1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнү!
Нарын районундагы Чет-Нура аймагына караштуу Орто-Саз айылында “Бала жылмайса аалам жылмаят” аттуу адабий музыкалык кече болуп өттү.Иш чарада Нарын Райондук Мамлекеттик Администрациясынын башчысынын орун басары: Жанболотова Эльвира Бегалиевна, Нарын райондук маданият бөлүмүнүн башкы адиси: Өмүралиев Бакыт, Э.Ибраев атындагы борбордук китепкананын директору: Алакунова Шааныкул Үмөтовна жана айыл аймактардан келген китепканачылар катышышты.Майрамдык иш чара Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгынын негизинде “Унгужолун” даңазалаган кыргыздын каада салттарынын бири “Тушо кесүү” салты менен башталды ошондой эле “Гулназик” бала-бакчасынын тарбиялануучулары катышып жакшы маанай тартуулашты.Кыргыз комузунун баалуулугун даңазалаган комузчулар күү чертишти.Нарын Райондук Мамлекеттик Администрациясы тарабынан балдарга чакан белектер берилди.Иш чараны Орто-Саз айылдык китепкананын китепканачысы Кулмамбетова Айнагул,Чет-Нура айылдык китепкананын китепканачысыТурдубаев Нурлан,Орто-Нура айылдык китепкананын китепканачысы Карагулова Айгерим,Ийри-Суу айылдык китепкананын китепканачысы Орозалиева Ира иш чараны жогорку денгээлде уюштурулуп өтүлдү.