Адамды адам кылган - анын абийири
"Адамды адам кылган — анын абийири.”
— Чыңгыз Айтматов
Нарын облустук С. Орозбаков атындагы облустук китепканасында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгын утурлай “Айтматовду окуйбуз” аттуу акциянын алкагында мазмундуу иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чарага Нарын педагогикалык колледжинин студенттери катышып, жазуучунун өмүр жолу жана чыгармачылыгы тууралуу кеңири маалымат алышты. Программанын жүрүшүндө видео-слайд көрсөтүлүп, Айтматовдун чыгармалары коюлган китеп көргөзмөгө баяндама берилди.
Студенттер чыгармалардан көркөм окууларды окуп, монологдорду аткарышып, улуу жазуучунун мурастары тууралуу өз ойлору менен бөлүшүштү.
Жаңылыкты жүктөгөн: - Омурова Зуура





