Нарын, облусу, маалымат, китепкана, Нарын шаары,  №7, орто мектеби, 8 класс, окуучулары, мугалим,  Эсенканова, Астра,  экскурсия, манас таануу, манас эпосу,

0.52 МБ -

Нарын шаарындагы №7 орто мектебинин 8 классынын окуучулары экскурсияда

Нарын облустук С.Орозбаков атындагы маалыматтык китепканада  №7 орто мектебинин 8 классынын окуучулары жетектеп келген мугалими  Эсенканова Астра  экскурсияда болушту.

Китепкананын Манас таануу жана маалымат берүү бөлүмүндө КРнын Президентинин жарлыгы менен кабыл алынган, “Инсандын руханий адеп ахлактык жана дене тарбиясы” жөнүндө концепциясынын алкагында Манас эпосун жана кылымдан келе жаткан каада салттарын тереңдеп таанып билүү максатында окуучуларга Манас эпосу жөнүндө суроо - жооп аркылуу  виктариналык оюн ойнотулду.

Укуктук экономикалык окуу залы менен таанышып, китепкананын өнөктөшү меценаты саламаттык сактоонун эмгек сиңирген дарыгери Кайыпбек Кадыралиева тарабынан белекке берилген мотивация берүүчү адабияттарга “Билим байлыкка жол” ачат аттуу слайд баяндама көргөзүлдү.

 Аягында китепкананын баардык бөлүмдөрү менен таанышып китепкана иши тууралуу маалымат алышты.


Жаңылыкты жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!