
Жазганыбыз жакшы окулсун десек ....
Автор: Ж. Касаболотов,
Рейтинг: 5.0 ☆
Китептин барагы: 40
Форматы: PDF,
Тили: Кыргызча
Жанр : Журналист,
Тег: туура жазуу, текст, макал лакап, грамматика,
Азыркы учурда жеткиликтүү
Жалпы китептин саны: 0
Азыркы учурда: 0
Китеп окулду: 238
Facebook аркылуу кирүү
Google + аркылуу кирүү
Биздин электрондук китепканага болгону 50 сомго онлайн окурман болуп жазылып бир жылга баардык китепти онлайн окууга мүмкүнчүлүк алып, сайттын мындан аркы өнүгүшүнө салым кошууңуздарды суранабыз...
Бизден окурмандык билет алуу жана жазылуу онлайн электрондук китеп окуу боюнча кененирээк маалыматты --->>> 0700119997 вотсап номеринен алсаңыздар болот.
Китептин мазмуну:
Бул китепчедеги материалдар мындан бир топ жыл мурун Бишкектеги «Журналисттер» коомдук бирикмесинин «Journalist News» гезитинде Жайнак Касымов деген тергеме ат (псевдоним) менен сандан санга жарык көргөн. Азыр ал автор сунуштаган көнүгүүлөр менен толукталып, айрым алымча-кошумчалары менен окурмандын колуна практикалык колдонмо түрүндө тийип отурат.
Колдонмо жогорку окуу жайларынын журналистика факультеттеринин студенттерине, жаңыдан тажрыйба топтоп келаткан кыргыз тилдүү журналисттерге жана жалпы эле тилибиздин өнүгүшүнө кайдыгер карабаган окурмандарга арналат. Анда кыргыз тилдүү журналистиканын стилистикасы, айрым эрежелери боюнча бир катар пайдалуу кеңештер, байкоолор жана тыянактар бар.
Акыркы жылдары кыргыз тилиндеги басылмаларда келегей сүйлөмдөр, түшүнүксүз сөз айкалыштары, ыгы жок салыштыруулар көп кездешип жатканы эч кимге жашыруун эмес. Жазылган материалдардын арасында окурмандар оңой менен кабылдай албай тургандары толтура. Материаларды окуй келгенде көпчүлүк авторлор кыргызча эмес, орусча ой жүгүрткөндөй, башка тилдерден которгондой таасир калтырат.
Кыргыз басылмаларындагы маалыматтар, макалалар көп окулбай жатканына алардын нукура элдик тилден алыстап, окурманды чоочун стиль менен кыйнаганы да себеп болсо керек. Тилекке каршы, журналистикада эле эмес, кыргыз эстрадасында, кыргыз жарнамасында, кыргыз киносунда да мурдагы көркөм өзгөчөлүгүн жоготуп, мурунку муунга өөн учураган кыргыз тили орун алып келатат. «Кат жазды бала атага» деген ыр саптары эле көп нерседен кабар берип турбайбы.
Маалымат менен бөлүшүңүз
Сунушталган китептер
Азыркы учурда сайтта көп окулуп жаткан китептер
-
Каректен аккан көз жаш
Автор: Абилов Р.
ISBN: 978-9967-29-412-7
Жаш жазуучу Рустам Абиловдун "Каректен аккан көз жаш" аттуу туңгуч китебине үч повесть киргизилген. Ар бир чыгарманын каармандары дайыма адамгерчилик…
-
Чоочун киши | 1-китеп | Зуура Сооронбаева
Автор: З. Сооронбаева
ISBN: 978-9967-13-977-0
Романда эки жаш ортосундагы махабат, үй-бүлө маселелери, жашоодогу конфликттер, адамдардын ортосундагы ар кандай мамилелере, айрыкча жаштарга сабак б…
-
Эрте келген турналар - Атадан калган туяк - Чынгыз Айтматов
Автор: Айтматов Ч. Т.
ISBN: 978-9967-26-204-1
«Эрте келген турналар» повесттинде символикалык аталышы айтып тургандай, каардуу согуштун айынан эртелеп эс тарткан жаш өспүрүмдөрдүн башына түшкөн а…
-
Каныбек роман - Касымалы Жантөшев
Автор: Жантөшев Касымалы
ISBN: 5-660-00190-4
"Каныбек" - Касымалы Жантөшевдин эки томдуу тарыхый романы. Романда кыргыз элинин орус империясынын алдындагы жашоо-турмушу, социалдык абалы жана нег…
-
Сынган кылыч - Төлөгөн Касымбеков
Автор: Т. Касымбеков
ISBN: 978-9967-480-26-1
Элге кеңири белгилүү бул тарыхый роман көркөм адабиятка болуп келген катаал чектөөдөн улам цензурадан «өтпөй» калып калган көптөгөн тарыхый болумуш, …
-
Саманчынын жолу - Чыңгыз Айтматов
Автор: Айтматов Ч. Т.
ISBN: 978-9967-00-001-8
Бул китепке залкар жазуучу Ч.Айтматовдун дүйнөнүн 100дөн ашык тилдерине которулган "Саманчынын жолу" повести киргизилди.
Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!