23, февраль, майрам, мекен, коргоо, күнү, чек, арачылар, Кыргызстан

65.36 КБ -

Мекен сакчылары, аскер ардагерлери жана мекендештер

Урматтуу  Мекен сакчылары, аскер ардагерлери жана мекендештер!

Сиздерди 23-февраль Ата-Мекенди коргоочулардын күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

 Элибизде аскердик кызматка илгертеден бери сый жана кадырлуу мамиле болгон. Себеби, элибиз ѳзүнүн бай тарыхында нечендеген жолу сырткы душмандардын кол салуусунан коргонуп келген. Ата Мекенинин эгемендигин жана элинин эркиндигин коргоп жатып, элибиздин улуттук мүнѳзү калыптанып жана курчуган. Биз баарыбыз жеңиш кандай кыйынчылык менен келерин жакшы билебиз. Биздин жоокерлер Улуу Ата Мекендик согуштун каардуу жылдарына туруштук беришти. Афган согушунда интернационалдык милдеттерин бийик ар-намыс менен аткарышты. Баткендеги куралдуу кагылышта эрдиктин чыныгы үлгүсүн көрсөтүштү. Ушунун натыйжасында, Мекенди коргоочунун күнү мамлекетибиздеги жалпы калк майрамдай турган улуттук деңгээлдеги даражага жеткен жана бул күн расмий түрдѳ эс алуу күнү катары бекитилген.

 Бул майрам Мекенге берилип кызмат кылуунун жана мекенди сүйүүнүн Символу болуп саналат.

 Мекенди коргоочулардын күнүн жалпы мамлекеттик масштабда белгилөө жаштарды күчтүү, эрктүү, кайраттуу, патриоттук сезимге тарбиялоонун өрнөгү катары кызмат кылат.

 Жергебиздин бүтүндүгун жана Ата-Мекенибиздин келечегин сактоо биздин эр жүрөк жоокерлердин, намыскөй уул-кыздарыбыздын мекенчил сезимин курчутуп, туруктуулук жана чыдамкайлыктын үлгүсүн көрсөтүүдө.
Ата-Мекенди коргоочу - бул бир гана чеп бетинде турган жоокер эмес, бул - биздин экономикабызга, саламаттык сактоого, билим берүүгө, маданиятыбызга жана идеологиябызга күн сайын эмгеги менен салымын кошуп жаткан ар бир мекенчил атуул.
Майрам күнү жүрөгү Кыргызстан, кыргыз жери деп соккон, жандили менен Мекенине күйгөн ар бир атуулубузга күч-кубат берсин. Урматтуу мекен сакчылары,  сиздерге чың ден-соолук, бакыт-таалай, бейпил жашоо жана бакубат турмуш каалайбыз! Мекенибиз тынч болсун!


Жаңылыкты жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!