Таш Башат айылы,  Дүрбөлөң Мамбетов, орто мектебинин окуучулары экскурсияда Нарын облустук китепканада.

128.71 КБ -

Таш Башат айылдык Дүрбөлөң Мамбетов атындагы орто мектебинин окуучулары экскурсияда

Нарын облустук С.Орозбаков атындагы маалыматтык китепканада  Таш Башат айылдык Дүрбөлөң Мамбетов атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучулары,  класс жетекчиси Тагаева Динара экскурсияда болушту.

Китепкананын Манас таануу жана маалымат берүү бөлүмүндө КРнын Президентинин жарлыгы менен кабыл алынган, “Инсандын руханий адеп ахлактык жана дене тарбиясы” жөнүндө концепциясынын  алкагында Манас эпосун жана кылымдан келе жаткан каада салттарын тереңдеп таанып билүү максатында окуучуларга Манас эпосу жөнүндө суроо - жооп аркылуу  викториналык оюн ойнотулуп туура жооп берген окуучуларга китеп белеке берилди.

Ал эми укуктук-экономикалык окуу залында  китеп фондусу,  проектилер менен иштөөдөгү ийгиликтер, “Токтом” маалымат базасы, өткөрүлгөн массалык иш чаралар жана  “Жарандык жана санариптик билим берүү борбору” боюнча  маалыматтар берилди.

Аягында китепкананын баардык бөлүмдөрү менен таанышып китепкана иши тууралуу маалымат алышты.


Жаңылыкты жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!


Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.