None

80.77 КБ -

Нарын педагогикалык колледжинин студенттери экскурсияда

2024-жылдын 11-декабрында Нарын облустук С.Орозбаков атындагы маалыматтык китепканасына К. Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжинин студенттери окутуучусу Абдракунова Мимозанын жетекчилиги астында экскурсияга келишти.

Бул иш-чаранын максаты - студенттердин маданий жана интеллектуалдык деңгээлин жогорулатуу, китепкана менен тааныштыруу жана китепке болгон кызыгуусун арттыруу.

Китепкана кызматкерлери студенттерди китепкананын тарыхы, иштөө тартиби жана ресурстары менен тааныштырып өтүштү. Китепканада сакталган баалуу адабияттар жана жергиликтүү авторлордун эмгектери көрсөтүлдү. Студенттер үчүн "Мен киммин?" аттуу интеллектуалдык оюн ойнотулду. Бул оюн студенттердин билим деңгээлин текшерүү жана алардын логикалык ой-жүгүртүүсүн өнүктүрүү максатында уюштурулду.

Катышуучулар активдүүлүгүн көрсөтүп, кызыктуу жана чыгармачыл жооптору менен өзгөчөлөнүштү. Жеңүүчүлөрө  китепкана тарабынан китеп белекке берилди. Иш-чаранын алкагында жергиликтүү акындардын ырлары көркөм окулду.

Студенттер жана окутуучулар акындардын терең философиялык ой толгоолоруна жана кооз ыр саптарына суктанышты. Экскурсия студенттер үчүн пайдалуу жана кызыктуу болду.

Алар китепкана маданияты менен тереңирээк таанышып, интеллектуалдык жана чыгармачылык жөндөмдөрүн өркүндөтө алышты. Мындай иш-чаралар билим берүү процессин байытып, студенттердин жалпы маданиятын өнүктүрүүдө чоң салым кошот.


Жаңылыкты жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!


Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.