2-апрель Балдар китебинин Эл аралык күнүнө карата “Китеп адамды канаттуу кылат” аталышта дил маек

    2-апрель Балдар китебинин Эл аралык күнүнө карата Нарын облустук С. Орозбаков атындагы китепканасында жумалыктын ачылыш алкагында “Китеп адамды канаттуу кылат” дил маек болуп өттү.
     Дил маек Нарын шаарындагы орто мектептин окуучулары менен Нарын шаарынын мэри Тутуев Канболот Мусаевичтин ортосунда суроо жооп менен коштолду. Окуучулар калаа башчыбыздан өздөрүн кызыктырган ар тараптуу суроолорго жоопторду ала алышты.
     Китеп окуган кишинин дили таза болот эмеспи. Дили, жан дүйнөсү таза адамдын жашоосу максаттуу, ыраттуу, ырахаттуу өтөөрү эч күмөнсүз. Китепкөй инсан Канболот Мусаевичтин балдарга берген жооптору жана нускалуу кептери биздин жаш муундарды кайдыгер калтырган жок.
Дил маектин соңунда калаа башчыдан окурмандарга белектер тартууланды.


Болотбек уулу Аман





Маалымат менен бөлүшүңүз



Комментарий калтыруу үчүн катталыңыз!



Доступ запрещен. Пожалуйста, войдите в систему для выполнения этого действия.