None

494.84 КБ -

IT Колледждин студенттери Нарын облустук китепканасында экскурсияда

Бүгүн С.Нааматов атындагы Нарын Мамлекеттик Университетинин алдындагы IT колледжинин ПКС 23 группасынын студенттери Нарын облустук китепканасында экскурсияда болушту.

Китепкананын Манас таануу жана маалымат берүү бөлүмүндө бөлүмдүн иштери жана  китеп базасы ошондой эле музей бөлүмүндө китепканада азыркыга чейин колдонулуп келген аспаптары жөнүндө  маалымат берилди.  Ал Эми Укуктук экономикалык окуу залында уюштурулган китеп фондусу, “Токтом” маалымат базасы,  “Жарандык жана санариптик билим берүү борбору” боюнча маалымат айтылды.

Китепкананын “Балдарды тейлөө” бөлүмүндө балдарга арналган китеп көргөзмөгө баяндама берип кошумча бөлүмдүн иши тууралуу маалымат алышты. Чондорду тейлөө жана абонемент бөлүмүндө студенттер жаны келген адабияттар менен таанышып, бөлүмдө өтүлүп жаткан иш чаралар жөнүндө кенен маалымат алып кайтышты.


Жаңылыкты жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!


Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.