dam-satuu-zhana-zorduk-zombulukka-karshy-krsh-attuu-dil-bayan-synagynyn-zharyyalajt

157.3 КБ -

“Адам сатуу жана зордук зомбулукка каршы күрөшүү” аттуу дил баян сынагынын жарыялайт

 

Нарын облустук С.Орозбаков атындагы маалыматтык китепканасы жана  КРнын Акыйкатчысынын Нарын облусу боюнча өкүлчүлүгү,  «Теңдеш»   коомдук бирикмеси  менен биргелешкен 10-декабрь Адам укугун коргоонун эл аралык күнүнө, Адам укугунун Жалпы Декларациясынын кабыл алынгандыгынын 75 жылдыгына  карата Нарын шаарындагы мектептердин -9-10-класстарынын окуучуларынын ортосунда

 “Адам сатуу жана зордук зомбулукка каршы күрөшүү”  аттуу  дил баян сынагынын жарыялайт.

Ж О Б О С У

 Сынактын максаты : Жаштардын укуктук маалымдуулугун арттыруу, ар бир инсандын  укуктук көз карашынын калыптанышына, адам сатуу жана зордук зомбулукка каршы күрөшүүгө багыт берүү жана атуулдук активдүүлүгүн жогорулатуу.

Сынактын багыттары:

 1.Коомдогу  адам  укугунун корголушу: анын ичинде  адам сатууга жана зордук-зомбулукка каршы иш аракеттерди жүргүзүүгө карата жаш муундардын ой-толгоосун дил баян  аркылуу билдирүүсү.

2. Жаштардын укук багытындагы ой-чабыты, укуктук билимди турмушта колдоно билүүсү, коомдогу адам укуктарынын бузулушу, адам сатуу жана зордук-зомбулукка кабылган жарандардын көйгөйлөрүн чагылдыруусу.

4.  Дил баян  А4 баракка, 500 сөздөн кем эмес жазылышы керек.

5. Дил баян эки тилде : орус , кыргыз тилдеринде кабыл алынат.

6. Интернеттен, китептен  көчүрүлгөн  дил баяндар  кабыл алынбайт. (Өз оюун так жана маңыздуу билдирүүсү керек)

Сынакты уюштуруу тобу: Нарын облустук С.Орозбаков атындагы маалыматтык китепканасы,  КРнын Акыйкатчысынын Нарын облусу боюнча өкүлчүлүгү жана     «Теңдеш»   коомдук бирикмеси .

Сынактын демөөрчүлөрү: КРнын Акыйкатчысынын Нарын облусу боюнча өкүлчүлүгү жана «Теңдеш»  коомдук бирикмеси, Нарын облустук С.Орозбаков атындагы маалыматтык китепканасы.

                                                  Сынакка катышуучулар.                                                                                                                                                                              

   Нарын шаарындагы бардык орто мектептердин , мектеп лицейлердин - 9-10-классынын окуучулары катыша алышат.

Сынактын мөөнөтү: 2023-жылдын 3-ноябрынан  3-декабрь күнү  саат 17-00гө чейин укуктук  экономикалык  маалымат  борборунда дил баяндар кабыл  алынат. Сынактын  жыйынтыгы   2023-жылы 8-декабрда  саат 14-00дө Нарын облустук С.Орозбаков атындагы маалыматтык китепканасында  “Адам сатуу жана зордук зомбулукка каршы күрөшөлү”   аттуу жыйынтыктоочу иш чарада   чыгарылат.   

Нарын облустук С.Орозбаков атындагы маалыматтык китепканасы .   Бурул Жумагулова атындагы укуктук- экономикалык маалымат     окуу залы

“Адам сатуу жана зордук зомбулукка каршы күрөшүү “      аттуу дил баян сынагынын баалоочу  мүчөлөрү:

Сынактын төрагасы:  Саякбаева Света – “Теңдеш” коомдук бирикмесинин башчысы.

Мүчөлөрү: - Андабеков Нурбек Турдугазиевич -  Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн өкүлү.

Байгабатова Анара- Нарын облустук С.Орозбаков атындагы      маалыматтык китепканасынын директору.

 


Жаңылыкты жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!


Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.