Кыргыздын, музыкалык, аспаптар, Идиофондор, мембранофондор, аэрофондор,  кыргыздын үйлөмө, урма, какма жана элдик  музыкалык аспаптарынын этимологиясы, сырткы көрүнүшү»,  жасалуу жолдору, добуш бийикт

Кыргыздын музыкалык аспаптары: Идиофондор, мембранофондор, аэрофондор

Автор: ,

ISBN: 5-660-00488-1

Рейтинг: 5.0 ☆

Чыгарылган жылы:

Китептин барагы: 144

Форматы: PDF,

Тили: Кыргызча

Жанр : Фольклор, Аспап,

Тег: Музыка, комуз,

Азыркы учурда жеткиликтүү

Жалпы китептин саны: 0

Азыркы учурда: 0

Китеп окулду: 469


Катталуу
Facebook аркылуу кирүү
Google + аркылуу кирүү


Китептин мазмуну:

Кыргыз эли эзелтен колдонуп, пайдаланып келген музыкалык аспаптар, анын турмуш-тиричилиги, салт-санаасы менен тыгыз байланышта болгону жалпыга белгилүү. Ал аспаптардын сырткы түзүлүшүнө, жалпы көрүнүшүнө элибиздин социалдык, чарбалык карым-катнашы, улуттук бөтөнчөлүгү, эстетикалык, философиялык көз карашы, көркөм өнөрдү баалай билүүсү, өз таасирин тийгизбей койгон эмес.

Ошондуктан аспап (анын түзүлүшү, техникалык- акустикалык өзгөчөлүгү, күндөлүк турмушта колдонулу- шу) өткөн замандын оозеки салттагы музыкасына баа берүүдө, анын тарыхый өзгөчөлүктөрүн туура түшүндүрүүдө бөтөнчө мааниге ээ. Себеби аспаптын өзү же анын кал- дыктары (археологиялык эстеликтерде, сүрөт-чиймелерде, кол жазмаларда, эскерүүлөрдө болсун) көптөгөн кылымдар бою жашап келе жаткан оозеки салттагы элдик музыканын колго кармалчу, көзгө көрүнгөн бирден-бир күбөсү.

Элибиздин өткөн тарыхын, маданиятын, көп кылым сүргөн салт-санаасын, эстетикалык касиети өйдө көркөм дүйнөсүн үйрөнүүнүн негизги булактарынын бири болгон музыкалык аспаптардын баалуулугу, керектүүлүгү мына ушунда. Кыргыздын музыкалык аспаптарына болгон эзелки жана туруктуу кызыгууларга карабастан, ушул мезгилге чейип атайын ага арналып жазылган илимий эмгектин жоктугун айта кетүү зарыл.








Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!


Сунушталган китептер

Азыркы учурда сайтта көп окулуп жаткан китептер





Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.