Манас, манас эпосу, манас таануу, дүйнөлүк эпос, улуу дөөлөт, педагогика, нарк

“МАНАС” ЭПОСУНУН РУХАНИЙ, АДЕПТИК-ФИЛОСОФИЯЛЫК, ПАТРИОТТУК УЛУУ ДӨӨЛӨТТӨРҮ ЖАНА ПЕДАГОГИКАЛЫК АСЫЛНАРКТАРЫ

Автор: ,

ISBN: 9789967084636

Рейтинг: 5.0 ☆

Чыгарылган жылы:

Китептин барагы: 600

Форматы: PDF,

Тили: Кыргызча

Жанр : Фольклор, Тарых, Маданият,

Тег: педагогика, Манас эпосу, Манас,

Азыркы учурда жеткиликтүү

Жалпы китептин саны: 0

Азыркы учурда: 0

Китеп окулду: 2300


Катталуу
Facebook аркылуу кирүү
Google + аркылуу кирүү


Китептин мазмуну:

1.  Дүйнөлүк эпостордун Хан-Тенир тоосу

“Манас” - көлөмү жагынан гректердин атактуу “Илиадасы” менен “Одиссейинен” 20 эсеге, Индиянын даңктуу “Махабхаратасынан” эки жарым эсеге, “Шах-намеден” 5 эсеге чоң, жер жүзүнүн эң зор дастаны, дүйнөлүк эпостордун “Хан-Теңир тоосу” жана эң бийик “Эвереста.” “Манас” кыргыз элинин кылымдарды, доорлорду карыткан, “Too бузулуп сай болгон, сай козголуп тоо болгон, аты калып өзү жок, ар канча деңиз жоголгон” узак тарыхынын өзүнчө бир поэтикалык улуу “аэропанорамасы” сыяктуу.

Калктын алмустактан берки өмүр-баянын ыр менен баян эткен кучак жеткис эпопея, ичине ааламды батырган поэзия храмы. Бул улуу көркөм казына бүтүндөй Азиянын географиясын, кез жеткис мейкиндерин, андагы түркүн этносторду, калайык- калктарды кучагына алуу менен бирге кыргыз элинин турмуш- тиричилигин, аң-сезимин, талин, дилин, жан дүйнөсүн, этнопсихологиясын, эркиндик, көз карандысыздык үчүн жүргүзгөн каармандык, баатырдык күрөшүн, элдин жеңиштери менен трагедиясын, жакшылык күн, жаркын келечек үчүн каруусун казык, башын токмок кылган аракет-мээнетин оз ичине камтып турат. Бекеринен Чокан Валиханов эпосту кыргыз турмушунун “энциклопедиясы” деп атаган эмес.

Бул элдик поэтикалык энциклопедия кыргыздын керемет кол-өнөрчүлүгүн, көркөм искусствосун, коомдук түзүлүшүн, экономикалык чарбачылыгын, согуштук-аскердик өнөрүн, спорт оюндарын, башка калктар менен болгон дипломатиялык байланыштарын, эл- аралык достук мамилелерин, демократаялык жөрөлгөлөрүн, укуктук-мыйзамдык заң-эрежелерин, этакасы менен эстетикасын, каада-салттарын, диндик ишенимдерин, мифологиясын, философиясын,  астрономиясы менен медицинасын, педагогикасын, илим-билим түшүнүктөрүн, Ала-Тоонун жаратылышын, анын флорасы менен фаунасын, улуттун патриоттук идеологиясын, бир соз менен айтканда, ак калпак .— калктын бүтүндөй этнологиялык маданиятын кучагына алып турган өзүнчө бир кайталангыс укмуштуу маданий кубулуш.








Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!


Сунушталган китептер

Азыркы учурда сайтта көп окулуп жаткан китептер





Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.