Нарын шаарындагы “Пери” чакан кондитердик ишканасы - Ишкерликтен ийгиликке карай багыт алган айым

 Саламатсыздарбы урматтуу бүгүнкү иш чаранын катышуучулары!  Сиздер менен бүгүн шаарыбыздагы  жаш ишкерлердин бири, “Пери” кондитердик  чакан ишканасынын жетекчиси Чекирова Гүлзада Арзыбековна менен “Ишкерликтен ийгиликке карай багыт алган айым” аттуу жолугушуу кечебизге куш келипсиздер!

            Бүгүнкү иш чарага шаарыбыздагы  №87 Мырзабеков атындагы  лицейинин кондитердик тармагында окуган студенттери, мугалимдери жана китепкана кызматкерлери катышып олтурушат.

«Пери» кондитердик чакан  ишканасынын жетекчиси Чекирова Гүлзада Арзыбековна  1981-жылы Нарын шаарында туулган.1998-жылы №5 Кычан Жакыпов атындагы орто мектебин аяктаган. Андан соң   Нарын мамлекеттик университетинин башталгыч классынын мугалими деген адистигине ээ болгон.

            Алгачкы эмгек жолун 2004-жылы Нарын шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын  кадрлар боюнча инспектору болуп иштөөдөн баштаган.

 2014-жылы бир туугандар жеке бизнеске өтүү максатында  эки сиңдиси менен биригип “Пери” аттуу чакан  кондитердик ишкананы ачышкан. Азыркы учурда ишканада түрдүү таттуу токочтордун 15 түрү, торттун 2 түрү чыгарылат. Чыгарылган таттуу азыктарын Нарын шаарындагы магазиндерге таратышат жана жеке кардарлардын суроо талаптары боюнча  да туулган күндөрго, юбилейлик тойлорго түрдүү кооздукта  жасап тейлеп келишет.

 Бишкектеги  ЕДЖОО  кондитердик азыктарды берүүчү фирмасы менен кызматташып, ал  аркылуу керектүү кошулмаларды алып, көп жылдар бою өнөктөштүктө иш алып барышууда. 2023- жылы көп жылдык кызматташкандыгы үчүн  ЕДЖОО фирмасынын ыраазычылык каты жана кызыктыруучу сыйлыктары менен сыйланган.

“Пери” кондитердик чакан  ишканасында  3  киши иштейт. Нарын шаарынын калкын пряник, кекс,коржик,шарлотка, рогалик жана бал торту жана бисквит тортторун чыгарышат.

 Анда азыр Гүлзада айымдын чакан ишканасынан тартылган слайдка көңүл бөлсөк.  Үй-бүлөлүк бизнестин өзгөчө жагы  таттуу азыктары өздөрү жасап, кайра өздөрү саткандыгында. Азыр сиздерге тортту кооздоо боюнча мастер классын көрсөтүп берсин.

Гүлзада айым дайыма изденүүнүн үстүндө. Компьютерди окуп, онлайн товарларга заказ бергенди үйрөнүп, дагы да кандай ишкерликтин түрүн ишке ашырсам деп көпкө изденет.

 Замандын агымына жараша дагы да болсо изденүү менен  ишкерликтин дагы башка жактарын ойлонуп, соц тармак боюнча соода кылууну ойлонот. Онлайн түрүндө товар заказ кылып сатууну ишке ашырат.  Азыркы учурда  инстограмм аркылуу “архидея” гүл саткан онлайн магазин  ачып,   соода жүргүзөт. Гүлдүн үй шартында өстүрүлүүчү  түрүн сатат. Бул дагы үй бүлөлүк бизнес болуп эсептелет. Гүлзада айым балдарына да жумуш бөлүштүрүп,башка мамлекеттин товарларына заказ кылууну, кантип төлөө иштерин жүргүзүүнү  үйрөтүп,  келечекте ийгиликтүү айым, ийгиликтүү мырзалардан болууга салымын кошуп, аракеттенүүдө.

            “Бир нерсеге жетиш үчүн башка бирөөсүнөн баш тартууга туура келет”- деп айтылгандай Гулзада айым мамлекеттик жумушту таштап жеке ишкерчиликке баш оту менен кирип талыкпай эмгектенип келет. Ар бир  кыйынчылыкта мүмкүнчүлүк катылып тургандыгын көрө билген айым өзүнүн талыкпаган эмгеги жана эркинин күчтүүлүгү, максаттарды туура коё билгендиги, түрдүү тоскоолдуктарга туруштук берип, алдыга умтулуунун аркасында ийгиликтерге жетишүүдө.Мына ушундай сапаттарды сиздерге да каалайт элем урматтуу студенттер. Сиздердин келечегиңиздер алдыда.

            Кээ бир досторуңар менен куру бекер кеп кургуча, өзүңүздөргө пайдалуу болгон китепти көп окуп, билим куржунун толтургула. Келечекте ийгиликтүү инсан болууга болууга умтулгула, аракеттенгиле, талыкпастан эмгектенгиле.

            Бир мекендешибиз айткан экен: “Мен кыйынчылыктан коркпойм, карыганда дөөлөтү жок калгандан корком. Күчүң барда эмгек кылышың керек, иштеген уят эмес, тескерисинче, ата-энеңдин мойнунда отурган уят”-деп айтылат. Мына ошондуктан замандаштар ар бир жасап жаткан ишиңди талдай билсең – ийгиликке карай кадам таштаганың болуп эсептелет. “Байлык – бакыт эмес,  билим – бакыт экенин эсиңиздерден чыгарбаңыздар. Сиздерге ар дайым бакытты, ийгиликти, талбаган эмгекти каалайм!

Иш чараны өткөргөн: Жунусалиева Ж., Бабаканова С..


Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!