
Кичинекей кызыл гүл - С. Т. Аксаков
Автор: С. Т. Аксаков,
Рейтинг: 5.0 ☆
Чыгарылган жылы: 1981
Китептин барагы: 41
Форматы: PDF,
Тили: Кыргызча
Жанр : Балдарга,
Тег: Жомок, Жаштар үчүн, Балдарга,
Азыркы учурда жеткиликтүү
Жалпы китептин саны: 0
Азыркы учурда: 0
Китеп окулду: 458
Facebook аркылуу кирүү
Google + аркылуу кирүү
Биздин электрондук китепканага болгону 50 сомго онлайн окурман болуп жазылып бир жылга баардык китепти онлайн окууга мүмкүнчүлүк алып, сайттын мындан аркы өнүгүшүнө салым кошууңуздарды суранабыз...
Бизден окурмандык билет алуу жана жазылуу онлайн электрондук китеп окуу боюнча кененирээк маалыматты --->>> 0700119997 вотсап номеринен алсаңыздар болот.
Китептин мазмуну:
Кайсы бир хандын жеринде, кайсы бир падышанын элинде атагы алыска кеткен, байлыгы ашынган бир соодагер болуптур. Анын дүр-дүйнөсү, деңиздин ары жагындагы чет өлкөлөрдөн алып келинген кездемелери, берметтери, баалуу таштары, эсеп жетпес алтын, күмүш акчасы бар болчу; ошол байдын биринен бири ашып түшкөн, ай десе аркы, күн десе көркү жарашкан үч эрке кызы бар экен, а эң кен- жеси баарынан ашкан сулуу болгон дешет.
Мына ошол бай соодагер өзүнүн кыздарын бар байлыгынан: берметтеринен, баалуу таштарынан, алтын- күмүш акчаларынан артык көрчү — анткени ал аялы каза болуп калгандыктан, кыздарынан башка кубанычты билбейт, бой тартып келаткан улуу кыздарын жакшы көрчү, а кенже кызын болсо жанынан артык көрчү экен, анткени кенжеси ото сүйкүмдүү экен да, атасынын көзүнүн агы менен тең айланып, ото боорукер болуптур.
Ошол соодагер бир жолу өзүнүн соодагерчилик иштери боюнча деңиздин ары жагына, адам буту баспаган, канаттуу учуп ашпаган алыскы олколорго жөнөмөкчү болот да, өзүнүн сүйүктүү кыздарын чакырып мындай дейт: «Менин сүйүктүү кыздарым, менин алтындай . акымбаттууларым, менин адамдан артык уздарым, мен соодагерчилик кылганы узак жердин учуна, кыйла жердин кыйрына, ондогон өлкөлөрдү, ата- бабам көрбөгөн жерлерди кыдырганы баратам, көн жүрөмбү, аз жүрөмбү, ким билсин, силерге айтаарым: мен жокто түз жашап, тек жүргүлө, эгер силер мен жокто чектен чыкпай ынтымактуу жашап, адептүү жүрсөңөр өзүңөр каалагандай белек ала келип берем. Силерге үч күндүк мөөнөт беремин, үч күндөн кийин келип, өзүңөргө кандай белек керек- тигин айтып бересиңер».........
Маалымат менен бөлүшүңүз
Сунушталган китептер
Азыркы учурда сайтта көп окулуп жаткан китептер
-
Каректен аккан көз жаш
Автор: Абилов Р.
ISBN: 978-9967-29-412-7
Жаш жазуучу Рустам Абиловдун "Каректен аккан көз жаш" аттуу туңгуч китебине үч повесть киргизилген. Ар бир чыгарманын каармандары дайыма адамгерчилик…
-
Чоочун киши | 1-китеп | Зуура Сооронбаева
Автор: З. Сооронбаева
ISBN: 978-9967-13-977-0
Романда эки жаш ортосундагы махабат, үй-бүлө маселелери, жашоодогу конфликттер, адамдардын ортосундагы ар кандай мамилелере, айрыкча жаштарга сабак б…
-
Эрте келген турналар - Атадан калган туяк - Чынгыз Айтматов
Автор: Айтматов Ч. Т.
ISBN: 978-9967-26-204-1
«Эрте келген турналар» повесттинде символикалык аталышы айтып тургандай, каардуу согуштун айынан эртелеп эс тарткан жаш өспүрүмдөрдүн башына түшкөн а…
-
Каныбек роман - Касымалы Жантөшев
Автор: Жантөшев Касымалы
ISBN: 5-660-00190-4
"Каныбек" - Касымалы Жантөшевдин эки томдуу тарыхый романы. Романда кыргыз элинин орус империясынын алдындагы жашоо-турмушу, социалдык абалы жана нег…
-
Сынган кылыч - Төлөгөн Касымбеков
Автор: Т. Касымбеков
ISBN: 978-9967-480-26-1
Элге кеңири белгилүү бул тарыхый роман көркөм адабиятка болуп келген катаал чектөөдөн улам цензурадан «өтпөй» калып калган көптөгөн тарыхый болумуш, …
-
Саманчынын жолу - Чыңгыз Айтматов
Автор: Айтматов Ч. Т.
ISBN: 978-9967-00-001-8
Бул китепке залкар жазуучу Ч.Айтматовдун дүйнөнүн 100дөн ашык тилдерине которулган "Саманчынын жолу" повести киргизилди.
Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!