ветеринардык окуу жайын окуп бүтүрүп, айылда башкы агроном, парткомдун катчысы,колхоздун башкармасынын торагасынын орун басары, ферма башчысы, комплестүү бригадир жана башка кызматтарды аркалаган. Инилери Кадыркул жана Садыркул менен карындашы Касийнанын келечегине кам көрүп, Нарындагы атайын орто окуу жайларында окуткан. Атасы бирөөгө көз каранды болбогон, түз сүйлөп, түз жүргөн калыс адам болгон жана 53 жашында каза болгон. Жумамүдүн агабыз да ата жолун жолдоп бир туугандарына акыл насаат сөзүн айтып, бардыгын окутуп, билимдүү кылып тууруна кондурган.
Бүгүнкү иш чарада агабыздын классташы чогуу иштеген да замандашы Жетибаев Токторбай агабызга сөз кезегин узатсам. Сиз жердеш катары “Эчки Башы айылынын кадырман адамдары, Жумамүдүн агабыз жөнүндө кыскача кеп сала кетсеңиз. Чоң ырахмат.
Автордун китебинде ” Эчки-Башынын кадырман кишилери” деген темада айылдагы алгачкы медресени ХХ-кылымдын башында курган Сулайман молдо Борбу уулу ашар жолу менен мектеп имаратын тургузган жана көп адамдардын кат-сабатын жойгон. Ошондой сабаттуулардын бири- советтик алгачкы агартуучулардын бири, 1919-жылдан тартып мугалим болгон Жусуп Иманалиев өз учурунда Нарын, Ысык-Көл облустарында 30га жакын айылдык мектептердин ачылышына салым кошкон. Ал 1947-жылы Кыргызстанга эмгек сиңирген мугалим деген ардак наамга арзыганын жазат. “Семетейчи Дуңкана” Кочуке уулу, белгилүү журналист жана публицист Сулайман Мамбеталиев,акын айымдар Жумакан Тынымсеитова,Күмүш Суранова,Турдубүбү Касымова,обончу Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмерлер Сайыргазы Түркмөнов, Султан Мамбетбаев ,Кыргыз Эл жазуучусу,Манас ордендеринин ээси Кеңеш Жусупов, туңгуч этнограф Какен Мамбеталиева, илимдин доктору Гүлмира Мамбеталиева, генерал-майор Бейшен Молдогазиев,коомдук ишмер Эсеналиев Мукаш жана башкаларды белгилеп кеткен.
Жумамүдүн агабыз менен үзөнгүлөш болуп иштешкен замандашы партиялык советтик, мамлекеттик кызматкер, ардагер Айыпов Үсөн абага сөз кезегин узатсам.Чон ырахмат.
Жумамүдүн агабыз менен бир кезде “Билим” коомунда чогуу иштешкен кесиптеши Нарын райондук аксакалдар кеңешинин төрагасы Нурманбетов Садыркул агага сөз кезегин узатсам. Чоң ырахмат!
Агай менен КДКда чогуу үзөнгүлөш болуп иштешкен замандаштарына 1991-жылы КДКнын Нарын шаардык уюмунун төрайымы юрист жана адвокат Зуурабүбү Үмөталиева эже сиз сөз учугун уласаңыз. Бүгүн Жумамүдүн агабызды эскерип аткандан кийин ал кишинин бейнесин ачып берсеңиз, кооптуу жумушуңуздардагы кай бир көз ирмемдерге саресеп салсаңыз. Чоң ырахмат. Анда кайрадан чогуу жүрүп, ачууну да таттууну да бирге таткан замандаштарына Кадыркул Бугубаевге, Касмалиева Күмүшгө жана Кубан Жумабаевге сиздерге сөз кезегин берсем. Чоң ырахмат.
1990-жылдары КДКнын негизги максаттары өлкөнүн укуктук демократиялык жол менен өнүктүрүү жана кызмат абалынан пайдаланып, элдин эсебинен байыгандардан арылуу, эң оболу элдин жашоосунун жакшырышына жана ден сооолугуна кам көрүүнүн жолдорун айтып , түрдүү элдин суроо талаптарын бийликке жеткирүү эле. Ошол эл үчүн кызмат кылган демократ уулдардын аркасынан кийинки муундар өсүп чыкты. Элдик революциянын баатыры Эркин Асаналиевге сөз кезегин узатсам. Чон ырахмат.
Жумамүдүн аганын жубайы Макен эже менен үймө-үй катышып, бирге иштешкен замандашы Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Даңк медалынын ээси, Нарын облусунун, Нарын шаарынын ардактуу атуулу ардагер Жумагулова Бурул эжеге сөз кезегин берсем. Чоң ырахмат.
Агабыздын иниси жеке ишкер, меценат Жусаев Муса сизге сөз кезегин ыйгарсак. Чоң ырахмат . Нарын шаардык Ж.Коңурбаева атындагы шаардык китепкананын директору Эсенканова Нурзатка сөз кезегин берсем. Чон ырахмат.
Агабыздын үй-бүлөсүнө жана жээни Нурлан мырзага , карындашы Гүлмира айым жана жубайы Макен эжеге сөз кезегин берсем. Чоң ырахмат! Жумамүдүн агабыздын эли үчүн кылган кызматы калайык калктын эсинде, келген жаш муундарга да тарбиялык мааниси зор болду демекчимин.
Кечени жыйынтыктоо үчүн усулдук уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Сатарова Упагүлгө сөз кезегин узатсам. Чон ырахмат. Сак саламатта болуңуздар!. Аман жетип алыңыздар.
Сценарийди жазган: Жунусалиева Ж.
Макаланы жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман