Архивдик, кадрдык иштер жана оцифровка бөлүмү
Архивдик иштерди жөнгө салуу менен “КРнын архив фонду жөнүндө” КРнын мыйзамында белгиленген мөөнөттө документтерди туруктуу сактоого даярдап, тийиштүү мамлекеттик архивге өткөрүү иштери жүргүзүү менен китепкананын өздүк архивге кабыл алынган документтердин эсебин жүргүзүп, сакталуусун камсыздоо.
Китепкана кадрларынын кыймылы жана составы жөнүндө статистикалык отчетторду анализдөө, түзүү, кадрлардын эсебин уюштуруу менен “Е” кызматына болгон маалыматтар түшүрүү жана номенклатуралык кызматында турган кызматкерлердин өздүк делолоруна кадрлардын иши боюнча кыймылдарын оз убагында түшүрүү. Өздүк делолорун жана эмгек китепчелерин так жүргүзүлүшү менен алардын сакталышы өз убагында камсыз кылуу.
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы “Инсандын руханий-адеп ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү” жарлыгынын алкагында 2021-2026-жылдарга “Тарыхый мурастарды сактоо”, “Улуттук нарк”, “Кыргыз жараны” аттуу концепцияларды ишке ашыруу максатында электрондук маалыматтык ресурстарды түзүү менен маалыматташтыруу кылымында пайдалануучуларды жаңы моделде тейлөө максатында иш жургузуп келет.Башка электрондук маалымат базалары менен маалымат алмашуу жана анын ичинде интернетке neb.kg сайтына крайлык маалыматтарды жүктөө.