Чынгыз Айтматов, Айтматов Чыңгыз Төрөкулович,  Ашым, Биз  мындан да ары барабыз,  Сыпайчы, Кайракы жерде, аңгеме, ангеме,  аңгемелер, китеп, окуу, онлайн, бекер

Аңгемелер - «Ашым», «Биз мындан да ары барабыз», «Сыпайчы», «Кайракы жерде» - Чынгыз Айтматов

Автор: ,

ISBN: 9789967916067

Рейтинг: 3.0 ☆

Чыгарылган жылы:

Китептин барагы: 67

Форматы: PDF,

Тили: Кыргызча

Жанр : Маданият, Аңгеме, Автобиография,

Тег: Жыйнак, Аңгеме,

Темалар: ГЕЗИТЧИ ДЗЮЙО.............. 19 БИЗ МЫНДАН ДА АРЫ БАРАБЫЗ..... 30 СЫПАЙЧЫ.............. 40 КАЙРАКЫ ЖЕРДЕ

Азыркы учурда жеткиликтүү

Жалпы китептин саны: 0

Азыркы учурда: 0

Китеп окулду: 2911


Катталуу
Facebook аркылуу кирүү
Google + аркылуу кирүү


Китептин мазмуну:

УЛУУ ЖАЗУУЧУНУН АЛГАЧКЫ АҢГЕМЕЛЕРИ (баш сөз ордуна)

Албетте, дүйнөлүк адабияттын улуу өкүлдөрүнүн дээрлик баарысы сыяктуу эле Чыңгыз Айтматов да чыгармачылык чыйырын алгач аңгемеден баштаган. Көркөм чыгармачылыктын узак сапар жолунда адабий тажрыйба топтоонун, дүйнөнү көркөм аңдап туюнуунун жана аны образдуу чагылдырып берүүнүн мектеби, бүт өмүрдү сайып коюп өтөлүүчү милдетти аткаруунун «тажрыйба аянтчасы» катары эсептелген аңгеме жанрында күч сынап көрүү тагдырынан улуу калемгерибиз да кыйгап өтүп кетпептир. Арийне, алгачкы кадам деген алгачкы кадам, биринчи чыйыр деген биринчи чыйыр. Алгачкы кадам тамтуң ташталышы, биринчи чыйыр кээде сызгыч менен сызгандай түз болбой, ал турсун көзгө көрүнөр-көрүнбөс бүдөмүк болуп калышы да толук ыктымал, мыйзамченемдүү нерсе.

Бирок, пенде баласынын бул жашоодогу түмөн түйшүктүү өмүр жолу да ошол тамтуң ташталган биринчи кадамдан, дүйнөнү түрө кыдыруучу узак сапары да ошол алгачкы чыйырдан башталары барыга белгилүү аксиома эмеспи. Улуу калемгердин ошол тамтуң ташталган алгачкы кадамдары, көзгө бүдөмүк көрүнүүчү алгачкы чыйыры болуп, биздин терең ишенимибизде, «Газетчи Дзюйо», «Ашым», «Биз мындан да ары барабыз», «Сыпайчы», «Кайракы жерде» деп аталган беш аңгемеси эсептелет. «Газетчи Дзюйо» улуу калемгердин тырнак алды көркөм туундусу. Аталышы атпайжурттун баарынадайын болгон аңгеме.

Ооба, аталышы гана. Республиканын жаштарынын орус тилиндеги басылмасы болгон «Комсомолец Киргизии» гезитинин 1952-жылкы 6-апрелде- ги санынын акыркы 4-бетине жарыяланган. Ал кездеги басылмалар- дын бир бети бүгүнкү гезиттердин эки бетине барабар болгондугун 3эске алчу болсок «Газетчи Дзюйо» көлөмү жагынан деле дурус эле аңгеме экендиги көрүнүп турат. Автордун ысым-жөнү жазылгандан кийин «студент сельхозинститута» деген кошумча маалыма берилген. Чыгарма «Из рассказов, поступивших на конкурс» деген коштомо маалымат менен жарык көргөн. Өз мезгилинин талап-мү- дөөлөрүнө ылайык ошол 1952-жылдын башталышында «Комсомо­ лец Киргизии» гезити мыкты аңгемелерге конкурс жарыялаптыр. Ч.Айтматов тунгуч аңгемесин мына ушундай «аламан байгеге» сал- ган экен, «Газетчи Дзюйо» мына ушундай жарышка түшкөн чыгар­ ма экен, көрсө. Аңгеме анда баяндалган окуялардын ички логикалык өсүп-өнүгүүсүнө ылайык чакан-чакан торт бөлүкчөдөн турат. Биринчи бөлүкчөдө өспүрүм гезитчинин бир күндүк турмушун сүрөттөө аркылуу анын оор тагдыры коз алдыбызга тартылат. Аңгеменин экинчи бөлүкчөсү - көлөмү жагынан чоңу. Мында жаш жазуучу өспүрүм гезитчинин турмушундагы эң урунттуу учурду, тагыраак айтканда, беш улуу державанын ортосунда түзүлгөн Тынч- тык Пактысын колдоп, карапайым япондордун демонстрацияга чы- гуусуна күбө болуусун сүрөттөйт. Аңгеменин үчүнчү бөлүкчөсүнөн биз өспүрүм Дзюйонун өзү газет сатуу менен бирге эми согушка каршы, Тынчтык Пактысы үчүн кол топтоону да кошо жүргүзүп жаткандыгына күбө болобуз.

Аңгеменин соңку төртүнчү бөлүкчөсүнөн биз чыгарма жазылган ошол 1952-жылдагы улуу держава СССРдин коомдук турмушундагы типтүү көрүнүштү - жеке адамга сыйынууну - бир үзүмүн окуйбуз. «Газетчи Дзюйонун» өксүк жактары эмнеде? Биринчиден, кийин- кийин улуу калемгер өзү таамай белгилегендей, китептик-гезиттик таасирдин ото күчтүүлүгү. Экинчиден, китептик-гезиттик ошол таа- сирден улам айрым учурларда баяндоодогу шаблондуулукка, жасал- малуулукка кабылуу, үчүнчүдөн, автордук ойдун, айтылуучу идеянын алдын ала эле дапдайын, ачык-айкын болуп турушу.








Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!


Сунушталган китептер

Азыркы учурда сайтта көп окулуп жаткан китептер





Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.