None

Ишенаалы Арабаев - Эки доор инсаны

Автор: ,

ISBN: 978-9967-04-498-2

Рейтинг: 3.0 ☆

Чыгарылган жылы:

Басмакана: Maxprint

Китептин барагы: 251

Форматы: PDF,

Тили: Кыргызча

Жанр : Тарых, Маданият,

Тег: Үркүн, Улуттук боштондук, Өмүр баян, көтөрүлүш,

Азыркы учурда жеткиликтүү

Жалпы китептин саны: 0

Азыркы учурда: 0

Китеп окулду: 1954


Катталуу
Facebook аркылуу кирүү
Google + аркылуу кирүү


Китептин мазмуну:

Кыргыз элинин кылымдарды карыткан карт тарыхына саресеп салып кароо менен алар өз баштарынан бири бирин улап келген туркун доорлорду башынан өткөргөнүн байкоого болот. Бул аралыктарда кыргыз эли өз башынан гүлдөп өнүккөн ири дөөлөттү түзгөн мыкты доорлор менен катар эле эл катары жок болуп кете турган трагедиялуу мезгилдерди башынан кечирген. Мындай кырдаалга тушуккан дүйнөнүн канчалаган элдери тарых барактарында гана калып, эл болуп жашоосун токтотууга мажбур болгон. Айтор, түгөнүп, түтөп калбай же болбосо көбүрүп, чачыла ал бай кылымдардан кылымдарга учук улап, болжолдуу бир калыбын сактап келе жаткан кыргыз элинин тарыхы табышмактуудай сезилет. Мындай тарых табышмагынын бир жандырмагы катары кыргыз элин сактап жана туура жолго баштап келе жаткан пассионардуу инсандар ролун айтсак болот. Албетте, кайсы бир доорлордо кыргыз элине Манас баш болгон баатырлар жан аябай кызмат кылышса, башка доорлордо элге акылман, билимдүү жана жөндөмдүү инсандардын кызматы зарыл болуп келген. Пассионардуу инсандардын эл алдындагы зарылчылыгы жана инсандык ролу өзгөчө доорлор тогошуп, көндүм турмуш менен жатыккан жашоо астын-үстүн болуп, келечек тунгуюктап бара жаткан да зоболоп көтөрүлгөн. Ушул өңүттөн алганда, XIX жана XX кылымдар тогошоор мезгилде дүйнөлүк тарыхта эбегейсиз амплитудага ээ болгон жана ири масштабды камтыган чайпалуу болуп, планетардык денгээлдеги абдан зор маанидеги жанылануу тарыхый процесстери болгон. Алардын ичинен өзгөчө белгилеп кете тургандары - дүйнө өлкөлөрүндөгү биринен сала биринде башталган социалдык революциялар менен улуттук-боштондук кыймылдары жана адам цивилизациясынын тарыхында алгачкы жолу болгон кыргындуу биринчи дүйнөлүк согуш болчу.








Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!


Сунушталган китептер

Азыркы учурда сайтта көп окулуп жаткан китептер





Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.