Китептер балдар үчүн ажайып дүйнө ачат
Жарыя! Жарыя! Жарыя!
Урматтуу окурмандар!
Нарын облустук С.Орозбаков атындагы китепканасы 2-апрель Балдар китебинин эл аралык күнүнө карата 2-апрелден 8-апрелге чейин «Китептер балдар үчүн ажайып дүйнө ачат» аталыштагы китеп окуу жумалыгына чакырат.
Сиздер үчүн жумалыктын ар бир күнү кызыктуу:
2-апрель - Белгилүү инсандар менен жолугушуулар
3-апрель - Жомок күнү. Бул куну жомоктордун керемет дүйнөсүнө аралашып кызыктуу саякатка кубо болсуздар
4-апрель - Тамсил күнү. Тамсилдер аркылуу адеп ахлакка, ыймандуулукка багыт алып, жан дүйнөнүздөргө руханий азык аласыздар
5-апрель - Поэзия күнү. Чыгармачыл балдардын акындар менен жолугушуусуна күбө болосуздар
8-апрель – Жумалыкты жыйынтыктоо иш чарасында жергиликтуу балдар жазуучулары менен жолугушуулар, ошондой эле жумалыкка активдүү катышуучуларды сыйлоо аземи.
Балдардын китеп окуусун жайылтууга багытталган балдар адабиятынын жумалыгына активдүү катышууга чакырабыз!
Жаңылыкты жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман