Мамаке Шопок, Жусуп Мамай, Манас, эпосу, кыргызча

Мамаке Шопок - Жусуп Мамай

Автор: ,

ISBN: 978-9967-28-187-5

Рейтинг: 5.0 ☆

Чыгарылган жылы:

Китептин барагы: 92

Форматы: PDF,

Тили: Кыргызча

Жанр : Ырлар, Тарых,

Тег: тарых,

Азыркы учурда жеткиликтүү

Жалпы китептин саны: 0

Азыркы учурда: 0

Китеп окулду: 695


Катталуу
Facebook аркылуу кирүү
Google + аркылуу кирүү


Китептин мазмуну:

«Түп түптөлгөндө — келечекке жол ачылат!» - дейт кытай ойчулдарынын бири. Акыл болуп, накыл болуп, күн-түндөп айтса да күүсүнөн жаңылбаган, апталап-айлап айтса да түгөнбөгөн, дүйнөнү аруулуп, түбөлүк шам чырак болуп жанып, кыргыз элинин келечегине табериктелген «Манас» эпосун сегиз урпакка чейин айткан, Кытай Эл Республикасында жашаган залкар Жүсүп Мамай аттуу манасчы бул дүйнөдө жашап өттү. Ал өз өмүрүндө урпактарга мурас кылып «Манас» эпосунунун октологиясын айтып токтолбостон элдик оозеки чыгармачылыктагы, кенже эпос тегине кирген чыгармаларды да өз вариантында жаратууга жетишти. Алардын бири «Мамаке, Шопок» дастаны. Кеп оболу башынан болсун. «Кыргыз Эл Баатыры» атагын чет өлкөдө жашаса да, манасчылардын ичинен биринчи болуп алган, тагдырына буйурган манасчы, кечээ жакында дүйнө салган замандашыбыз Жүсүп Мамайдын батасын алып, өмүрүнүн акыркы жылдарында, акыл-насаатына күбө болуп калган жайым бар эле. Рамаатылык атам «кызым» дечү. Кызы болгусу келген Кыргызстандан агылып баргандар да (көзү ачык, кыргызчылы- гы бар, окумуштуулар ж.б.) көп эле. Арбак астында да куран окутуп, эскерип, өз парзымды аткарайын деп, «Келечегиңди билгиң келсе — тарыхыңа кайрыл» — деген ат менен залкар ма- насчы Жүсүп Мамайды эскерүү концертин Кыргыз Улуттук Филармониясына өткөрүүнү «Жүсүп Мамай калтырган маданий мурасты сактоо жана жайылтуу» долбоорун колго алып, Жүсүп Мамай манасчыга жолуккан кыргыздын коомдук ишмерлерин, окумуштууларды, жазуучу, акындарды чакырган элек. Кеңеш Жусупов, Өскөн Даникеев, Чоюн Өмүралиев, Осмонакун Ибраи- мов, Абдылдажан Акматалиев, Тынчтыкбек Чоротегин ж.б. көп кыргыз жарандарынан маек уюштуруп, концерт өткөрдүк.








Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!


Сунушталган китептер

Азыркы учурда сайтта көп окулуп жаткан китептер





Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.