китепкана, нарын, окуучулар, балдар, чогу, сүрөт, ата-энелер, манас эпосу

99.48 КБ -

Учкун айылдык Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинин 7-а классынын окуучулары Нарын облустук китепканасында экскурсияда болушту

    Нарын облустук С.Орозбаков атындагы маалыматтык китепканада  Учкун айылдык Эшбай Токсобаев атындагы  орто мектебинин 7-а классынын окуучулары ата-энелери менен,  класс жетекчиси Абдыгазиева Тажыгүл экскурсияда болушту. Китепкананын Манас таануу жана маалымат берүү бөлүмүндө КРнын Президентинин жарлыгы менен кабыл алынган, “Инсандын руханий адеп ахлактык жана дене тарбиясы” жөнүндө концепциясынын  алкагында Манас эпосун жана кылымдан келе жаткан каада салттарын тереңдеп таанып билүү максатында окуучуларга Манас эпосу жөнүндө суроо-жооп аркылуу  виктариналык оюн ойнотулду. Аягында китепкананын баардык бөлүмдөрү менен таанышып китепкана иши тууралуу маалымат алышты.


Жаңылыкты жүктөгөн: - Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!


Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.