8 март, 8-Март, аялдар, эл, аралык, күнү, майрам, куттуктоо, калоо, тилек,

67.21 КБ -

8-март - Аялдардын эл аралык күнү куттуктоо

Урматтуу айымдар, асылзат апалар жана ажарлуу эже-карындаштар!

Жадыраган жазды коштой кирип келген 8-март - Аялдардын эл аралык күнү менен чын дилибизден куттуктабыз! Жашообузду көрккө бөлөп, ар бир үй-бүлөнүн куту болгон аялзатына канчалык урмат көрсөтүп, таазим этсек дагы аздык кылат. Эне мээрими, сабырдуулугу жана айкөлдүгү ар бирибиздин жүрөгүбүздөн жылуу түнөк таап, демибизге дем, күчүбүзгө күч кошуп, шыктандырып турат. Айымдар - биздин сыймыгыбыз, улутубуздун көөнөрбөс кенчи.

Ардактуу асылзат айымдар!

Ушул жадыраган жаз майрамында баардыгыңыздарга чың ден-соолук, бейпил турмуш жана бакыт-таалай каалайбыз! Кыргыздын чыгаан уул-кыздарын эрезеге жеткирип, аруулуктун, сулуулуктун символу болуп жүрө бериӊиздер!

Аялзаты - бул жашоонун булагы,
Аялзаты - үй-бүлөнүн дубалы.
Келбетине эч бир тоскоол боло албайт,
Элүү, алтымыш, сексен, токсон курагы.

 

Сиздерди терең урматтоо менен,

Нарын облустук китепканасынын жамааты.


Жаңылыкты жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!