Кызыл, кыргыз, тарых, 2-китеп, Белек, Солтоноев, репрессия, кенен хан

Кызыл кыргыз тарыхы 2-китеп - Белек Солтоноев

Автор: ,

Рейтинг: 5.0 ☆

Чыгарылган жылы:

Басмакана: Учкун

Китептин барагы: 224

Форматы: PDF,

Тили: Кыргызча

Жанр : Тарых,

Тег: Үркүн, репрессия, көтөрүлүш,

Азыркы учурда жеткиликтүү

Жалпы китептин саны: 0

Азыркы учурда: 0

Китеп окулду: 733


Катталуу
Facebook аркылуу кирүү
Google + аркылуу кирүү


Китептин мазмуну:

СОЛТО БӨЛӨКБАЙЛАРДЫН КАЗАК ШООРУК БААТЫРДЫ ӨЛТҮРГӨНҮ 
Кененсары Жаманкара менен Болотту өлтүргөн соң, алардын өлгөнүн бөлөкбайлар угуп, «бөлөкбай- дын бөрүлөрү» деп атанган жоо бөрүсү азаматтарынын ичтеринен кан өтүп, эриндерин. тиштеп: кап сени, Шоорук менен Кененсары деп ичинен сызып, Жаманкаранын агасы айтылўу жети кашка Чынгыш баатыр карыган чагында Жаманкаранын кайгысынан кайтадан атка минип, саяк, бугу, сарыбагыш, солто таластыктан чыккан атактуу күлүк аттарын жыйнай келип, эл жайлоого чыгып келе жатканда барган. Бөлөкбайдын боз балдарын жыйып алып: «Жаманкара ны Кененсарыга өлтүртүп коюп, кантип тамак ичип бастырып жүрөсүңөр? Кененсарынын болсо бир күнү ыгы келер, Шооруктун канын ичип келгиле», — дегенде, 10 чакты күнү аттарын жаратып, суутуп, анан кийин 70-80 тандалмалуу азаматтар аттанып чыгып, Шфборукка бет алып кечинде аттанып кеткен. Башчысы жетикашка Күрпүк менен Самак болгон. Жылгын  башыдан кечип чыгып, тоого Күндүз бекинип жатып, Каракоңуз менен жүрүп, Сарыжар басып, Кара Кыштактын оозуна барып, бекинип жатып кароолго киши койгон. Кароолчулар: «Кутурган Шамшынын башын жайпап келип-.калың жылкылуу, эң азында 300- 400 түтүн киши кызыл уук болуп үйүн тигип жатат», — дегенде баары жапырт кийимдерин бөктөрүп, көйнөгүн чечип алып, өзбектин соодагери экен деп ойлосун деп баштарына селде кийип, найзаларын көрсөтпөй, укурукча сүйрөтүп, айылга жакын кирип барганда катуулап өтүшүп, жайылып жаткан 700 чамалуу жылкыны тийип алып жөнөгөн. Мурун Кокондон ке- ле жаткан соодагер экен деп ойлоп, капилетте жат- кан казактар жоо экен деп жапырт атка минип, 100 чамалуу киши кууп чыккан.








Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!


Сунушталган китептер

Азыркы учурда сайтта көп окулуп жаткан китептер





Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.