Керектөөчү, өз укугуңду бил!

«Керектөөчү, өз укугуңду бил!»

Нарын облустук С. Орозбаков атындагы китепканасы тарабынан «Керектөөчү, өз укугуңду бил!» аттуу укуктук маалымат берүү иш-чарасы өткөрүлдү.

Иш-чаранын максаты — жаштардын жана коомчулуктун укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, керектөөчүлөрдүн укуктары жана аларды мыйзам чегинде коргоо жолдору тууралуу маалымат берүү болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө керектөөчүлөрдүн негизги укуктары, мыйзамдык коргоо механизмдери жана укук бузулган учурда кайсы мекемелерге кайрылуу керектиги тууралуу түшүндүрмө берилди. Ошондой эле адистер катышуучулар менен пайдалуу кеңештери менен бөлүшүштү.

Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында керектөөчүлөрдүн укуктарына байланышкан китеп көргөзмөсү уюштурулуп, катышуучулар менен суроо-жооп форматында пикир алмашуу болду.

Мындай иш-чаралар жарандардын укуктук маданиятын жогорулатууга жана ар бир керектөөчүнүн өз укугун билүүсүнө жардам берет.


Жаңылыкты жүктөгөн: - Омурова Зуура





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!


Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.