мектеп, Айтматов, тест, аңгеме, повесть, драма,  роман, боюнча, тесттер, Мугалимдерге, журналисттерге, студентгерге,  магистранттарга, Айтматов, иликтөөчүлөр,

МЕКТЕП ЖАНА АЙТМАТОВ

Автор: ,

ISBN: 9789967908048

Рейтинг: 5.0 ☆

Чыгарылган жылы:

Басмакана: Китеп кж

Китептин барагы: 194

Форматы: PDF,

Тили: Кыргызча

Жанр : Суроо-Жооп,

Тег: тест, Сабак үчүн, Методика,

Темалар: Мугалимдерге, журналисттерге, студентгерге, магистранттарга, Айтматовду иликтөөчүлөргө арналат.

Азыркы учурда жеткиликтүү

Жалпы китептин саны: 0

Азыркы учурда: 0

Китеп окулду: 1299


Катталуу
Facebook аркылуу кирүү
Google + аркылуу кирүү


Китептин мазмуну:

Мугалимдердин чыныгы чыгармачыл аракетинин мыкты натыйжалары - окуучулардын жана билим мекемесинин гана эмес, бүтүндөй коомчулуктун бактысы. Мекен үчүн, эл үчүн “каруусун казык кылып...” иштеп берчү азаматтардын учкан уясындагы алган азыгы тааОирдүү болсо, желеги желбиреген мамлекеттин бүшүркөткөн коопсуздугу да, өр тартып өнүгүшү да кабатырга салбайт.

“Жаңы технологиянын заманындабыз” деп айтканыбыз менен ага жараша заманбап үлгүлүү шарттары жок, “Мугалим - коомдун күзгүсү” дегенибиз менен аларга карата айырмаланган камкордугу жок бул жагдайыбыздын тушунда “күн өтсө болду да” деген Кайдыгерликтин сазына батып бараткан ардактуу кесиптештерибиздин катарында “Тур, улуу журт!” дегендей кайраттуу чакырык жасагандагыдай тунук дымак менен үлгүлүү эмгек этип, үзүрлүү иштеп берип жаткан мугалимди кезиктирсек “алтын медалга арзыйт” деп даңктап, ак дилден барктап, чачылган абалыбызда бекемделип куралып, “андай айырмалуу агартуучулар барында билим берүү аксап кала бербейт” деген ишенимге ичтен ынанып, суктанып да, сыймыктанып да кучакка кубаныч толо түшөт.

     Чагылдырган ушул артыкчылыктарды артынган алтын мугалимдердин арасында дагы бир кайраткер, орошон талант бар экенине күбө болдук. Адабият алптарынын ана башындагы Айтматов атабыздын 90 жылдык мааракесине карата китеп жазып, аны басмадан чыгарууга белсене киришкен Нургүл Тайыр кызы коңгуроо кагып, багыт сурап, жол издеп турушу колдоого татыбай калса коомго кастык кылган болбойбузбу...

    Кыргызда “Жакшыны далилдөө керек, эң жакшыга эч кандай далилдин кереги жок” деп айтылат эмеспи. Нургүл Тайыр кызынын билим берүү тармагындагы күзгүдөн көрүнгөндөгүдөй педагогикалык жүзү, талант дарамети Айтматовду окутуу боюнча болуп турушу да жакшы көрүнүш. Эмнени жазганы, кантип жазганы бул китептин аннотациясы менен мазмунун окугандан кийин ичине үңүлүп талдоого алынса эле кантип сабак өткөнү, болочокто билим берүүнүн бийиктикке көтөрүлүшүнө кандай салымын кошо алуучу дем-күчкө ээ экени көрүнөт.

    Турмуштук да, жумуштук да бактың бийиктеп, жеткен ийгиликтериң “эң” болуп, багыт-келечегиң кең болуп, курганың бак, кербениң сак, ишиң так заманбап педагог катары атпай журтка ак кызмат кыла бергин деп алкоо айталы.

 

Куштарбек КИМСАНОВ, жазуучу. Маданияттын мыкты кызматкери, педагогика илимдеринин кандидаты.








Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!


Сунушталган китептер

Азыркы учурда сайтта көп окулуп жаткан китептер





Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.