None

127.76 КБ -

12-декабрь - Улуттук Адабият күнү

12-ДЕКАБРЬ — УЛУТТУК АДАБИЯТ КҮНҮ!

Бүгүн Улуттук адабият күнүнө карата “Адабият айдыңындагы залкарлар” аталышындагы таасирдүү жана мазмундуу адабий иш-чара Нарын облустук С. Орозбаков атындагы китепкана тарабынан, Нарын райондук Э. Ибраев атындагы китепканасы жана Нарын шаардык, Нарын райондук маданият бөлүмдөрү менен биргеликте өткөрүлдү.

✨ Иш-чаранын жүрүшүндө:

“Улуттук адабият - кеменгер сөздүн деңизи” аттуу китеп көргөзмө тааныштырылып, окурмандардын назарын улуттук сөз мурастын тереңдигине бурган маалыматтар берилди.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Жамийла» повестинен үзүндү маданият кызматкерлери тарабынан сахналаштырылып, тунук сүйүүнүн улуу күчү, адам тагдырларынын татаалдыгы жана Ата-Мекенге болгон чексиз сүйүү көркөм образдар аркылуу көрсөтүлдү.

Кыргыз поэзиясынын күн нурундай таза дүйнөсүн жараткан Алыкул Осмоновдун ырлары, поэмалары жана котормолорунан китепкана кызматкерлери көркөм окууларды тартуулап, катышуучулардын жүрөгүнө жылуулук кошту.

Бул күн - улуттук адабиятыбыздын тарыхын, залкар калемгерлердин мурасын даңазалаган, руханий баалуулуктарды кайрадан ойго салган өзгөчө майрам болду. Катышкан ар бир конокту руханий байлыкка бөлөгөн иш-чара көңүлдө көпкө чейин калары шексиз.

📚 Улуттук адабиятыбызды бирге даңктайлы!

Кыргыз сөзүнүн күчү - биздин күчүбүз! 🇰🇬✨


Омурова Зуура





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!



Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.