None

Азыркы кыргыз тили

Автор: ,

ISBN: 5-655-01088-7

Рейтинг: 5.0 ☆

Чыгарылган жылы:

Басмакана: "Кыргызстан» басма үйү

Китептин барагы: 229

Форматы: PDF,

Тили: Кыргызча

Жанр : Лингвистика, Кыргыз тили,

Тег: Тил илими,

Азыркы учурда жеткиликтүү

Жалпы китептин саны: 0

Азыркы учурда: 0

Китеп окулду: 4044


Катталуу
Facebook аркылуу кирүү
Google + аркылуу кирүү


Китептин мазмуну:

  Тил — адамдардыи ортосундагы карым-катнаштын, өз ара пикир алмашуунун куралы. Тил аркылуу адам жамааты түзүлүп, 
алардын турмушундагы, түрдүү ишмердүүлүгүндөгү катнаш жүзөгө ашырылат. Тил адамдардыи жогорку акыл-эсин, дүйнө таанымын, тажрыйбасын, руханий жетишкендиктерин сактап, кылымдан кылымга алып жүрүүчү уникалдуу көрүнүш болуп эсептелет. Жер шарында 2500 менен 5000дин тегерегииде тил бар. Алардын ар бири — өзү тиешелүү жамааттын жаралышы менен кошо жаралып, кошо өнүккөн, коомдук-тарыхый жактан калыптанган зор жетишкендик, кайталангыс байлык.
  Жалпы эле адам тилин жана конкреттүү этностордун тилдерин изилдей турган илим тил илими же лингвистика деп аталат.
Тил илими изилдөө объектисине карай жеке тил илими жана жалпы тил илими деп эки түргө бөлүнөт. Жеке тил илими конкреттүү тилдерди, же тектеш, же географиялык бир аймактагы типологиялык жактан жакын тилдердин топторун иликтейт.     Мисалы, кыргыз тил илими кыргыз тилинин, орус тил илими орус тилинин, казак тил илими казак тилинин азыркы абалын, өнүгүш тарыхын, түзүлүшүн үйрөтөт. Түркология түрк тилдерин, балкан тил илими (балканистика) балкан жарым аралындагы тилдерди изилдейт. Ошентип, жеке тил илими айрым бир тилдин, же белгилүү тилдердин тобунун фактылары менен чектелет.
Ар бир тил өзүнчө өнүгүшкө, тагдырга ээ болгон менен, жалпы адам тилин бириктирип турган орток, типтүү көрүнүштөр бар. 
Мындай бардык тилдер үчүн мүнөздүү орток маселелер жалпы тил илиминде текшерилет.








Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!


Сунушталган китептер

Азыркы учурда сайтта көп окулуп жаткан китептер





Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.