
Нарын юридикалык факультетинин студенттери экскурсияда
Нарын облустук С.Орозбаков атындагы маалыматтык китепканасынын укуктук-экономикалык окуу залына 19-ноябрь 2024-жылы Нарын шаарындагы Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетине караштуу Нарын филиалынын юридикалык факультетинин 2-курсунун студенттерин мугалимдери жетектеп экскурсияга келишти.
Келген окурмандар укуктук-экономикалык окуу залы ,анын уюшулушу, андагы китеп фондусу, чыгарылган китеп көргөзмөлөр, “Токтом” маалымат базасы, өткөрүлгөн иш чаралар, “Жарандык жана санариптик билим берүү борбору” боюнча маалыматтар берилди. Андан сырткары окуу залга жаңы келген адабияттар боюнча даярдалган “Билим байлыкка жол ачат” аттуу слайд баяндама менен таанышышты.
Жаңылыкты жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман