Ак-Талаа, район, тарых, Ак-Кыя, Көк-Жар, айыл, Ак-Тала, Ак-Чий, Жаңы-Тилек, Баетов, Жерге-Тал, Кадыралы , Кара-Ой, Кара-Бүргөн,  Коңорчок, Кош-Дөбө, Куртка, Терек, Үгүт,

Ак-Талаа районунун тарыхы

Автор: ,

ISBN: 9789967274044

Рейтинг: 5.0 ☆

Чыгарылган жылы:

Басмакана: Ыман Принт

Китептин барагы: 140

Форматы: PDF,

Тили: Кыргызча

Жанр : Тарых,

Тег: Ак-Талаа,

Темалар: Ак-Талаа, район, тарых, Ак-Кыя, Көк-Жар, айыл, Ак-Тала, Ак-Чий, Жаңы-Тилек, Баетов, Жерге-Тал, Кадыралы , Кара-Ой, Кара-Бүргөн, Коңорчок, Кош-Дөбө, Куртка, Терек, Үгүт,

Азыркы учурда жеткиликтүү

Жалпы китептин саны: 0

Азыркы учурда: 0

Китеп окулду: 1458


Катталуу
Facebook аркылуу кирүү
Google + аркылуу кирүү


Китептин мазмуну:

Кыргызстандын ар бир районунун өзгөчөлүгү, башка райондорго окшобогон бөтөнчөлүгү болот. Ак-Талаа тарыхый мурастарга бай, өзүнчө кут берекесин чачкан өзгөчө өрөөн. Канчалаган кылымдар өтсө дагы, кагаз бетине жазылбаса дагы, өткөн тарыхый окуялар ташкабы, тоогобу же тарыхый мурастардабы, жергеби, коргон чептердеби өз издерин калтырып, эл оозунда уламышка айланып жашап келе жатат. Өткөн тарыхтын изи калтырылган тоо таштарды өрөөнүбүздүн бардык булуң бурчунан кезиктирүүгө болот.

Кыргыз элинин тарыхында Ак-Талаа өрөөнүнүн элинин өз орду, салган изи, элибизден чыккан өчпөс эрдиктерди жараткан баатырлары, эр-азаматтары, акылман ойчулдары, манасчы ырчылары, акын жазуучулары эмгегинен баар тапкан баатырлары, академик окумуштуулары, элине эмгек сиңирген кызматкерлери, атпай журтка белгилүү инсандары бар. Айрымдарын атай кетсек, хан Шырдакбек, Алп Тобок, Атантай, Тайлактай баатырлар, Осмон датка, Муса Кожо, Баатайдай даанышмандар, Тоголок Молдо, Музооке, Молдобасандай акын манасчылар,) Шүкүрбек, Калыйдай жазуучу композиторлор, Муса, Калмурат, Бектемирдей ырчыларыбыз, Кыргыз мамлекетин түптөөгө өз салымын кошкон Нуркул Кулназаровдой, районубузду түптөөгө зор салым кошкон Барашов Мааданбектей жана башка толуп жаткан элине кызмат кылган инсандарыбыз менен сыймыктанабыз.

Эгемендүүлүк алгандан бери кыргыз мамлекетинин экономикасынын өнүгүшүнө, ынтымагына акталаалыктар бараандуу салымдарын кошуп жатышат.

Тарыхый мурастарга бай районубуздун ар бир айылынын тарыхын топтоп өзүнчө китеп кылып чыгаруу оюмда жүргөн эле Ушул ойду ишке ашырууда “Музей демилгелери” борборунун атынан Америка Кошмо Штаттарындагы Кристенсен фондуна долбоор жазып, анын алкагында Борбор Азиядагы Америка университетинин профессору, тарых илимдеринин доктору Чолпон Турдалиева, Нарын облусу боюнча долбоордун координатору Нарын тарыхый этнографиялык музейинин директору Анара Сабитова китепти чыгарууга демөөрчү болушту.

Бул китепте Ак-Талаа району боюнча жалпы маалымат, ар бир айылдын тарыхы камтылып, ошол айылда туулуп өскөн, айылда эмгектенгендер, айылдын, райондун, областтын жана Кыргыз мамлекетинин экономикасына, маданиятына жана башка тармактарга өзгөчө салым кошкон инсандар, Социалисттик Эмгектин Баатырлары, илимпоздор, тарыхый инсандар, белгилүү спортчулар, орден, медалдуулар, Ата Мекендик согуштун катышу-учулары, эмгек сиңирген наамын алгандар жана башкалар киргизилди.








Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!


Сунушталган китептер

Азыркы учурда сайтта көп окулуп жаткан китептер





Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.