Китептин аудио форматын угуңуз
x дан y
Чиркей, чабалекей жана жылан
00:00
00:00


Чиркей, чабалекей жана жылан

Автор: ,

Рейтинг: 5.0 ☆

Форматы: Аудио,

Тили: Кыргызча

Жанр : Уламыш,

Тег: Жаштар үчүн,

Азыркы учурда жеткиликтүү

Жалпы китептин саны: 0

Азыркы учурда: 0

Китеп окулду: 962


Катталуу
Facebook аркылуу кирүү
Google + аркылуу кирүү

Китептин мазмуну:

Илгери, илгери жер жүзүн топон суу каптаганда Нук пайгамбар: «Жан-жаныбарлардын тукуму үзүлбөсүн», - деп ар уруу жандыктын бир эркек, бир ургаачысын алып, кемеге салган дешет. Күндөрдүн биринде кемеде тешик пайда болуп, суу кире баштайт. Көрсө, аны чычкан тешкен экен. Нук пайгамбардын айласы кетип: «Ким бул тешиктен суу өткөрбөй жата алат?» - деп жар чакыртканда жылан: «Мен жата алам», - дейт. Айтканындай топон суу токтолгончо даам татпай, бир тамчы суу өткөрбөй тосуп жатат. Ошентип, топон суу токтолуп, кургакка чыгышат. Нук пайгамбар жыланды чакырып: «Акыңа эмне аласың?» - деп сураганда жылан: «Дүйнөдө эмне таттуу болсо ошону алам», - дептир. Ага Нук пайгамбар макул болуп: «Эмесе, ар бир жан-жаныбардын, жемиштин даамын татып, кайсынын таттуу экенин билип кел» - деп чиркейди жумшаптыр.Чиркей ааламды бүт кыдырып, кайра кайтып келе жатканда анын алдынан чабалекей тосуп чыгып: «Чиркейим, эмне таттуу экен?» - дейт. Чиркей : «Адамдын каны таттуу экен», - дептир. Анда чабалекей: «Тилиң кандай болуп калыптыр, тилиңди көрсөтчү?» - дейт да, чиркей тилин суна бергенде, анын тилин сууруп алып кошо жөнөп, экөө Нук пайгамбарга келишет. Нук пайгамбар: «Кана, чиркейим, жер жүзүндө эмне таттуу экен?» - деп сурады эле, чиркей «кың-кың» этип, эчтеке айта албай койду. Анда чабалекей: «Баканын каны таттуу экен деп жатат» , - деди. Чабалекейдин сөзүнө жыландын ачуусу келип, бир чапкан экен, чабалекей учуп кетип, куйругу экиге бөлүнүп, ошондон улам эки ача болуп калыптыр. Нук пайгамбар болсо чабалекейдин сөзүнө ишенип, баканы жыланга буюруптур. Ошондон улам жылан баканы соруп калат. Эгерде чабалекей болбогондо жылан адамдын канын соруп калмак экен. Жылан менен чабалекейдин өч болуп, адам менен чабалекейдин дос болуп калышы ошондон улам дешет.








Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!


Сунушталган китептер

Азыркы учурда сайтта көп окулуп жаткан китептер