
Кандуу жылдар 1-бөлүк | Аалы Токомбаев (балка)
Автор: Аалы Токомбаев,
ISBN: 5-86254-007-5
Рейтинг: 3.3333333333333335 ☆
Чыгарылган жылы: 1991
Форматы: PDF,
Тили: Кыргызча
Тег: Жыйнак,
Азыркы учурда жеткиликтүү
Жалпы китептин саны: 0
Азыркы учурда: 0
Китеп окулду: 2001
Facebook аркылуу кирүү
Google + аркылуу кирүү
Биздин электрондук китепканага болгону 50 сомго онлайн окурман болуп жазылып бир жылга баардык китепти онлайн окууга мүмкүнчүлүк алып, сайттын мындан аркы өнүгүшүнө салым кошууңуздарды суранабыз...
Бизден окурмандык билет алуу жана жазылуу онлайн электрондук китеп окуу боюнча кененирээк маалыматты --->>> 0700119997 вотсап номеринен алсаңыздар болот.
Китептин мазмуну:
УЛУУ ТРАГЕДИЯ — УЛУУ ЧЫНДЫК
Аалы Токомбаев — кыргыз профессионалдуу адабиятын баштоочулардын бири. Ал узак жашап, артында көөнөрбөс, өчпөй турган көп эмгек калтырган акын. Ушу азыр Аалыкенин калеминен жаралгандарды толугу менен жыйнап, жарыкка чыгара турган болсок 10 томго жетерлик мурас болот. Бирок жазуучунун күчү, дарамети — анын жазгандарынын санында эмес, сапаты аркылуу өлчөнөт. Ушундан улам эскертерим: Аалы Токомбаевдин чыгармаларынын ичинде мезгилдин татаал сыноосунан өтө албай, «чарчап» калчу чакырык ырлары да арбын.
Өзгөчө алар акындын 40-жылдарга чейинки саясий лирикаларына таандык. Аалыкенин ал кездеги ырларында ураан көп, так айтканда саясатка салып жазуу, күчтүү. Ар бир учурдун, коомдун өз саясаты болору анык. Ал эми саясат дегенибиз тез келип, тез өзгөрчү категориялардан. Ошондой болгон соң, ар бир мезгилдин мыктымын деген уулдары өз учурундагы коомдун саясий актуалдуу маселелеринен сырткары жашай албасы чын.
Андыктан, акындын 30-жылдардагы саясатка салып жазылган чакырык ырлары, кантсе да кечирим кылууга арзыйт. Мындан бөлөк, акындын жалпы эле чыгармачылыгына дүңүнөн баа бергенде, Аалыке кыргыз катары жашап турган чакта көөнөрбөс чыгармаларды жараткан классик катары жашайт. Анын чыгармачылыгынын бир баалуу жагы: акын жандуу кыргыз тилин, эл күнүмдүк колдонгон карапайым тилди — профессионалдуулуктун деңгээлине көтөрдү.
Чыгарма жаратууда кыргыз тилинин чексиз кооздугун, тереңдигин, ийкемдүүлүгүн ачты. Аалынын поэзиясы — олуттуу, таасын, улуттук калоритке өтө бай. Анын чыгармаларында али изилдене элек, ачыла элек укмуштуу катмарлар толтура. Кыргыз турмушунда көркөм сөздүн үлгүсү катары «Манас» эпосу эсептелсе, Аалыке андан ары элдик тилдин маңызын байытты да, сөз касиетиндеги түгөнгүс боекту, нюанстарды сыртка сапырып тыштагансыйт. Ушундан улам айтарым, А.Токомбаевдин чыгармачылыгы канчалык көп изилденгендей көрүнсө да, ал караманча изилдене элек. Азыркы кезге чейин өз баасын чындап албагандыгы кызык. Баса, башынан эле А.Токомбаевди сөздүн толук маанисинде социалисттик доордун акыны, Октябрь революциясынын жарчысы деп айтчубуз. «Октябрды ырдоо» анын бүтүндөй чыгармаларында кызыл сызык менен сызгандай ачык көрүнүп турат. Ошентип акын коммунизмди даңктап, коммунисттик идеологияны жактап жанын сабаганына карабастан, таңгалычтуу нерсе, кайра ал өзү ошол тоталитардуу режимден жапаны көп чек- кен. Ал өз жеке өмүрүндө далай жолу партиялык пленумдарда аеосуз сынга алынып, куугунтук жеген, улутчул аталган, ал тургай 37-49-жылдарда түрмөдө отуруп, өлүмдүн чеңгелинен чыккан.
Маалымат менен бөлүшүңүз
Сунушталган китептер
Азыркы учурда сайтта көп окулуп жаткан китептер
-
Каректен аккан көз жаш
Автор: Абилов Р.
ISBN: 978-9967-29-412-7
Жаш жазуучу Рустам Абиловдун "Каректен аккан көз жаш" аттуу туңгуч китебине үч повесть киргизилген. Ар бир чыгарманын каармандары дайыма адамгерчилик…
-
Чоочун киши | 1-китеп | Зуура Сооронбаева
Автор: З. Сооронбаева
ISBN: 978-9967-13-977-0
Романда эки жаш ортосундагы махабат, үй-бүлө маселелери, жашоодогу конфликттер, адамдардын ортосундагы ар кандай мамилелере, айрыкча жаштарга сабак б…
-
Эрте келген турналар - Атадан калган туяк - Чынгыз Айтматов
Автор: Айтматов Ч. Т.
ISBN: 978-9967-26-204-1
«Эрте келген турналар» повесттинде символикалык аталышы айтып тургандай, каардуу согуштун айынан эртелеп эс тарткан жаш өспүрүмдөрдүн башына түшкөн а…
-
Каныбек роман - Касымалы Жантөшев
Автор: Жантөшев Касымалы
ISBN: 5-660-00190-4
"Каныбек" - Касымалы Жантөшевдин эки томдуу тарыхый романы. Романда кыргыз элинин орус империясынын алдындагы жашоо-турмушу, социалдык абалы жана нег…
-
Сынган кылыч - Төлөгөн Касымбеков
Автор: Т. Касымбеков
ISBN: 978-9967-480-26-1
Элге кеңири белгилүү бул тарыхый роман көркөм адабиятка болуп келген катаал чектөөдөн улам цензурадан «өтпөй» калып калган көптөгөн тарыхый болумуш, …
-
Саманчынын жолу - Чыңгыз Айтматов
Автор: Айтматов Ч. Т.
ISBN: 978-9967-00-001-8
Бул китепке залкар жазуучу Ч.Айтматовдун дүйнөнүн 100дөн ашык тилдерине которулган "Саманчынын жолу" повести киргизилди.
Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!