12- декабрь Улуттук адабият күнүнө карата “Ала-Тоодон ааламга үн салган Айтматов” аталыштагы “Окурман троллейбуста” иш чарасы

КРнын  Президентинин инсандын руханий - адеп- ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө жарлыгынын алкагында, 12- декабрь Улуттук адабият күнүнө карата “Ала-Тоодон ааламга үн салган Айтматов” аталыштагы  “Окурман  троллейбуста” иш чарасы болуп өттү. Жүрүшүндө Нарын облустук С.Орозбаков атындагы китепканасынын жана Нарын шаардык маданият бөлүмүнүн  кызматкерлери жүргүнчүлөргө залкар жазуучу Ч.Айтматовду  дащазалаган акын жазуучулардын жана  поэзиянын чолпон жылдызы А.Осмоновдун чыгармаларынан көркөм окуп, обондуу ырларынан аткарып беришти.  Көркөм окуп жана берилген суроолорго жооп берген жүргүнчүлөргө китепкана тарабынан китеп белекке берилди.

Жагымдуу маанай тартуулаган китепкана жана  маданият кызматкерлерине жүргүнчүлөр ыраазычылык билдиришти.


Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!