None

Жортуул - Асанбек Стамов | тарыхий повесттерден турган роман

Автор: ,

Рейтинг: 4.5 ☆

Чыгарылган жылы:

Китептин барагы: 320

Форматы: PDF,

Тили: Кыргызча

Жанр : Чыгарма, баян,

Тег: Аңгеме,

Азыркы учурда жеткиликтүү

Жалпы китептин саны: 0

Азыркы учурда: 0

Китеп окулду: 1423


Facebook аркылуу кирүү
Google + аркылуу кирүү
Катталуу

Китептин мазмуну:

АВТОРДОН: 
Кыргыз элинин Орус мамлекетинин көзөмөлүнө өтүү жөнүндөгү алгачкы кадамы 1785-жылга туура келет. Тынай бийдин уулу Атаке баатырдын элчилери жогоруда айтылган жылдын жай мезгилинин башында Чүйдөн чыгып, ошол эле жылдын аяк ченинде Омск шаары аркылуу Петербургга жетишкен. Россия империясынын падышасы Екатерина II эки жылга жакын создуктуруп болсо да, кыргыз элчилерин кабыл алганы тарыхта белгилүү. Атаке баатырдын бүтүндөй кыргыз журтчулугунун атынан жазган. каты азыр деле Ленинград менен Омск шаарларынын архивдеринде сакталуу. Элибиздин Россия бийлигин таанып коюга кылган аракети — учурдагы муктаждыктан келип чыккандыгын эске алуу ылайык.

Ошо кездерде Кокон хандары Эрдана бий менен Нарбото бий жамы кыргызды өздөрүнө багындыруу үчүн далай аракет жасашкан. Жаңыдан эле азаттыкка жеткен кыргыз эли Кокон ханына кул болгусу Келген жок, Рас, ал кез кыргыздардын ата-журтунан жунгар-ойрот баскынчыларын биротоло кууп чыккан учур эле. Ошондуктан өз бетибизче эл катары эркин жашасак деген кыргыздардын тилегине Манжур-Чиндердин Цин династиясынын императору Богдыхан янь-Дун да бөгөт боло баштаган. Баса, Теңир-Тоонун коюн-колтугунан ойроттордун -биротоло куулуп чыгышынан кийин кыргыз, журтчулугуна Цин империясы да көз арта баштаган. Ошого тете, үчүнчү жагынан кыргыз эли казактын султачы Аблай хандын чабуулун да баштан кечиришкен.  Демек, үч тарабынан бөрүчө тытып турган заманда Атаке баатыр Россия мамлекетин адилет деп эсептеп, аны өзүнө жөлөк кылгысы келген.

Сан кыргыз аталган элди кулдуктан сактоонун бирден бир жолу — оруска кол берүүдө экенин илгерки ата-бабаларыбыз ошондо эле ачык түшүнгөн. Бул жерде сөз кыргыздардын орус мамлекетине өз ыктыяры менен кошулуу жөнүндө эмес, подданство тууралуу болуп жатат. Ал доордогу ата-бабалар орус бийлигин таануу дегенди — бөтөн эл менен чогуу опур-топур боло аралаш жашоону түшүнүшкөн эмес. Кыргыз жерине чел-шаар куруп, эли-журтун көчүрүп келишип, бышыкчылыктуу асыл жерлерди ээлеп алуу - орус падышасыныч кийинки саясаты. Андыктан, ыктыярдуу кошулуу  менен бийлик көзөмөлүндө болуу дегендин ортосунда чоң айрыма бар. 
1785-жылы Петербург шаарына жиберилген элчилер Абдракман Кучаков менен Шергазынын айланасында кийинки жылдары далай талаш-тартыш болуп жатканын байкайбыз. Булар кыргыз элинин атынан биринчи жолу падыша сарайына жетишип, Екатерина II менен бетме-бет сүйлөшкөн адамдар. Ошого жараша алар жөнүндө архивде сакталып калган маалыматтар да өтө жупуну, так айтканда караманча аз. Мында жаш тарыхчы Дөөлөт Сапаралиевдин эмгеги арбыйт.

Ал Петербург менен Омск шаарларынын архивдеринде даректи бүт бойдон иликтеп чыкты. Ага карабастан айрым бир орус тарыхтылары бул окуянын тегерегинде өз бетинче эркин ой жүргүзө баштаганына таң каласың. Өзгөчө Абдракман Кучаковду эч кандай документке таянбай туруп эле кээ бир жазылган тарыхый очерктерде ташкенттик өзбек кылып таштаганы кызык. Сыягы, анын аты-жөнү бүгүнкү кездеги өзбектердикине азыраак үндөшүп жатканынан болсо керек. Ал эми ошол мезгилде өзбектер улут катары калыптана`' электигин ким билбейт. Анан Калса, ал уҥурда Ташкент шаары жана анын тегереги бүтүндөй кыргыз менен казакка таандык болчу. Кучаков деген фамилия орус транскрипциясына өткөндө бузулган. Болбосо, эл ичиндеги санжыра менен таржымалдарда ал Күчүк уулу деп аталат.








Маалымат менен бөлүшүңүз






Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!


Сунушталган китептер

Азыркы учурда сайтта көп окулуп жаткан китептер





Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.