
Сыдыков Осмоналы - Садыкова Шарифа
Автор: Ш. Садыкова,
ISBN: 978-9967-24-873-1
Рейтинг: 5.0 ☆
Чыгарылган жылы: 2008
Китептин барагы: 85
Форматы: PDF,
Тили: Кыргызча
Жанр : Автобиография,
Тег: Чогултулган эмгек, сырлар, Өмүр баян,
Темалар: Осмоналы молдо, агартуучу, Осмоналы Сыдыков жөнүндө эскерүүлөр, Белгилүү адамдардын айткандары, Осмоналы Сыдыков жөнүндө белгилүү адамдардын айткандары, Осмоналы Сыдыков жөнүндө жарыяланган макалалар,
Азыркы учурда жеткиликтүү
Жалпы китептин саны: 0
Азыркы учурда: 0
Китеп окулду: 990
Facebook аркылуу кирүү
Google + аркылуу кирүү
Биздин электрондук китепканага болгону 50 сомго онлайн окурман болуп жазылып бир жылга баардык китепти онлайн окууга мүмкүнчүлүк алып, сайттын мындан аркы өнүгүшүнө салым кошууңуздарды суранабыз...
Бизден окурмандык билет алуу жана жазылуу онлайн электрондук китеп окуу боюнча кененирээк маалыматты --->>> 0700119997 вотсап номеринен алсаңыздар болот.
Китептин мазмуну:
Өмүрү менен өрнөгү, эмгеги менен тагдыры элине таалай болчу адамдардын бири - молдо Осмоналы Сыдык уулу эле. Тагдыры менен таалайы, эмгеги менен ысымы эл-жеринде турса да эл-жерине кас каралган адамдардын бири — кыргыздын туңгуч тарыхчысы Осмоналы Сыдык уулу болчу.
Ырас, анын адамдык тагдыры да, чыгармачылык иши да өтө татаал, карама-каршылыктуу болду. Арийне, билген адамга ал жашаган мезгил да, саясат да дал ошондой эле...
Осмоналы Сыдык уулу 1875-жылы Кочкор өрөөнүндөгү Абайылда болуштугунда туулган. Атасы Кыдык (Сыдыктын чын аты ушундай — А. К.). Сарбагыш уруусунун ошол кездеги нарк кармаган, эл-журтуна таасири бар адамдардын бири болгон.
Азырынча колго тийген жана белгилүү болгон даректерге Караганда анын балалыгы бир жагынан алганда армансыз өткөн экен. Эмнеге дегенде ал ошо кездеги таалим-тарбиялуу чөйрөдө, б. а. кат-сабатын ачып, өз алдынча билимин көрсөтүүгө умтулган адамдардын арасында чоңойгон. Мындай шартка, мындай чөйрөгө а кезде ар бир кыргыз баласы туш келбегени белгилүү. Ушундан улам ал жаштайынан таалим алып, аркы-беркини эртелеп андап-билүүгө жетишкен. Мунун бир фактысы катары Жаркынбай молдону айтууга болот, ал ошол аймакка билими бар адам катары кадыресе таанылган. Дегеле аны бир туугандарынын дээрлик бардыгы кат тааныган, жазуу-сызуу иштерине жакын адамдардан болуптур.
Осмоналы жөнүндөгү макалалар кийинки жылдар аралыгында гана эркинирээк жарыялана баштады. Ошолордун бири тарыхчы М. Кожобековдун «Осмоналы Сыдык уулу жөнүндө маалымат» («Ала- Тоо». 1989, № 3 ) деген макаласы. Анда автор бир катар кызыктуу маалыматтар менен бирге Сыдык уулунун жергиликтүү молдолордон окуп көзүн ачканын фактылык материалдардын негизинде аныктайт. Ошондой эле анын билимин көрсөтүү максатын көздөп, Уч-Турпан шаарына барганы, 1899-жылы окуп калганы айтылат. Ушул маалыматтардын өзү Сыдык уулунун өмүр жолундагы урунттуу учурлардын башталышы катары кабыл алынат. Жогоруда келтирилген фактылардан улам ал кыргыз тарыхын иретке салуу, элге жеткируу максатына аябай берилгендиги байкалат.
Анткени бөлөк жерде жүрүү, билим алуу, максат байлоо жана бөтөн элдердин тарых дареги менен кабардар болуу акылы жетик жигиттин атуулдук сезимин ойготушу, намысына таасир бериши толук этимал. Экинчиден анын өмүрүнө байланыштуу болгон дарек-фактыларды иликтеп чыккан адам мындай бир кабарга кайдыгер карай албайт.
Маалымат менен бөлүшүңүз
Сунушталган китептер
Азыркы учурда сайтта көп окулуп жаткан китептер
-
Каректен аккан көз жаш
Автор: Абилов Р.
ISBN: 978-9967-29-412-7
Жаш жазуучу Рустам Абиловдун "Каректен аккан көз жаш" аттуу туңгуч китебине үч повесть киргизилген. Ар бир чыгарманын каармандары дайыма адамгерчилик…
-
Чоочун киши | 1-китеп | Зуура Сооронбаева
Автор: З. Сооронбаева
ISBN: 978-9967-13-977-0
Романда эки жаш ортосундагы махабат, үй-бүлө маселелери, жашоодогу конфликттер, адамдардын ортосундагы ар кандай мамилелере, айрыкча жаштарга сабак б…
-
Эрте келген турналар - Атадан калган туяк - Чынгыз Айтматов
Автор: Айтматов Ч. Т.
ISBN: 978-9967-26-204-1
«Эрте келген турналар» повесттинде символикалык аталышы айтып тургандай, каардуу согуштун айынан эртелеп эс тарткан жаш өспүрүмдөрдүн башына түшкөн а…
-
Каныбек роман - Касымалы Жантөшев
Автор: Жантөшев Касымалы
ISBN: 5-660-00190-4
"Каныбек" - Касымалы Жантөшевдин эки томдуу тарыхый романы. Романда кыргыз элинин орус империясынын алдындагы жашоо-турмушу, социалдык абалы жана нег…
-
Сынган кылыч - Төлөгөн Касымбеков
Автор: Т. Касымбеков
ISBN: 978-9967-480-26-1
Элге кеңири белгилүү бул тарыхый роман көркөм адабиятка болуп келген катаал чектөөдөн улам цензурадан «өтпөй» калып калган көптөгөн тарыхый болумуш, …
-
Саманчынын жолу - Чыңгыз Айтматов
Автор: Айтматов Ч. Т.
ISBN: 978-9967-00-001-8
Бул китепке залкар жазуучу Ч.Айтматовдун дүйнөнүн 100дөн ашык тилдерине которулган "Саманчынын жолу" повести киргизилди.
Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!