
Көмөч нандын акылы
Автор: Х. Токоева,
Рейтинг: 4.0 ☆
Чыгарылган жылы: 2023
Китептин барагы: 16
Форматы: PDF,
Тили: Кыргызча
Жанр : Балдарга,
Тег: мектеп,
Азыркы учурда жеткиликтүү
Жалпы китептин саны: 0
Азыркы учурда: 0
Китеп окулду: 303
Facebook аркылуу кирүү
Google + аркылуу кирүү
Биздин электрондук китепканага болгону 50 сомго онлайн окурман болуп жазылып бир жылга баардык китепти онлайн окууга мүмкүнчүлүк алып, сайттын мындан аркы өнүгүшүнө салым кошууңуздарды суранабыз...
Бизден окурмандык билет алуу жана жазылуу онлайн электрондук китеп окуу боюнча кененирээк маалыматты --->>> 0700119997 вотсап номеринен алсаңыздар болот.
Китептин мазмуну:
Токойдо Аюу менен Шрек кошуна жашайт. Экөө жаз майрамына карата Маша менен Фионага белек берүүнү кеңешишти. Бирок эмне берерин билишпей, кечке ойлонушту. – Гүл! – деди Шрек. – Жок, бал берели, – дейт Аюу тамшанып.
– Болбойт, Фионанын балдан аллергиясы бар. –Таптым! Шарик беребиз! – деди Шрек кубанып. – Шарикти Маша бат эле жарып салат. Башка бир нерсе табалы, – деди Аюу. Экөө белек издеп, жолго чыгышат. Астынан Көмөч нан жолугат.
– Көмөч нан, кыздарга кандай белек берсе болот? – деп сурашты экөө жарыша. – Торт жасап бергиле. – Кантип? Биз жасаганды билбейбиз да? – Мен үйрөтөм. Келгиле, чогуу жасайбыз, – деп Көмөч нан сунуш киргизди.
- Үчөө биргеликте торт жасоого киришти. Аюу каткан балын чыгарды. Шрек кумшекер, Көмөч нан майын алып чыкты. – Эми бизге жумуртка керек, – деди Көмөч нан. – Менде жок. – Менде дагы, – деди Шрек. – Кайдан алабыз? Жумурткасыз торт жакшы болбойт, – деп Көмөч нан ойлонуп калды
– Мен билем, жумуртканы кайдан алышты, – деп шакылдады аларды байкап турган сагызган. – Айтчы бизге, – деп суранды Шрек. – Силер мени араңарга кошсоңор, айтып берем, – деп шарт койду. – Кошобуз! – деди үчөө тең жарыша. – Азыр эле түлкү айылдан тоок кармап келди. Түлкүгө барып, тооктон жумуртка сурайлы. – Ураа-аа! Кеттик! – деп Аюу тегеренип жиберди.
Ошентип алар жолго чыгышты. Суунун аркы жээгинде жашаган түлкү жаңы эле:
– Түшкүгө сонун тамак! – деп шилекейиң чубуртуп отурса, эшик такылдап калды. – Тык! Тык! – Ким бул? – деп түлкү чочуп кетти. – Кошуна, сенде тоок бар деп уктук. Тооктон жумуртка сурап берчи, – деди Аюу. – Тоокту жеп койдум, – деп Түлкү калп айтты.
Аңгыча кукулуктаган үн чыкты. Шрек үйдүн эшигин ачып жиберсе, тоок канаттарын каккылап мештен учуп чыкты. Түлкү калп айтып койгонуна ыңгайсыз болуп, уялып калды. – Калп айтканым үчүн кечирип койгулачы. Силер менен чогуу торт жасасам болобу? – деп Түлкү суранды.
– Кыздардын жаз майрамына торт жасамакпыз. Мүмкүн болсо, жумуртка берип турбайсыңбы, – деп Көмөч нан тоокко кайрылды. – Мени бошотсоңор, силерге көп жумуртка берем. – Албетте, бошотобуз! – дешти.
Аман калганына сүйүнгөн тоок жумуртка берди. Аюу менен Шрек жаңы достору менен биргеликте чоң торт жасашты. Көмөч нан аларга үйрөтүп турду. Торт бышканча, сагызгандын чыдамы кетип, Маша менен Фионага меймандар келе жатат деп эскертип турду. Кыздар кооз көйнөктөрүн кийип, атыр себинип, чачтарын тарап, супсулуу болуп отуруп калышты.
Аюу бир челек бал, Шрек атыр жыттуу гүл, тоок жумуртка, Көмөч нан чоң тортту көтөрүштү. Түлкү болсо шарик алып келди. Алар майрамды эң сонун маанайда өткөрүштү. Абдан даамдуу тортту бардыгы тамшанып жешти. Жакшы белек тапканына Көмөч нан ичинен сыймыктанып турду. Түлкү болсо Тоок менен элдешкенине кубанды.
Маалымат менен бөлүшүңүз
Сунушталган китептер
Азыркы учурда сайтта көп окулуп жаткан китептер
-
Каректен аккан көз жаш
Автор: Абилов Р.
ISBN: 978-9967-29-412-7
Жаш жазуучу Рустам Абиловдун "Каректен аккан көз жаш" аттуу туңгуч китебине үч повесть киргизилген. Ар бир чыгарманын каармандары дайыма адамгерчилик…
-
Чоочун киши | 1-китеп | Зуура Сооронбаева
Автор: З. Сооронбаева
ISBN: 978-9967-13-977-0
Романда эки жаш ортосундагы махабат, үй-бүлө маселелери, жашоодогу конфликттер, адамдардын ортосундагы ар кандай мамилелере, айрыкча жаштарга сабак б…
-
Эрте келген турналар - Атадан калган туяк - Чынгыз Айтматов
Автор: Айтматов Ч. Т.
ISBN: 978-9967-26-204-1
«Эрте келген турналар» повесттинде символикалык аталышы айтып тургандай, каардуу согуштун айынан эртелеп эс тарткан жаш өспүрүмдөрдүн башына түшкөн а…
-
Каныбек роман - Касымалы Жантөшев
Автор: Жантөшев Касымалы
ISBN: 5-660-00190-4
"Каныбек" - Касымалы Жантөшевдин эки томдуу тарыхый романы. Романда кыргыз элинин орус империясынын алдындагы жашоо-турмушу, социалдык абалы жана нег…
-
Сынган кылыч - Төлөгөн Касымбеков
Автор: Т. Касымбеков
ISBN: 978-9967-480-26-1
Элге кеңири белгилүү бул тарыхый роман көркөм адабиятка болуп келген катаал чектөөдөн улам цензурадан «өтпөй» калып калган көптөгөн тарыхый болумуш, …
-
Саманчынын жолу - Чыңгыз Айтматов
Автор: Айтматов Ч. Т.
ISBN: 978-9967-00-001-8
Бул китепке залкар жазуучу Ч.Айтматовдун дүйнөнүн 100дөн ашык тилдерине которулган "Саманчынын жолу" повести киргизилди.
Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!