
Азыркы учурда жеткиликтүү
Жалпы китептин саны: 0
Азыркы учурда: 0
Китеп окулду: 1104
Facebook аркылуу кирүү
Google + аркылуу кирүү
Биздин электрондук китепканага болгону 50 сомго онлайн окурман болуп жазылып бир жылга баардык китепти онлайн окууга мүмкүнчүлүк алып, сайттын мындан аркы өнүгүшүнө салым кошууңуздарды суранабыз...
Бизден окурмандык билет алуу жана жазылуу онлайн электрондук китеп окуу боюнча кененирээк маалыматты --->>> 0700119997 вотсап номеринен алсаңыздар болот.
Китептин мазмуну:
Элдик оозеки тамсилдер фольклордук башка жанрлар сыяктуу эле элдин үмүт-тилегин, дүйнөгө болгон көз карашын чагылдыруу менен бирге көркөм сез искусствосунун бир формасы катары калың калк катмарынын рухий таламдарын канааттандырып келген.
Кыргыз элинин оозеки тамсилдери жөн жерден пайда боло калган эмес. Адам баласы эзелки замандардан бери жаратылыштын кучагында жашап, флора менен фауна дүйнөлөрүнүн сырларын, жашоо шарттарын мыкты билишкен.
Андыктан сөз искуствосундо ар кыл жаныбарлар, канаттуулар тууралуу чыгармалар жаратылган. Аларды жалпысынан эки топко бөлүүгө болот. Биринчиси — айбанаттар, канаттуулар өз туруш-турпаттары боюнча салыштырмалуу түрдө бузбай сүрөттөлүп, алардын жашоо шарттары, тиричилиги аллегориясыз баяндалат.
Бул айбанаттар тууралуу жомоктордун негизин тизөт. Экинчиси — жан-жаныбарлардын, канаттуулардын жорук-жосундары, өң-түспөлдөрү каймана маани кабыл алып алардын кебете-кешпирлери, адам турмушу сындалат. Бул элдик тамсилдердин пайда болушуна негиз болуп берет. Элдик оозеки тамсилдердин келип чыгышы албетте, айбанаттар жөнүндөгү жомокторго тыгыз байланыштуу.
Айбандар жөнүндөгү жомоктордун кээси кадимки жомоктун чегинен чыгып, тамсилдик маанини кабыл ала баштагандыгын байкоого болот. Айбандын кылыкгжоругун баяндоо менен айрым адамдарга тиешелүү касиеттер каймана түрдө сындоого алынат. Негизинде жомоктук материал жатса да окуянын өнүгүү, мүнөздөрдүн ачылыш спецификалары жагынан кадимки тамсил- ге айланган чыгармалар аз эмес. Ошондой тамсил-жомоктун үлгүсү катарында Сагымбай Орозбаковдун «Жолбун ит», «Чычкан, мышык, арстан» чыгармаларын көрсөтүүгө болот.
Маалымат менен бөлүшүңүз
Сунушталган китептер
Азыркы учурда сайтта көп окулуп жаткан китептер
-
Каректен аккан көз жаш
Автор: Абилов Р.
ISBN: 978-9967-29-412-7
Жаш жазуучу Рустам Абиловдун "Каректен аккан көз жаш" аттуу туңгуч китебине үч повесть киргизилген. Ар бир чыгарманын каармандары дайыма адамгерчилик…
-
Чоочун киши | 1-китеп | Зуура Сооронбаева
Автор: З. Сооронбаева
ISBN: 978-9967-13-977-0
Романда эки жаш ортосундагы махабат, үй-бүлө маселелери, жашоодогу конфликттер, адамдардын ортосундагы ар кандай мамилелере, айрыкча жаштарга сабак б…
-
Эрте келген турналар - Атадан калган туяк - Чынгыз Айтматов
Автор: Айтматов Ч. Т.
ISBN: 978-9967-26-204-1
«Эрте келген турналар» повесттинде символикалык аталышы айтып тургандай, каардуу согуштун айынан эртелеп эс тарткан жаш өспүрүмдөрдүн башына түшкөн а…
-
Каныбек роман - Касымалы Жантөшев
Автор: Жантөшев Касымалы
ISBN: 5-660-00190-4
"Каныбек" - Касымалы Жантөшевдин эки томдуу тарыхый романы. Романда кыргыз элинин орус империясынын алдындагы жашоо-турмушу, социалдык абалы жана нег…
-
Сынган кылыч - Төлөгөн Касымбеков
Автор: Т. Касымбеков
ISBN: 978-9967-480-26-1
Элге кеңири белгилүү бул тарыхый роман көркөм адабиятка болуп келген катаал чектөөдөн улам цензурадан «өтпөй» калып калган көптөгөн тарыхый болумуш, …
-
Саманчынын жолу - Чыңгыз Айтматов
Автор: Айтматов Ч. Т.
ISBN: 978-9967-00-001-8
Бул китепке залкар жазуучу Ч.Айтматовдун дүйнөнүн 100дөн ашык тилдерине которулган "Саманчынын жолу" повести киргизилди.
Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!